Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:54

Жаңы партиялар маарага жетеби?


7-апрелдеги ыңкылаптан кийин түзүлгөн бир катар саясий кыймылдардын айрымдары партияга айланып, парламенттик жарышка түштү.
7-апрелдеги ыңкылаптан кийин түзүлгөн бир катар саясий кыймылдардын айрымдары партияга айланып, парламенттик жарышка түштү.

Шайлоого бараткан 29 партиянын ичинде ондон ашуун жаңыдан түзүлгөн саясий партиялар буга чейин коомчулукта аты таанылган, күчтүү атаандаштары менен ат салышканы турат. Алардын шайлоодогу мүмкүнчүлүктөрү канчалык?

Быйыл 7-апрелдеги бийлик алмашуудан кийин катталган жаңы партиялар да саясий күрөшкө аттанышты. Алардын айрымдары партияларын “Ак тилек” же “Ак санат” деп символикалык түрдө аташса, кээ бирлери “7-апрель жаштар кыймылы” саясий партиясы деп, өлкөнүн тарыхындагы кандуу жол менен бийлик алмашкан күндүн өзүн аталыш катары алышкан. Ал гана эмес мурдагы советтик социалисттик мамлекеттин кыскартылган аталышын пайдалангысы келген айрым саясий күчтөр СССР деген аталыштагы жаңы партиянын алдына биригишкен.

Жаш партиялар багытын аныктап бүтө элек

Бирок сурамжылоодо көпчүлүк жаңы партиялар саясий-идеологиялык багытын так аныктай электигин белгилешкен.

Жаңыдан түзүлгөн “Акыйкат” партиясынын маалымат катчысы Нуржигит Кадырбеков партиянын бул жааттагы көз караштары калыптануунун үстүндө экендигин белгиледи:

- Биздин партия борборчул партия. Башкача айтканда оппозицияга да кошулбайт. Ошол эле учурда бийликтин жүргүзүп жаткан саясатындагы айрым жагдайлар менен макул эмес. Кайсы бир деңгээлде саясий идеологиялык багыты боюнча биздин партияга консервативдик партиянын белгилери да мүнөздүү. Ошол эле учурда ыйман жана адеп-ахлак маселесин көтөрүп жаткандыктан партияны конфессионалдык багытка да, жакындаштырса болот.

Көпчүлүк жаңыдан түзүлгөн саясий партиялардын алардан мурда уюмдашып, коомчулукта белгилүү болуп калган атаандаштары менен күч сынашуу мүмкүнчүлүгү төмөн.

Атактуулары жоктордун аттары угулбайт

Мындай божомолун айткан айрым талдоочулар, буга негизинен партиянын программасына карата эмес, анын көп жылдан бери таанылган лидерлерине карата баа берүү өнөкөтү коомчулукта калыптанып калгандыгын айтышат.

Серепчи Данияр Садиев бул өңүттөн алганда жаңыдан чыгып келе жаткан партиялардын өздөрүн шайлоочуларга таанытуу мүмкүнчүлүгү алсыз деп эсептейт:

- Саясий майданда көпчүлүк партиялар стратегиясы катары программасын эмес өзүнүн лидерлерин, атактуу адамдардын аттарын беттерине кармап чыгышат. Буга коомчулук дагы көнүп калгандыктан gартия дегенде эле анда лидер же атактуу мүчө болгон адамдардын аттары аркылуу таанышат. Бул партиянын программасы мындай, ал бийликке келсе мындай нерселерди сунуш кылат деген түшүнүк калыптана элек. Ошондуктан бул жагдайда салыштырганда жаңыдан түзүлгөн партиялар өздөрүнүн лидерлерин жана андагы дымактуу инсандарын коомчулукка тааныштырганча көп убакыт өтүп кетет. Мындан улам, алардын шайлоодо кандайдыр бир ийгиликти камсыз кылышы кыйыныраак.

Маселе башкада эмес, акчадабы?

Мындан тышкары саясат таануучулар жаңыдан түзүлгөн партиялардын шайлоодо ийгилик жаратуусуна алардын каржылык абалы жана үгүт өнөктүгүн уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү таасир этээрин белгилешүүдө. Саясат таануучу Табылды Акеров эгерде ушундай шарттарды камсыз кыла алышса жаңы экендигине карабастан мындай партиялар атаандаштардын электоратын тартып кетиши мүмкүн экенин болжолдойт:

- Жетишээрлик каржылык ресурстарга ээ болсо, үгүт иштерин уюшкандыкта жүргүзүп өзүнүн артыкчылыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн элге кеңири жеткизе алышса, мындай партиялар жаңыдан түзүлгөндүгүнө карабастан кыска мөөнөттүн ичинде беделин жогорулатып, күчтүү партияларга атаандаш боло алышат. Жөн эле атаандаш болбой башка партиялардын буга чейинки жактоочуларын жана шайлоочуларын тартып алуу жөндөмдүүлүгүнө да ээ болушат.

Мына ушундай шарттарды иштеп чыгууга үлгүргөн жаңы партиялардын айрымдары талдоочулардын баамында, чоң партиялар менен атаандашуу шарттарын камсыз кыла алышкан. Ошондуктан серепчилер мурдатан элге таанылган партиялар менен катар эле жаңы саясий күчтөрдүн парламентке келип калуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарышпайт.

XS
SM
MD
LG