Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:21

Иран жетекчилиги Батышка же "бар" дейт, же "жок" дейт


Президент Ахмадинежад Иран уранда байытылган ураны бар экенин жарылоодо. Мешхед,11-апрель 2006-ж.
Президент Ахмадинежад Иран уранда байытылган ураны бар экенин жарылоодо. Мешхед,11-апрель 2006-ж.

Иран жарды байытылган уранды БУУ сунушу боюнча чет өлкөгө кошумча байытууга жөнөтүүгө макул болушу мүмкүн. Бул жөнүндө Ирандын Тышкы иштер министрлиги дүйшөмбү күнү билдирди.

Бирок, министр Манучер Моттакинин сөзүнчө, Тегеран бул боюнча өз чечимин жакынкы күндөрү айтат. Бул, айрым серепчилердин

Ахмадинежаддын өкмөтү жана Иранды жетектөөчү чөйрө чындап эле Батыш менен араздашууну токтотууга кызыкдарбы?

пикиринче, оболу Улуттар Уюму Иранга каршы санкциясын алып салсын дегенге тете кеп. Санкция Иранга ядролук отунду импортоого тыйуу салат.

Исфахан дубанындагы жаңы ачылган уранды байытуучу ишкана. 9-апрель 2009-ж.
Атомдук энергия боюнча эларалык агенттик, кыскача, МАГАТЭ өткөн жумада жасаган сунушта Иран жарды байытылган уран корунун 75 процентин чет өлкөгө кошумча байытууга жөнөтүүгө милдеттендирилет.

Ирандын тышкы иштер министри Манучер Моттаки дүйшөмбү күнү билдиргенге караганда, Тегеран уранын тыш өлкөдө байытууга макул болобу же байытылган уранды сырттан сатып алганды оң табабы, анысын чукулку күндөрү чечет.

Эскерте кетчү жагдай: Улуттар Уюму 2006-жылы кабыл алган санкция Иранга тыш өлкөлөрдөн ядролук материалдарды сатып алууга уруксат бербейт.

Расул Нафизи - Кошмо Штаттардагы Страйер (Strayer) университетинин профессору. Илимпоз Иран жетекчилиги ядролук программасына байланыштуу Батыш менен жүрүп жаткан талашты жөндөөгө кызыкдар экенине ишене бербейт:

- Махмуд Ахмадинежаддын өкмөтү жана Иранды жетектөөчү чөйрө чындап эле Батыш менен араздашууну токтотууга кызыкдарбы? Алар тирешүүнү басаңдатууну өз бийлигин сактоонун жана элди басынтуунун куралы катары пайдаланбайбы?

Профессор Нафизини мындай пикирге Тегерандын башта макулдашылгандай 23-октябрда МАГАТЭ сунуш кылган келишимге кол койбой койуусу түрткөн. Ошондон кийин береги келишим боюнча Иран жетекчилигинде биримдик жок экен деген кеп-сөздөр пайда болду. Ырас эле, өткөн аптада Иран парламентинин таасирлүү төрагасы Али Ларижани жарды уранды Россия жана Францияда байытуу планын сындады.

Парламенттин Улуттук коопсуздук жана тышкы саясат комитетинин башчысы Аладин Боружерди да жарды уранды чет өлкөгө аз-аздан бөлүп-бөлүп жиберүүгө чакырды. Ыңкылапчыл гвардиячыр коропусунун мурдакы командири Мохсен
МАГАТЭнин инспекторлору Иранда. 25-октябрь 2009-ж.
Резаи болсо Батыш менен келишим түзгөн учурда деле “1100 кило жарды уранды” кол тийгизбей сактоону сунуш этти.

Иран өкмөтү ядролук программасы боюнча Батыш менен жакында болгон сүйлөшүүнү чоң ийгилик деп шарданалоодо. Тегерандын мындай маанайына дүйшөмбү күнү Тегеранга сапарга келген Түркиянын өкмөт башчысы да май тамызды. Режеп Тайып Эрдоган британдардын “Гардиан” гезитине айтышынча, Батыш Ирандын өзөктүк ишмердүүлүгүнө калыс мамиле кылбай жатат.

Деген менен, Ирандын БУУдагы мурдакы элчиси Мансур Фархангдын байкашынча, Тегерандын эларалык позициясы эч качан азыркыдай начар болгон эмес. Ошон үчүн, экс-дипломаттын айтышынча, Батыш менен сүйлөшүүдө Иранда кол көтөрүп берүүдөн башка аргасы жок:

- Өкмөттүк жана башка өкмөт көзөмөлдөгөн мекемелер ядролук кризистеги кыска мөөнөттүк ийгиликти Ирандын чоң жетишкендиги катары көрсөтүүгө аракеттенишет. Алар минтип жатып өлкө ичинде өкмөттү мыйзамсыздыкка алып барышы этимал.

Мансур Фарханг азыр АКШнын Беннингтон университетинин профессору.

Ушу тапта БУУнун инспекторлору Ирандын Кум шаарынын жанындагы уранды байытуучу ишканасын текшерип жүрөт. Текшерүү уран ишканада тынчтык максатында колдонуу үчүн гана байытылып жатканын тастыкташы керек.

XS
SM
MD
LG