- Кубанычбек мырза, мааракеңер кут болсун!
- Рахмат.
- Лейлектиктерди куттуктоо үчүн кечээ президент Курманбек Бакиев да барган экен. Ал жерде президент кайсы маселелерге өзгөчө көңүл бурду?
- Лейлек районуна президенттин иш сапары кечээ, 4-декабрда болду. Мааракеге катышты. 2007-жылы бул жерде жер титирөө болгондо эки чоң мектеп аябай жабыр тартып, кайрадан курулду эле. Алар - Исфана шаар башкармалыгынын аймагындагы Токтогул жана Самат мектептери. Биринчи эле ошол эки мектептин ачылышына катышты. Эмгек жамааттары менен жолугушту. Андан кийин Исфана шаарында кайрадан калыбына келтирилген тарыхый музейи баштаган маданий-социалдык обьектилер менен таанышып, түш ченде 80 жылдыкка арналган мааракеге катышты.
Президент өз сөзүндө Лейлек району өзүңүздөр билесиздер, чегаралаш район, бир катар сугат тармактарында, таза сууда, электр энергиясында маселелер бар, ошолорду чечүү жолуна токтолду. Ошондой эле келечектеги жол маселесине токтолду. Лейлек районуна чейин Баткенден Тажикстандын Чорку деген анклавын айланып өтүүчү, Баткенден Кадамжайга чейинки Өзбекстандын Сох анклавын айланып өтүүчү курулуп аткан жолдорго байланышкан маселелерге жакшыраак көңүл бөлүү керек экенин айтты.
- Айгүл-Таш – Самат электр станциясы тууралуу президент менен жолугушууда сөз болдубу? Качан ишке кирчүдөй? Электр жарыгы боюнча калктын 80% Тажикстандан көз каранды деген пикирлер бар эмеспи.
- Көз каранды десе туура эмес болор. Бирок, Лейлек районуна түз электр кубаты жетпегендиктен, ал Тажикстан аркылуу алынат. Анан эми электр кубаты Кыргызстандыкы болгондуктан, жалпы өлкөдөгүдөй эле электр кубатын пайдаланабыз. Бул курулушту эми келечекте бат куруу маселеси боюнча сөз болду. Тийиштүү документтер такталып, баштала турган баскычка келип калды деген сөз болду.
- Миграция жагдайы кантип атат? Жергиликтүү тургундар башка жакка ишке көп ооп кеткен өлкөдөгү райондордун бири катары Лейлекте бул маселенин жагдайы кантип атат?
- Эми миграцияны токтотуу мүмкүн эмес. Бул маселе Лейлек эле эмес, бардык жакта бар. Анан сугат жер,чоңураак өнөр жай ишканалар аздыгына байланыштуу негизинен жаштар Чүй бооруна, Бишкек шаарына, Орусияга барып иштегендер бар. Аны азайтуунун жолу - сугат жерлерин көбөйтүү, иш орундарын түзүү. Бул маселеге да президент токтолду.
- Лейлектин социалдык-маданий өнүтүн жакшыртуу боюнча азыр ушул тапта кандай аракеттер жасалып атат?
- Бизде ар бир тармак боюнча 2008-2011-жыл үчүн үч жылдык өнүктүрүү программасы иштелип чыккан. Бул жергиликтүү шартка ылайыкталып, мүмкүнчүлүккө, бюджеттин облустун жагдайына, инвесторлорго жараша, ошолорду эсепке алып иштелип чыккан. Бул - айыл чарба району болгондон кийин дагы эле сугат жерлерин, айдоо жерлерди көбөйтүп, бак тигип, жаңы сугат аянттарын ачып, жаңы турак үйлөрдү куруп, отурукташтыруу.
Мисалы, Тажикстан менен чектешкен Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө азыр 3 миң гектарга жакын сугат жер насос аркылуу сугарылат. Козубаглан дарыясынын сугат суусун өз агымы менен алып баруу максатында өкмөттүн токтому менен быйыл атайын келишим иштелип чыкты.