Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:30

Баткен: Ворух анклавы дале курчоодо


Баткендеги кыргыз чек арачылары
Баткендеги кыргыз чек арачылары

Баткенге чектеш Тажикстандын Исфара шаарындагы атышууда төрт жоочу жок кылынып, бирөөсү колго түштү. Андан бир милиция кызматкери да жараат алды.

19-октябрга караган түнү Баткен шаарына жакын Тажикстандын Исфара шаарында куралдуу топ менен күч кызматтарынын ортосунда атышуу болуп, төрт жоочу окко учуп, бирөөсү кармалган. Бул окуя боюнча 15-октябрда кыргыз-тажик чегиндеги атышуудан улам түзүлгөн штабдын башчысы, ички иштер министринин орун басары Расулберди Раимбердиев буларды айтты:

- Биздин аймакта биз чек арачылар, коопсуздук кызматкерлери менен чогуу топ түзүп, тоолорду тазалоо иштерин жүргүздүк эле. Бул жөнүндө биздин коңшу Тажикстандын чек ара, милиция кызматкерлери да билишет. Ошонун негизинде болуш керек, аларды биз жактан кысып чыгарып, кечээ Исфарада ошол топтун мүчөлөрү делгендерди бир үйдөн кармашып, бирөө колго түштү, калган төртөө жок кылынды. Ошол үйдөн пулемет, гранотомет, автоматтар, абдан көп сандаган куралдар табылган. Демек булар чоң аракеттерге даярданып атканы көрүнүп турат. Ошондуктан Баткенде иштеп аткан кызматкерлер менен бүгүн да чогулуш өткөрүп атабыз. Бул жерде аябай жооптуу кызматты аткарып, Кыргызстандын чегин коргоп атабыз. Биздин Кыргызстан үчүн эч кандай коркунуч жок. Бирок биз дайыма өз ишибизди так аткарууга милдеттүүбүз.

Тажикстандын Исфара шаарынын тургуну Дадохон Хамидов болсо шаар четиндеги ок атышуу 3 сааттай созулгандыгын жана азыр окуя болгон жерди милиция кызматкерлери курчоого алып, жөнөкөй тургундардын андан маалыматы жоктугун билдирди:

- Исфара шаарынын Шанхай деген аймагында сол тараптагы биринчи үйдө кечээ түнү үч сааттай ок атышуу болду. Милициялар үйдү курчап алып көпкө аткылашты. Бир милицияга ок тийиптир. Исфарада азыр милиция көп. Ошол ок атышуу болгон тарапка эч кимди өткөрбөйт. Чек арада болсо документтерди текшерип эле өткөрүп жатат. Эл тынч эле. Кимди атышканын биз билбесек эми, жөнкөй атуулардарды атышпайт да...

Баткен облусунун аймагында жана кыргыз-тажик чегинде азыр абал туруктуу. Бул тууралуу билдирген облустук бийликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Бакытбек Сагынбеков 14-октябрда кыргыз чек арачыларына тажик аймагынан чыккан куралдуу топ кол салып, кайра эле кире качышканын, Ворух анклавы дагы эле көзөмөлдөнүп турганын айтат:

- Бүгүнкү күндө Баткен облусунун аймагында жалпысынан абал стабилдүү түрдө сакталууда. Азыркы мезгилде күч структуралары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Исфара районунун Ворух анклавында кыргыз-тажик күч структуралары биргелешкен тазалоо иш чарасын жүргүзүүдө. Тажик тарап Исфара районунун аймагында жок кылынып, кармалган кылмышкерлер Кыргызстандын чек арачыларына кол салган кылмыштуу топ болушу мүмкүн экендигин билдирген.

14-октябрда Тажикстандын Чорку айылынан чыгып, кыргыз чек арачыларына ок атып качкан куралдуу топту издөө иштеринен кийин алар кайра эле Тажикстанга кире качышканы айтылган эле. Ошондон тарта Кыргызстандын ичинде жайгашкан Тажикстандын Ворух анклавында биргелешкен иш чаралар өтүп, издөө иштери уланып жатат. Учурда Исфара шарында жок кылынган куралдуу топ кыргыз чек арачыларына кол салгандар болушу мүмкүн деген божомол гана айтылууда. Азырынча Ворух айылына кире качкан куралчан жоочулар тууралуу маалыматтар жок. Болгону издөө иштери жүргүзүлүп жатканы айтылууда.

Кыргыз тарап болсо Ворух анклавын курчоону улантууда.

Баткен: Куралдуу топ курчоодо
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:04 0:00

XS
SM
MD
LG