Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:46

Шайлоо-2010: Протоколдор салыштырылат


БШК партияларга “Шайлоо” мамлекеттик автоматташтырылган системадагы маалыматтарга анализ жасоону сунуштады.

БШК мындай сунушту протоколдордун көчүрмөсү менен айрым шайлоо участкаларынан алынган маалымат менен дал келбей жатканы тууралуу арызданган партиялардан улам көтөрүп чыкты.

БШК буга чейин “Шайлоо” мамлекеттик автоматташтырылган системасына жарыяланган маалымат добуш берүүнүн жүрүшүн эле чагылдырат, юридикалык күчкө ээ эмес деп билдирген болчу. Бирок 15-октябрда партия өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын куруп, көптөгөн арыздардан улам автоматташтырылган системадагы маалыматты протоколдор менен салыштырып текшерүүнү чечти.

БШКнын мүчөсү Абдымомун Мамараимов “Азаттыкка” азыр комиссиянын талабына ылайык “Кыргызстан элдеринин союзу” партиясы кайрылды деп билдирди:

- Алардын дал келбей жатат деген 89 протоколу бар экен. Биз алардын протоколдорун алып, канчалык дал келбейт, эмнеге дал келбейт карап көрөлү дедик. Биз протоколдорду факс менен да алганбыз. Биз аларды анализ кылып көрсөк, туура эмес толтурулуп калгандары бар экен. Кээ бир шайлоо участкаларда шайлоочулардын саны деген жерге биринчи тизмеге кирген кишилердин санын гана көрсөтүп койгон. Алар кийин кошумча тизмеге кирген кишилердин санын кошуп чогуу чыгарышы керек эле. Ошондуктан кээ бир сандар бири-бирине туура келбей жатат. Бул бир гана көрүнүш. Дагы кандай көрүнүштөр бар экенин партиялардан протоколдорду алгандан кийин көрөбүз.

Кошумча түйшүк жараткан кошумча тизме

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы дал ушул кошумча тизменин айынан шайлоонун жыйынтыгына нааразыланып жатат. Аталган партиянын мүчөсү Нурлан Шакиев өздөрү текшерип, тапкан айырмачылыктардын баарын тизмектеп БШКга жөнөтүшкөнүн айтты:

- Текшерүүлөрдөн соң кошумча тизменин 198 миң болуп кеткени чындап эле асмандан түшкөн сан экени ачык байкалып жатат. Бир эле Баткен облусунан кошумча тизме боюнча 15 миң айырма чыккан. Ноокен районунан, Чүйдүн Москва, Сокулук райондору, Токтогул районунан протоколдор текшерилген. Ошолордун негизинде, жалпы 15-20 райондон эле кошумча тизмеде 32 миң ашыкча айырма чыгып, ошону кечээ биздин партиянын борбордук штабы БШКга тапшырды.

“Айкөл Эл” партиясы парламенттик шайлоого катышкан 29 партиянын бири. Партия лидери Эдил Байсаловдун айтымында, алар добуш берүү аяктаар замат колдорундагы протоколдорду “Шайлоо” мамлекеттик автоматташтырылган системасындагы маалымат менен салыштырып талдап коюшкан. Анын негизинде шайлоонун жыйынтыгына олуттуу таасир эткен айырма жок деген бүтүмгө келишкен. Жеңилип калгандарын моюнга алышкан:

- Ушул жолу системалуу түрдө көз боемочулук болгон жок. Туура, кээ бир жерлерде 110дун ордуна 100 болуп киргизилип калыптыр, дагы бир жерде дагы башкача болуп калыптыр. Эми албетте бир канча участкалар бар. Ал жерде атайлап мыйзам бузуулар болгон. Бирок бардык саясий партиялар мындай мыйзам бузуулар чоң, масштабдуу, чечүүчү ролдо болгон жок деп айтып жатышат. Бул жерде жалгыз гана маселе “Бүтүн Кыргызстандын” тагдырына байланыштуу болуп жатат. Албетте булар үчүн бул абдан чечүүчү жол болуш керек. Кайра санап чыгууну “Бүтүн Кыргызстандын” суранычы менен гана жасаса болот эле.

БШК сунуштап жаткан анализ жүргүзүү иштерине “Мекен ынтымагы” партиясы да катышпайт. Бирок кийинки шайлоолордо азыркыдай каталар кайталанбашы үчүн азыр иликтеп, анализ жасап койгон ашыкча болбойт, дейт партия өкүлү Жаркынбек Касымбеков:

- БШК азыр өзүнүн бүтүмүн чыгара элек. Жалпысынан кандай санабайлы, кандай алып келбейли сөзсүз түрдө ачакей маалымат чыгары баарыбызга мурун эле белгилүү болчу. Шайлоо бардык жактан так өттү дегенге эч ким, БШК да, бир да партия да кепил боло албайт. Шайлоого чейин биз ар бир шайлоо участкасында камераларды коелу, таптакыр башкача жаңы технологиялар бар системаны колдонолу деген сунушубузга БШК макул болбой койгон.

Башында БШК 142 миңге жакын добуш топтогон партиялар 5 пайыз босогодон өтөт, парламентке жолу ачылат деп билдирип жаткан. Кийин кошумча тизменин негизинде 5 пайыздык чек 150 миңге чамалаганын маалымдаган. “Бүтүн Кыргызстан” шайлоодо 145 миң 455 добуш алган. Аталган партия БШК 5 пайыз чекте негизсиз жогорулатып жиберди деп, шайлоочулар жер-жерлерде нааразылык акцияларды уюштура башташты.

XS
SM
MD
LG