Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:47

К. Бакиев Ошко учтубу?


Президент Курманбек Бакиев бүгүн кечки саат тогуздарда үй бүлөсүн алып "Манас" аба майданынан атайын учак менен Ошко кетти. Муну "Азаттыкка" "Манаста" иштеген кызматкер билдирди.

Ак үй демонстранттарга багынды, премьер-министр Д. Үсөнов кызматын тапшыра турган болуп арызын жазып берди. Оппозиция өлкөдөгү бардык бийликти жана жоопкерчиликти өз колуна алып, кырдаалды жөнгө салууга киришти.

Президент К.Бакиев "Манас" аба майданына тогуз чендерде үй-бүлөсүн алып төрт чоң машина менен барганын, ошол жактан атайын учак менен Ошко бет алганын аба майданында иштеген кызматкер билдирди.

Бул маалыматты Бириккен оппозициянын лидерлеринин бири да бышыктады. Бирок бул кабар расмий түрдө тактала элек.

Оппозиция бийликти өз колуна алганын жар салып, элдик кошуундарды (дружина) уюштуруп, кырдаалды жөнгө салуу аракетин көрүп жатат.

Премьер-министр Данияр Үсөнов Ак үйдүн ичинде бекинип алып, оппозиция лидерлери менен сүйлөшүү жүргүзүп, жан соога сурады.

Бул жөнүндө оппозициянын лидери Өмүрбек Текебаев улуттук сыналгы каналынан (УТРК) билдирди.

Бишкек шаарында демонстранттар Жогорку Кеңештин имаратын талкалашты, Башкы прокуратуранын имаратын өрттөп жиберишти. Соода жайларын талап-тоноо жүрүп жатат.

Бишкекте жана толкундоолор болгон аймактарда коменданттык саат жарыяланган. Бирок Кыргыз парламенти аны карап бекиткенге үлгүргөн жок.

Оппозиция лидерлери менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында премьер-министр Данияр Үсөнов кызматын тапшыра турган болуп арызын жазып берди.

Бул маалыматты “Азаттыкка” сүйлөшүүлөрдөн чыккандан кийин “Ак Шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев билдирди.

Д. Үсөновдун арызы ушул тапта Элдик курултайдын борбордук аткаруу комитетинин төрайымы Роза Отунбаеванын колунда.

Бириккен элдик кыймылдын саясий кеңешинин мүчөсү Азимбек Бекназаров баштаган адамдар түрмөдө жаткан генерал Исмаил Исаковду бошотуп келишти.

Бул тууралуу “Азаттыкка” А.Бекназаров билдирди. И.Исаков Бишкектин чет жакасындагы Жаңы-Жерде жайгашкан күчөтүлгөн режимдеги түрмөдө жаткан эле.

Генерал Исмаил Исаков коргоо министри болуп турганда кызматынан пайдаланган, уулуна министрликтин карамагындагы батирди берген делип айыпталып, ушул жылдын январында сегиз жылга эркинен ажыратылган болчу.

Бүгүн Бишкектеги окуяларды улай Элдик курултайдын аткаруу комитети бир катар чечимдерди, анын ичинде саясий негизде камакта жаткандарды бошотуу боюнча чечим кабыл алган болчу.

А.Бекназаровдун айтымында, Жаңы-Жердеги түрмө жетекчилери генералды тынч гана бошотуп беришти.




Бишкектеги нааразылык акциясы: 2-бөлүк
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:04 0:00

XS
SM
MD
LG