Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:28

“Көз караш”: СПИД аба аркылуу жукпайт


Бүгүн дүйнө жүзү СПИД күнүн белгилейт. Ушул күнгө аралаш “Көз караш” бейөкмөт уюмунун лидери Дамира Иманалиева “Азаттыктын” таңкы түз ободогу суроолоруна жооп

- Дамира, “Көз караштын” иштегенине алты жыл болгон экен. Ушул аралыкта илдетти алып жүрүүчү канча жаран менен кызматташты уюм, айта аласызбы? Мисалы, алар кимдер, жашпы-карыбы, уюм эмне жардам бере алды, андан майнап чыгат бекен деген өңдүү суроолорго мен жооп алгым келип атат.

- Туура. Өткөн алты жыл ичинде биздин уюмда ушул илдет менен жабыркаган 16 киши биз менен чогуу иштешти. Алардын илдетин өздөрүнөн башка ким билмек эле. Ошондуктан алардын өздөрүн ишке тарттык. Биздин уюмдун башкы максаты – ооруга чалдыккандарга жардам берүү, колдоо көрсөтүү. Ошондуктан, биз алты жылда 400дөй адамга жардам бердик. Мисалы, ВИЧке чалдыккан балдарга тамак-аш берген, ата-энелерине колдоо көрсөткөн учурлар болду. Мындай бир жолку жардамдардан тышкары биздин туруктуу колдоо көрсөтүп келаткан кардарларыбыз бар.

- Мисалы, азыр ушу тапта канча оорулуу менен кызматташып атасыңар?

- Азыр ушунча деп айтуу оор. Анткени, алар дайыма алмашып турат.

- Айтсаңыз, бүгүн Кыргызстанда СПИДге каршы күрөштөгү эң талылуу маселе кайсы?

- Маселелер баягы эле дүйнө жүзүнө белгилүү маселелер. Биринчиден, бул ооруга жаштар чалдыгып атат. Буга алдын алуу чаралары керек. Экинчиден, ооруканалардын ичинде жугуу деген маселе чыкты. Былтыр кичинекей балдар ооруп калышты. Ошон үчүн медициналык кызматкерлер менен иштөө керек. Анан баңги зат аркылуу дагы жугузуп атышат.

- Сиздер стигматизм деген бир терминди пайдаланып жүрөсүздөр, СПИД менен ооруган адамга көпчүлүктү үйүр алдырып, аралаш жашоого үйрөтүүнүн кандай таасирдүү жолдору бар? Маселен, былтыркы Оштогу массалык жугузуудан кийин коомчулуктан жазганып, башка жакка көчүп кетүүгө аргасыз болгондор бар деп атышат.

- Ал – жалпы калктын түшүнбөстүгү. Ошон үчүн эл менен иштешүү зарылдыгы бар, аларга илдеттин коркунучу жок экенин айтып, түшүндүрүү керек. Аба аркылуу бул оору жукпайт, ага жараша стигма деген да болбойт. Жалпысынан айтканда стигматизация чоң деп айтканга да болбойт бизде. Канча адамдар жакшынакай эле жашап атышат. Ооруканаларда, башка жайларда жүргөндөр, кызматташкандар, жоро-жолдоштору менен жакшынакай мамиле түзгөндөр арбын эле. Албетте эми бирин-серин учурлар болот.

- Демек, биринчи кезекте түшүндүрүү иштери керек экен да. Дагы бир суроо. Ооруканаларда оорулууларды өзүнөн оолак кармоо аракети бар деген маалыматтар айтылып жүрөт. Бул өңүттө кандай байкоолор бар сизде? Чын эле медициналык мекемелерде ушундай мамиле барбы?

- Жалпысынан дарыгерлер жакшы эле карашат. Оорунун жайын жашкы түшүнүшөт. Бирок, албетте, айрым фактылар катталат, ал өз кезегинде жанагыдай пикирлердин пайда болушун шарттайт.

1-декабрга карата Кыргызстанда СПИДдин ВИЧ инфекциясын алып жүргөн адамдардын расмий саны 1931ге жетти. Адистер бейрасмий эсепте бул илдеттин эсеби расмий эсептен он эсеге көп экенин айтып жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG