Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:24

ЕККУ: Кыргыз шайлоосу демократиялуу болгон жок


9-ноябрда ЕККУ Кыргызстандагы президенттик шайлоонун жыйынтыктары тууралуу баяндамасын жарыялады.

Аталган документте шайлоо учурунда орой мыйзам бузуулар орун алганы белгиленип, кыргыз бийлигине атайын сунуш-кеңештер айтылат. Баяндамада басма сөз эркиндигинин акыбалына да олуттуу маани берилип, былтыр октябрдан бери "Азаттык үналгысынын" берүүлөрүнүн Улуттук телерадио компаниясы - УТРК тарабынан уктурулбай калганы да эскериле кеткен.

Азырынча Кыргызстандын аткаруу бийлиги жана Борбордук шайлоо комиссиясы Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун бул баяндамасына карата өз мамилесин расмий билдире элек.


Эл аралык байкоочулардын ырасташынча, шайлоо күнү толгон-токой мыйзам бузуулар катталды. Аны шайлоону уюштургандар көнүмүш иш катары кабылдап, айтылган сын-пикирлердин бирин да жуутушкан жок. Бир адамдын колундагы толтура шайлоо бюллетендерин күүжүм таштаганы, улам-улам добуш берүүгө кирип жатканы байкоочулардын баамына илингени менен шайлоо комиссиясынын тынчын алган жок.

Варшавадагы ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу Кыргызстандагы президенттик шайлоону дүйнөдөгү демократиялык шайлоону өткөрүү боюнча ЕККУнун жана эл аралык стандарттарга, ошондой эле улуттук мыйзамдарга ылайык баалап, аталган отчетту жарыкка чыгарганын белгилейт.

ЕККУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы, элчи Эндрю Тесорьер, “демократиялык шайлоо бир гана шайлоо мыйзамдарын так аткаруу эмес - массалык маалымат каражаттарына бирдей мүмкүнчүлүк, мамлекеттик жана сот органдарынын бейтараптуулугу, адамдардын эркин чогулуусу жана өз оюн ачык билдирүүсү, улуттук азчылык менен гендердик теңчиликти камсыз кылууну талап кылат” деп билдирген аталган уюмдун маалымат баракчасында.

Ал эми кыргызстандыктардын ЕККУнун жыйынтык отчетуна көз карашы кыйла башкача. Президенттин алдындагы Стратегиялык талдоо жана баалоо институтунун директору Сергей Масаулов, ЕККУнун аталган отчету Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына төп келсе гана карап чыгып, тийиштүү чараларды көрсө болот деп билдирди “Азаттыкка”:

“Адаттагыдай эле, ЕККУ жеке Кыргызстанга, андагы шайлоо процессине тиешелүү эмес жалпыланган сунуштарды берди. Эми ал сунуштар алыскы келечекте ишке ашырылышы мүмкүн. Экинчиден, ошол сунуштар шайлоонун чыныгы өзүнө тиешелүү болсо гана анда аны көңүлгө алып, ишке ашырууга аракеттенсе болот. Үчүнчүдөн, ЕККУнун бул жолку сунуштары Кыргызстандын шайлоо процессине эч тиешеси жок, жөн гана каалоо-тилектер - аларды эч кандай ишке ашырууга мүмкүн эмес”.

Сергей Масаулов чет элдик уюмдардын өз сунуштарын таңуулоосу, алыстан туруп үйрөтүп-окутканы – тескерисинче, өлкө ичинде бир катар проблемаларды жаратаарын кошумчалады.

Президенттик шайлоого оппозициядан талапкер болгон Социал-демократтар партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев учурдагы кыргыз бийлиги эл аралык байкоочулардын келгенине, алардын баасына көңүл бурбайт, тескерисинче, бурмаланган шайлоодон кийин өз камын гана ойлоодо деген ишенимде:

- ЕККУ ошондо эле бул стандартка жооп бербейт деп айткан. Бул уурдоо болду, элди басмырлоо болду. Эми тилекке каршы, бийлик добуштарды уурдап алуу менен гана токтобой элди кордоп, басмырлап жатат.

Ал эми ат салышкан алты талапкердин бири Токтайым Үмөталиева шайлоо жүрүшүндө ага аял катары кемсинтүү, чектөөлөр болбогону менен, башка оппозициялык талапкерлердей эле көп бут тосууларга туш келгенин айтып, ушул күнгө чейин шайлоонун жыйынтыгы чыкпаганына мындайча тынчсызданды:

- Шайлоонун жыйынтыгын көрүшүбүз керек эле да. Дагы деле анын жыйынтыгын эч ким көрө элек. Азыр бир да талапкердин колунда 10 % дагы байкоо баракчалары жок. БШК байкоо баракчаларын эч бир талапкерге берген жок. Анан эми колубузда бир дагы документибиз жок болсо, анан биз кантип шайлоонун жыйынтыгын биле алабыз.

Үч ай күттүрүп жарык көргөн ЕККУнун отчету - Кыргызстан көз карандысыз байкоочулардын сын-пикир, сунуштарынан тийиштүү тыянак чыгаруу менен өлкөнүн шайлоо мыйзамдарына толуктоо-оңдоолорду киргизип мындай саясий иш чара өткөрүүнү ЕККУнун жана эл аралык стандарттарга жакындатуусу зарыл деген бүтүмүн берет.

ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун басма сөз өкүлү Йенс Эхенбахер ар бир отчет кылдат иликтенип, шайлоонун жетишкендиктери менен кетирилген кемчиликтерди камтыйт деди “Азаттыка” берген маегинде:

- Эгер отчетту карасаңар, ар бир маселени майда-баратына чейин иликтегенден кийинки сунуштарды табасыңар. Мыйзамдуулуктун сакталышы, шайлоону уюштуруучулардын ишмердүүлүгү, саясий абал, маалымат каражаттарынын чагылдырышы, арыздануу-даттануу жана шайлоо күнкү иш-чаралар кылдат иликтенген соң гана отузга чукул так, даана сунуштар берилди. Биз, ЕККУ тарап берилген сунуштарды ишке ашырууда кыргыз бийлигине көмөктөшүүгө даярбыз.


23-июлда болгон президенттик шайлоодо БШКнын маалыматына ылайык, учурдагы өлкө жетекчиси Курманбек Бакиев шайлоочулардын 76 % колдоосуна ээ болуп, экинчи беш жылдык мөөнөткө шайланган.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG