Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 31-март, 2020 Бишкек убактысы 19:18

Ирандын Межлисине шайлоо өтүп жатат


Бул жолку шайлоодо Сакчылар кеңеши реформачыл талапкерлердин көбүн каттабай койду.

Иранда 21-февралда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Межлистеги 290 орун үчүн жети миңден ашуун адам ат салышууда. 

Иранда парламенттин алдындагы 12 адамдан куралган Сакчылар кеңеши тогуз миңдей талапкерди каттабай койгон. Ошондуктан жарыштан реформачыл, байистүү талапкерлердин көбү четтеп калган. Алардын арасында буга чейин депутат болгон 90 адам да бар.

Ушундан улам парламент бул жолу ашынган эскичил көз караштагы жана консерватор депутаттардан куралганы калды.

Шайлоону утурлай Ирандын бийлиги жарандарды добуш берүүгө жандуу катышууга бир канча ирет үндөгөн эле. Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи өлкө күчтүү парламентке муктаж экенин айткан. Хаменеи добуш бергени келгенде шайлоонун маанилүү экенин белгиледи:

Али Хаменеи.
Али Хаменеи.

«Биз буга чейин «добуш берүү - бул диний милдет» деп айтып келгенбиз. Шайлоо Ирандын улуттук кызыкчылыгына кепилдик берет. Өлкөнүн кызыкчылыгына ишенген ар бир жаран добуш берүүгө катышат».

АКШ Ирандагы парламенттик шайлоону утурлай Сакчылар кеңешинин катчысы баштаган беш мүчөсүнө санкция салды. Мамлекеттик департаменттин Иран боюнча өкүлү Брайан Хук талапкерлерди четтетүү менен «Иран эли эркин жана калыс шайлоо» укугунан ажыратылганын айтты:

«Бүгүнкү күндө Трамптын администрациясы Иран режимин жоопкерчиликке тартыш үчүн чара көрүп жатат. Мен бүгүн Кошмо Штаттар Ирандын жогорку бийлигиндеги беш аткаминерге санкция киргизгенин жарыялайм».

Иранда шайлоочулардын жалпы саны 57 миллион адамдан ашат. Депутаттар төрт жылдык мөөнөткө шайланат жана канча жолу шайлана аларына чек коюлган эмес.

Бул шайлоо байистүү саясатчы деп сыпатталган президент Хасан Роухани үчүн чоң сыноо катары каралып жатат. Ал АКШ Иранга каршы санкцияларын калыбына келтиргенден бери өлкөнүн экономикалык маселелерин жөнгө сала албай келет.

Бир катар эксперттер өлкөнүн экономикалык абалына байланыштуу коомчулукта нааразылык көбөйгөнүн белгилешет. Ошондой эле шайлоонун ачык-айкын өтөрүнөн күмөн санагандардын айынан добуш берүү солгун болушу ыктымал деген пикирлер да бар.

Былтыр ноябрь айынын ортосунан баштап Ирандын жүздөн ашык шаар-кыштактарында нааразылык акциялары өткөн. Ага өкмөттүн бензиндин баасын алда канча жогорулаткан, күйүүчү майды сатууну чектеген чечими негиз болгон. Полиция демонстранттарды кууп тараткан жана тоз-тополоңдо ондогон киши ажал тапкан.

Өлкөдөгү жагдайга быйыл жыл башында таасирлүү генерал Кассем Сулеймани Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамптын буйругу менен Багдадда өлтүрүлгөнү жана ирандык аскерлер 176 жүргүнчүсү бар украин учагын кокусунун атып түшүргөнү да кошул-ташыл болгон. Буга байланыштуу да өлкөдө нааразылык акциялары өткөн.

Бул жолку шайлоо Тегеран менен Вашингтондун мамилеси курчуп турган убакка туш келди. 2015-жылы Иран дүйнөнүн алты ири өлкөсү (АКШ, Орусия, Кытай, Улуу Британия, Франция жана Германия) менен «өзөктүк келишим» деп аталган келишим түзгөн эле. АКШ эки жыл мурун ал келишимден чыгып кеткен. Андан соң Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизген. Буга жооп иретинде Иран келишимдин айрым шарттарын аткаруудан баш тарткан. Вашингтон менен Тегерандын мамилеси ошондон бери чыңалып турат.

Иранда 2016-жылдагы парламенттик шайлоодо реформачыл талапкерлер менен консерваторлор 290 орундун 40% ашык бөлүгүн жеңип алышкан. Ашынган эскичил көз карашты кармангандар 29%, ал эми көз каранды эмес талапкерлер 28% түзгөн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG