Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:18

Жүрөгү "Мекен" деп соккон америкалык украин


Роман Купчинский.
Роман Купчинский.

Шаршемби күнү Прагада “Азаттык” радиосунун Украин кызматынын 1990-2002-жылдардагы директору Роман Купчинскийди эскерүү зыяпаты өттү.

Роман Купчинскинин тогуздугуна арналган зыяпат 27-январда Прагадагы Ыйык Клемент атындагы украин католик чиркөөсүндө өттү. Чыгыш христиандарынын салты боюнча маркум көз жумгандан тогуз күндөн кийин тогуз периште Кудайга барып, анын күнөөлөрүн кечүүнү сурайт экен. Ошон үчүн маркум көз жумгандын тогузунчу күнү чиркөөдө аны эскерүү ибадаты өткөрүлөт.Украинадагы демократияга үчүн жанын аябай күрөшкөн Купчинский 19-январда Вашингтондо 65 жаш курагында катуу ооруудан көз жумган.

Шекспирдин Фалстафына кылык жоругу, мүнөзү жана жүрүм-туруму жагынан окшоп кеткен Купчинский кең далылуу, салык курсак, тамашакөй адам эле. Эки ай мурда “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Вашингтондогу кеңсесинде болгон талкууда адатынча тамашага салып, салабаттуу отуруп мындай деген:

- Өткөн түнү жаман кабар эшиттим. Менин НАТО өтүү арызымды четке кагышты. Муну менен арызымды төртүнчү жолу артка кайтарышты. Мага каршы кутум уюштурулуп жаткан окшойт деп ойлой баштадым. Дүйнөлүк банк да кредит жөнүндөгү өтүнүчүмдү канаатандырбады. Менин маанайым өчкөнүнөн эми кабардар болдуңар. Ошентсе да мен НАТО кабыл албады деп, жанымды кыйбайм. Өз планым үчүн күрөшөм.

Роман Купчинский Украина менен Россиядагы окуяларды жана Чыгыш-Батыш ортосундагы ажырымдын себептерин терең казып изилдеген журналисттердин бири эле.

“Азаттыктын” жетекчилеринин бири, Купчинскийдин жакын санаалашы Мардо Согхомдун сөзүнчө:

- Купчинский жемсөөлүктү, саясый жутумчулукту, бийликтин түрдүү мытайымдыктарын ашкерелөөдө өз өлкөсүнө эбегейсиз таасир этти. Ал көшөгө артындагы окуяларды, элитанын саясый-экономикалык жемсөөлүгүн иликтеп, адамдарга айтып бере алганына аябай кубанып калчу.

Журналисттин Украинанын газ компаниясындагы жемсөөлүк жөнүндө сайтка чыккан материалы жөнүндө “Азаттык” радиосунун Украин кызматынын мүдүрү Ирина Халупа муну айтып берди:

- Бул материал сайтка чыккандан эки аптадан соң газ агенттигинин башчысы кызматынан кетти. Ал атүгүл “аны эркиндиктин шамалы” чалып жыкканына ишаара кылган.

“Азаттык” радиосунун мурдакы директору С. Е. Уимбуштун айтышынча, Купчинский 1989-жылы Украин кызматынын башчылыгына арыз бергенде, атайын билими жөнүндө “Армиянын атайын күчтөрүнүн мектебин бүткөм” жана “аялым балдар психологу” деп жазган. “Муну мыкты резюме деп таап, Купчинский директорлукка тандалган”, деп эскерет Уимбуш.

Маалымат: Роман Купчинский 1944-жылы Венада туулган жана ата-энеси менен чогуу 1949-жылы АКШга эмиграцияга кеткен. Нью-Йорктогу Long Island университетин аяктагандан кийин Вьетнам согушуна кетип, взводду жетектейт. Урушта алган жарааты үчүн АКШнын “Purple Heart” (Кырмызы жүрөк) медалы менен сыйланган.

Кийин 10 жыл АКШдагы украин тилин изилдөөчү Prolog институтун жетектейт. 1970-жылдары болсо СССРдеги саясый туткундарды коргоо боюнча комиттети жетектеп, адам укугун коргоочулар арасында чоң кадыр баркка жетет.

Ал 2002-жылы директорлуктан кеткенден кийин алты жыл бою “Азаттыктын” улук талдоочусу болуп жүрүп, кийин ардактуу эс алууга кеткен.

Р. Купчинскийдин сөөгү АКШнын улуттук көрсүтөнү - Арлингтонго 12-февралда коюлат.

XS
SM
MD
LG