Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:20

Британиянын Ирак согушуна катышуу жүйөсү иликтенет


АКШнын республикачыл президенти Жорж Буш жана Британиянын премьер-министри Тони Блэр. 26-май 2006-жыл.
АКШнын республикачыл президенти Жорж Буш жана Британиянын премьер-министри Тони Блэр. 26-май 2006-жыл.

Британиянын Иракка каршы согушка катышуу себебин көзкарандысыз комиссия иликтейт. Премьер-министр Гордон Браундун Өкүлдөр палатасына айтышынча, атайын түзүлгөн комитет 2003-жылдан берки Ирактагы согушка катышып кетирилген жаңылыштыктарды бир жылда изилдеп чыгат. Оппозиция өкмөттүн изилдөөнү жабык талкуулоо жөнүндөгү чечимин маалыматты элден жаап-жашыруу аракети деп сындады.

АКШнын жакын союздашы Британия 2003-жылы мартта Ирактын президенти Саддам Хусейндин режимин кулатууга 45 миң аскер жөнөткөн. Ал кездеги премьер-министр Тони Блэр согушка катышуунун зарылдыгын Саддамда массалык кыргын салчу куралы бар, Ирак 45 мүнөттүн ичинде Британияны андай куралы менен атышы этимал деп негиздеген. Бирок Иракта эч кандай алаамат курал
"Бул иликтөө маанилүү. Анын сабагы биздин демократияны, дипломатияны жана куралдуу күчтөрүбүздү кубаттуу кылат."
Премьер-министр Гордон Браун.
табылган эмес.

Иракка басып кирүүнү “тышкы саясаттагы чоң катачылык” деген Британ оппозициясы өлкөнүн согушка катышуу себебин иликтөөнү алты жылдан бери талап кылып жүргөн.

Эми келип гана иликтөө эмне үчүн керек болуп калганын премьер-министр Гордон Браун дүйшөмбү күнү
Премьер-министр Гордон Браун. 25-март 2009-жыл.
Парламенттин төмөнкү палатасына мындайча түшүндүрдү:

-Бул иликтөө маанилүү. Анын сабагы биздин демократияны, дипломатияны жана куралдуу күчтөрүбүздү кубаттуу кылат. Иликтөө, белгилей кетем, өкмөттөн толук көзкарандысыз болот жана мурда эбегейсиз масштабды камтыйт.

Браундун сөзүнчө атайын түзүлгөн комитет 1 жылдын ичинде да изилдөөсүн бүткөрүп, бир да документ изилденбей, бир да британиялык күбө суралбай калбайт. Бирок анын негизинде эч ким жоопко тартылбайт. Иликтөөнүн Британиянын коопсуздугуна тиешелүү бөлүгү ачыкка чыгарылбайт, деп эскертти Браун:

-Комитет өз изилдөөсүн мүмкүн болгончо толук жарыялайт. Анын жыйынтыгы Өкүлдөр жана Лорддор палаталарында талкууланат; Бул талкуулардан, ошондой эле иликтөөдөн Ирак кандай сабак бергенин толук жаза алабыз.

Оппозициядагы Либерал-демократтык партиянын лидери Ник Клэг 2003-жылдан берки аралыкты камтычу иликтөө коомчулуктан жашыруун талкуулана турганына нааразы экенин билдирди. Ал эми консервативдүү оппозициянын башчысы Дэвид Кэмерон эмне жаңылыштык кетирилсе, ал жөнүндө ар бир жаран билүүгө тийиш деп санайт.

Оппозиция бийликтеги Жумушчулар партиясын тышкы саясаттагы каталарын жаап-жашыруу максатында иликтөөнүн жыйынтыгын келерки июнда болчу парламенттик шайлоодон кийин жарыяламак болду деп да күнөөлөдү.

Маалыматтарга караганда, мурдакы премьер-министр Тони Блэр күбө ирети чакырылса, көрсөтмө берүүгө макулмун деген.

XS
SM
MD
LG