Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:48

Иран: Аятолла кызматтан алынышы мүмкүнбү?


Айрым эксперттер Ирандагы быйылкы шайлоо чатагы аятолла Али Хаменини кызматтан алып тынат болуу керек деп болжолдошот.
Айрым эксперттер Ирандагы быйылкы шайлоо чатагы аятолла Али Хаменини кызматтан алып тынат болуу керек деп болжолдошот.

Соңку бир жарым апта ичинде кечээки шейшемби Тегеранда биринчи ирет тынч өттү. Шаардын көчөлөрүн полиция жана өкмөтчүл "Басиж" тобу күндүр-түндүр күзөткө алып, оппозициянын тарапкерлерине нааразылык митингдерин өткөргөнгө мүмкүндүк берген жок. Бийликтер шайлоодо утулган талапкер Мусавиге караштуу гезиттин 25 кызматкерин камашты. Бул учурда айрым булактар аятолла өзү кызматтан алынышы ыктымал деп болжолдоп жатышат.

Kalameh Sabz гезитин оппозициялык талапкер Мир Хоссейн Мусави шайлоо өнөктүгү башталганда ачкан эле. 12-июндан кийин басылма жабылган, мындан эки күн мурда полиция гезиттин 25 кызматкерин түз эле редакциядан кармап кетип, камап салды. Аларга эч кандай күнөө тагылган жок, шейшемби күнү алардан беш аял – негизинен техникалык кызматкерлер бошотулду. Журналисттердин баары түрмөдө отурат.

Буга катарлаш Ирандын мамлекеттик телеканалдары өткөн аптадагы тополоң маалында камалган 450дөн ашуун кишинин айрымдары өз каталыгын моюнга алып, бийликтерден кечирим сураган учурларын дембе-дем көрсөтө башташты. "Жаңылгандардын" баары "Америка абазы" радиосу менен Би-Би-Синин "тукуругуна кирип, ээнбаштыкка барышканын" моюнга алышууда. Бирок алардын баары эмне үчүндүр аты-жөнүн аташпай, бети-башын жаап алышкан.

Муну коштоп,ырасмий мекемелер "Ирандын ички иштерине кийлигишкени үчүн" Батыш менен басташкан аракеттерин күчөттү. Тегеран Лондондон өз элчисин чакыртып алмай болду жана британдык эки дипломатка өлкөдөн чыгып кетүүнү талап кылган нота тапшырды. Өз кезегинде британ өкмөтү да ирандык эки дипломатты Лондондон кууп чыгууну чечти.

Иран өкмөтү мындан тышкары Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мундун эки күн мурдагы билдирүүсүн кескин сынга алып,аны "суверендүү өлкөнүн ички иштерине киришип жатканы" үчүн айыптады. Ушундай эле мааниде Тегеран Евросоюз өлкөлөрүнө да доомат-док койду.

Нобел тынчтык сыйлыгынын ээси,белгилүү укук коргоочу Ширин Эбади "өлкөдө зобун-зомбулук улантылып жатканын" айтып, "Тегеран бийликтери муну токтотуп, кайта шайлоо өткөрмөйүнчө европа өлкөлөрүнө Иран менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнүн, өкмөт өкүлдөрү менен жолугушуунун эч кандай зарылдыгы жоктугун" эскертти.

Еврокомиссар Бенита Ферреро-Валднер иран өкмөтүнүн айыптарын четке какты жана еврошаркет бар болгону башка бардык өлкөлөрдөй эле Иранда да демократиялык түпкү эрежелер сакталышына гана кызыкдар экенин билдирди.

Түпкү эрежелер маселеси иран коомунун өзүндө да козголо баштады. Өкмөттү быйылкы шайлоодо исламдын эң ыйык жобосун бузду, өз калкын алдады деп айыптагандар диний элита арасында деле аз эмес. Дал ушул жагдай аятоллалар ортосуна чоң от жаккан окшойт.

Улуу аятолла Али Хомейни негиздеген мусулман демократиясында - "ислам элдик башкаруу системасында" жогорку рахбар "такылет" мөөнөткө шайланат жана ал бардык жагынан кынтыксыз, жубардай тунук болушу керек. Азыркы аятолла болсо шайлоодо озунуп Ахмединежадды "жеңүүчү" кылып жарыялап жиберип, өтө осол абалда калды.

Көзөмөл кеңеши кайта шайлоо өткөрүү талабын четке какканы менен добуш берүү учурунда 50 шаарда бүллүтөндөр шайлоочулардын реалдуу санынан көп болуп чыкканын моюнга алды. Мындан тышкары шайлоонун жыйынтыктарын эксперттер кеңеши колдогон жок. Бу кеңешке конституция жогорку диний лидерди кызматка шайлап, кызматтан алганга укук берген. Аны экс-президент Хошеми Рафсанжани жетектейт.

Реформисттердин Rooyeh сайтында Рафсанжани шейиттердин ыйык шаары Кумда абройлуу диний эксперттер менен кеңеш куруп, аятолланы кызматтан алуу маселесин талкуулаганы айтылат. Атүгүл буга жалпы шейиттердин лидери - улуу аятолла Али ал-Систани макул болгон имиш дешет. Бул тууралуу Eurasianet интернет басылмасы, россиялык РИА "Новости" агенттиги жана башка булактар кабарлады. "Ал-Арабия" телеканалынын сайты да Эксперттер жыйыны менен Сакчылар кеңеши Хаменеини кызматтан четтетүүнү макулдашканын маалымдады.

Ушул жана башка каңшаар-кайбаттарды комментариялап,айрым байкоочулар Иранда башкаруучу диний элита рахбардын өзүн саясий "курмандыкка" чалып болсо да өлкөдө аятоллалар режимин сактап калууну чечкен өңдөнөт деп болжолдошот.

XS
SM
MD
LG