Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:01

Окуу жылына даярдык кандай?


Билим берүү жана илим министри Канат Садыков.
Билим берүү жана илим министри Канат Садыков.

Билим берүү жана илим министри Канат Садыков кагылышуудан кийин психологиялык жапа чеккен түштүк жергесинин окуучулары мектепке барууга даяр экенин, өрттөлгөн мектептердин балдары жаңы окуу жылын чатырларда тосоорун айтат.

- Этникалык кагылышуудан жапа чеккен аймактарды кыдырып көрдүңүз. Ал жерлердеги агартуу мекемелеринин жаңы окуу жылына даярдыгы кандай экен?

Канат Садыков: Жаңжал убагында Жалал-Абад облусунда бир да мектеп жапа чеккен эмес. Ошондуктан ал аймактагы бардык агартуу мекемелери жаңы окуу жылына толук даяр десем жаңылышпайм. Ош жергесинде болсо эки мектеп толугу менен өрттөлгөн. Кара-Суу районуна караштуу Толстой атындагы орто мектептин жанына жаңы окуу жылында ЮНИСЕФ уюмунун жардамы менен чатырлар орнотулат. Керектүү жабдыктар жергиликтүү ишкерлерге буюртма кылынган. Окуу-усулдук жана башка куралдары, ошондой эле мектепке керектүү товарлар, мисалы, калем сап, дептер, карандаш өзүнчө комплект катары 1-сентябрда балдарга тартууланат.

- 1-сентябрга карата балдар мектепке толук барчудайбы? Мындан тышкары алардын коопсуздугун кимдер камсыз кылат?

Ошто өрттөлгөн мектеп
Канат Садыков:
Бул маселенин тегерегинде жалгыз министрлик эмес башка уюмдар да баш оорутуп жатышат. Биринчиден, дүйнөлүк уюмдар аркылуу социалдык мобилизациянын негизинде күзөтчү болом деген жарандарды бул жумушка тартуу камын көрүп жатабыз.

Экинчиден, мындан тышкары Оштогу окуу жайларында билим алган педагогика факультеттеринин жогорку курстарынын студенттери күздө практикага чыгышат. Аларды да пайдалануу ниетибиз бар.

Үчүнчүдөн, күзөт агенттиктери менен учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Алардын кызмат акыларын ЮНИСЕФ жана башка донорлорго эсептеп жөнөттүк. Булар аларга коротулган чыгымдарды толук төлөп, маселени чечүүнү убада кылышууда.

- Жаңжалдан айрыкча Ош шаары жана облусу жапа чекпедиби. Мындай шартта бала бакчалардын тагдыры кантти? Алар толук иштеп жатабы?

Канат Садыков: Бир да бала бакча чыр-чатак учурунда жапа чеккен жок. Алар мурдагы калыбында иштеп жатышат. Бирок алардын жалпы саны калаа калкын канаттандыраарлык эмес. Бул системадагы эң орчундуу проблема – мектепке чейинки мекемелер акыркы жылдары кескин түрдө кыскарып кеткен. Көптөгөн бала бакчалар Совет доорундагы бир катар ишканалардын менчиги сыңары сатылып кеткен. Атүгүл басымдуу бөлүгү менчиктештирилген. Ошондуктан алардын бардыгын калыбына келтирип, көбөйтүү жагын ойлонуштуруп жатабыз.
"Азаттыктын" архивинен: 1-сентябрды күткөн окуучулар

- Июндагы окуялардан улам жана тополоңдун кайталанышы ыктымалдыгынан чочулап, Оштогу окуу жайларына да быйыл тапшыргандардын саны кескин түрдө азайды. Көпчүлүк студенттер Бишкек жана башка тынч жактарга которулушууда. Ушул себептен улам түштүктөгү ЖОЖдорду бириктирүү жана ирилештирүү процесси жүрбөйбү?

Канат Садыков: Чындыгында, Оштогу жогорку окуу жайларынын студенттеринин саны абдан көп болчу. Быйылкы шартка ылайык, аларды азайтуу жагы карала элек. Анткени биз жөндөн жөн кыскартууга жол койбойбуз. Сапат жагын көтөрүү маселесин күн тартибине коюп жатабыз. Эң башкысы: даярдалып жаткан адистер аз, бирок саз болсун деген тилектебиз. Бул жагынан мамлекет тарабынан ЖОЖдордогу сапат көзөмөлдөөчү жана аныктоочу механизмдерди чукул арада ишке киргизели деп жатабыз.

- Оштогу кыргыз-өзбек университетинин аталышын өзгөртүү маселеси жакын арада чечилчүдөйбү?

Канат Садыков: Албетте бул маселе жакын арада чечилет. Анткени аталган окуу жайдын аты менен заты төп келүүгө тийиш. Ошол жагы бизди катуу ойлондуруп жаткан чагы. Мындагы адистиктер техникалык жана педагогикалык багытта экен. Ошондуктан кандайча атоо жагы кыйынчылык туудургандыгы ырас. Жөн эле университет деп жар салуудан алыспыз. Социалдык университет деп атоо жөнүндө токтом даярдалууда. Аны да министрликте талкуулагандан кийин эки жуманын ичинде жарыялайбыз.
XS
SM
MD
LG