Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:23

Ынтымак курултайы: өкүлдөр тарашты, Төркеңеш калды


Ынтымак курултайынын делегаттары
Ынтымак курултайынын делегаттары

Ынтымак курултайында улуттук деңгээлдеги улук сөздөргө караганда жергиликтүү чарбалык маселелер көп айтылды. Айтылган пикир-сунуштардын текши баары жоопсуз калбастыгын курултайдын Төркеңеш төрагасы Садыкбек Аблесов 25-марттагы маалымат жыйынында билдирди.

Эки күндүк жыйында сөз сурап жазылгандардын үчтөн бирине гана сөз берилип, талкуу негизинен президенттин кайрылуусунда козголгон маселелер тегерегинде жүрдү.

“Кеңешме демократия” кимге керек?

Президент К.Бакиевдин кайрылуусунда шайлоо менен адам укуктарына негизделген Батыш демократиясынын Кыргызстан элине жакпай, аны кеңешме демократиясына алмаштыруу сунушу айтылган. Президент жер-жерлерден келген өкүлдөр алдында: “Кеңешме демократия Кыргызстандын азыркы кырдаалына төп келет деп ойлойм” деп билдирген. Ага кошумча, “кеңешме демократия” курултайлар аркылуу ишке ашырыларына басым жасаган.

Курултайда жаңы демократия демилгеси Көлдөн келген өкүл Мурат Жетимишбаевдин өзгөчө колдоосуна ээ болду.

- Атасы баптист, энеси Иегова, баласы «Хизбут-Тахрир». Мына ушуну алып келди европалык демократия.


Ынтымак курултайынын Төркеңеш төрагасы Садыкбек Аблесов “кеңешме демократия”, үй-бүлөлүк башкаруу тууралуу алдын-ала бүтүм чыгарууга эртелик кыларын белгилейт.

- Мүмкүн Максимди Борбордук агенттикке алып барганы туурадыр. Туура дегеним, муну менен президент өзүнө чоң жоопкерчиликти алды. Эң чоң жоопкерчиликти алды. Бир жагынан караганда. Экинчи жагынан караганда, иш башталбай жатып эле чуу салып жатабыз. Анан кыргыздардын жакшынакай бир макалы бар го. “Карындагы баланын кан болорун ким билет? Бешиктеги баланын бек болорун ким билет?” деген, туурабы? Бир жыл иштеп көрөлүчү. Анан жыйынтыгы билинет го. Анан ошондон кийин сындап, ошондон кийин чыксак туура болор беле дейм ыя, Түгөлбай?

Чарбадан оор маселелер бар го

Төркеңеш төрагасынын орунбасары Абдыжапар Тагаев “кеңешме демократияга” басым жасоо өлкөнүн буга чейинки алган багытынан четтөөнү түшүндүрбөйт, деген пикирде.

- Андай болушу мүмкүн эмес.

Ынтымак курултайынын Төркеңеш төрагасынын орунбасары Түгөлбай Казаков улуттук жыйында жалпы өлкө, эл тагдыры, келечегине, өткөнүнө байланыштуу маселелер козголушу керектигин белгиледи.

- Мындан тышкары мамлекеттин бүтүндүгү деген бар. Чек ара маселеси бар. 1924-жылды жайына эле коелу. Кийинки 60-жылдардагы эле чек араны такташ үчүн аскер картасы деген турат. Ар бир сантиметрине чейин чийилип турбайбы. Биз эмне үчүн аларды колдонуп делимитация, демаркацияны аягына чыгара албай жатабыз?

Ынтымак курултайга өкүл болуп келген Курманбек Баякунов чоң жыйында үй-бүлөлүк башкаруу жайында кеп болбогонун айтты.

- Мына азыр бу кишинин уулу дагы Өнүктүрүү фондун жетектеп жатпайбы. Эми ушул жерден туура эмесирээк болуп турат. Өзү эле жалгыз башкарса болмок. Үй-бүлө менен башкарбай.

Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин пикиринде, Ынтымак курултайында чарбалык-экономикалык маселелер эмес, улутту ойлонткон маселелер жайында акыл калчап, кыргыз эли ушу тапта кабылган кыйын жагдайдан чыгуунун жолдору жайында кеп болсо жакшы болмок.

- Аксатып аткан нерсе, бизде улуттук ар намыс жок. Улуттук ар намыс болбой атат. Улуттук ар намыс болбогон жерде эч кандай урмат-сый, ынтымак, ийгилик болушу мүмкүн эмес.

Ынтымак курултайында шайланган Төркеңеш жетекчилери ушу тапта жыйында айтылган кеп-сөздөрдү иретке салып, мындан ары ишти кандай нукта улантуунун камылгасына киришүүдө. Жыйынга азыркы бийлик атаандаштары катышкан жок. 17-мартта өткөн Элдик курултайга расмий бийлик өкүлдөрүнөн бир да бирөө басып барган эмес.

Элдик курултай бийликке 7 талап койгон. Алар тарифтерди арзандатуу, "Түндүкэлектро” жана “Кыргызтелеком” ишканаларынын сатылышын мыйзамсыз деп табуу, Исмаил Исаков, Эркин Булекбаев, Уран Рыскулов, Сагын Аргымбаев акталып, камактан бошотуу, Балыкчы жана Ноокат окуялары боюнча соттолгондорду актоо, Аликбек Жекшенкулов менен Кубанычбек Кадыровду куугунтуктоону токтотуу, Конституциялык реформаны токтотуп, Өнүгүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттикти жоюу, Бакиевдин балдары Максим менен Марат, биртуугандары Жаныш, Адыл жана Марат ээлеп турган мамлекеттик кызматтарынан бошотуу, Евгений Гуревичтин, анын шериктеринин, ага тиешелүү компаниялардын Кыргызстандагы ишмерлигин териштирүү, сөз эркиндигин калыбына келтирип, “Азаттык” радиосунун берүүлөрү бүтүндөй өлкөгө уктуруу талаптары коюлган.

Бийлик демилгеси менен чакырылган Ынтымак курултайында алар каралган да, аткарылган да жок.

XS
SM
MD
LG