Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:33

Санаага салган коопсуздук


Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында, 4-октябрь.
Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында, 4-октябрь.

Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев өлкөдө он чакты опурталдуу шайлоо аймагы бар экенин жарыялады.

10-октябрда өлкөдөгү бардык шайлоо бекеттеринин жана жарандардын коопсуздугу толук камсыздалаарын, опурталдуу деп эсептелинген аймактарда кокус чатак чыкса, аны өөрчүтпөй басканга күч органдарынын кудурети жана каражаттары жетиштүү. Бул туурасында ички иштер министри Зарылбек Рысалиев бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди. Ошол эле маалда айрым шайлоо комиссиялары коркутуп-үркүтүүгө кабылгандыгы, туштүктөгү тополоңдо элдин колунда калган курал-жарактар чагымчыл күчтөр тарабынан шайлоо күнү колдонулушу ыктымалдыгы айтылууда.

Опуртал аймактар өзгөчө көзөмөлгө алынат
Курал-жарактар катуу ойлонтуп жаткан чагы. Эгерде бир партиянын кызыкчылыгынан улам ошол жарактарды колдонуп, кимдир бирөөлөр ок чыгарышса, окуянын ырбашын күтпөстөн андайларга токтоосуз жана татыктуу сокку урабыз. З.Рысалиев

Парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда, өлкөдө шайлоочулардын толук тизмеси такталып, алардын жалпы саны 2 миллион 836 миңден ашты. Ушул жылдын 27-июнунда өткөн референдумдан бери шайлоочулардын эсеби алтымыш тогуз жарым миңге өскөндүгү байкалды.

Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев 10-октябрда өлкөдөгү бардык шайлоо тилкелеринин жана жарандардын коопсуздугу толук камсыз болоорун Бишкектеги маалымат жыйынында жарыя кылды:

- Мурда милиция кызматкерлери бир партиянын колундагы куралга айланган эле. А бүгүн биз кайрадан элдин ишенимине арзып, накта калканчына айландык. Шайлоо күнү жети миңге чукул милиция кызматкери, он үч миндей элдик кошуун, мындан тышкары он беш миңге жакын ыктыярчылар тартипти катуу көзөмөлдөп турушат.

Зарылбек Рысалиев аталган күчтөргө мергенчилер, менчик күзөт агенттиктеринин өкүлдөрү жана айдоочулар бирикмеси да жардамдашаарын билдирди.

Министр сөз арасында жумурият боюнча он чакты опурталдуу шайлоо аймагы бар экендигин, алар өнөктүк учурунда өзгөчө көзөмөлгө алынаарын кошумчалады. Анын айтымында, айрым бир саясий күчтөр добуштар эсептелип жатканда бюлеттендерди уурдоо же эптеп чатак чыгаруу аракеттерин жасашы ыктымал. Ошондуктан, мындай чөлкөмдөргө жыйырма-отуздан күзөтчү коюлуп, шайлоо тилкелерине чоочун кишилер жолотулбайт.

Ички иштер мекемесинин жетекчисинин кебине караганда, түштүк жергесиндеги элдин колунда курал-жарак дале бар, бирок алардын мыйзамсыз максаттарга пайдаланылышына жол берилбейт:

- Курал-жарактар, чындыгында, катуу ойлонтуп жаткан чагы. Эгерде бир партиянын кызыкчылыгынан улам ошол жарактарды колдонуп, кимдир бирөөлөр ок чыгарышса, окуянын ырбашын күтпөстөн туруп андайларга токтоосуз жана татыктуу сокку урабыз. Болгондо да президенттин директивасына ылайык аябастан жеринде чара көрөбүз.

Зарылбек Рысалиев ырасташынча, ар кандай жаңжалдарды өөрчүтпөй убагында басканга күч органдарынын кудурети жана каражаттары жетиштүү. Министр бирок опурталдуу делген аймактардын атын атаган жок.
... калк арасынан кагаз жүзүндө түшкөн кайрылуулардын ичинде “Райондук шайлоо комиссиясынын курамынын үйлөрүн өрттөйбүз!” деген мааниде кат болгон. С. Карымшакова

Шайлооком мүчөлөрүн коркуткан кат

Деген менен жер-жерлерде айрым шайлоо комиссиялары эмитен эле коркутуп-үркүтүүгө кабылгандыгы кабарланууда. Алардын бири туурасында Ош облустук шайлоо комиссиясынын төрайымы Саткынай Карымшакова буларга токтолду:

- Жакында кайсыдыр бир партиянын өкүлдөрү Кара-Кулжада эл менен жолугушуптур. Ошол маалда калктын арасынан кат түрүндө кайрылуулар түшкөн. Анын биринин ичинен “Райондук шайлоо комиссиясынын курамынын үйлөрүн өрттөйбүз!” деген мааниде кат болгон. Ошондон кийин райондук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү “Биздин коопсуздугубузду камсыз кылышпаса, кантип иштейбиз?” деп, жергиликтүү бийликке катуу талап коюшкан.

Саткынай Карымшакова айтышынча, Кара-Кулжа районунун акиминин, прокурорунун жана милиция башчысынын катышуусунда эскертүү каты кеңири талкууланып, аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн коопсуздугу бийлик тарабынан кепилдик кылынгандан кийин гана алар жумушун улантып жатышат.

Антсе да, түштүктөгү тополоң маалында аскерлерден жана милиция кызматкерлеринен тартылып алынган калган куралдардын көбү элдин колунда калгандыгы, ал жарактар чагымчыл күчтөр тарабынан шайлоо күнү колдонулушу ыктымалдыгы айтылууда.

Жергиликтүү коомдук ишмер Керим Макеев ушундай ойдо экендигин жашырбайт:

- Курал-жарактын көпчүлүгү дале калктын колунда. Алар эртедир-кечтир сөзсүз атылат. Ошон үчүн шайлоочулар арасында коркуу сезими үстөмдүк кылганы бекеринен эмес. Эл бири-бирине ишенбей калды. А түгүл бийликтен биротоло түңүлүштү өңдөнөт. Менимче, чукул арада шектүү үйлөрдү тинтип, куралдарды токтоосуз жыйнаш керек. Антпесе, эртең кеч болуп калат.

Чыр чыгышына кимдер кызыктар?

... кандайдыр бир жасалма чыр-чатак уюштуруп, ага шылтоолоп өздөрүнө ылайыктуу лидерлерди бийликке алып келгенге аракет болушу ыктымал.
Т. Акеров

Ал эми саясий серепчи Табылды Акеров жер-жерлердеги шайлоо комиссияларын айрым партиялар опузалап күчкө салбаса, административдик ресурстар таптакыр колдонулбаса, алдыдагы парламенттик шайлоо тынч жана демократиялык мүнөздө өтөөрүнөн күмөн санабайт. Ошол эле учурда Кыргызстан ири державалардын стратегиялык кызыкчылыгынын барымтасында калды жана мунун акыры массалык башаламандыкка алып келиши ыктымал деп эсептейт.

- Айрым саясатчылар Орусияга барып, биринчи жетекчилери менен жолугуп кайтышы мына ушуну каңкуулап турат. Мындайча айтканда, алар кандайдыр бир жасалма чыр-чатакты уюштуруп, анын шылтоолоп өздөрүнө ылайыктуу лидерлерди бийликке алып келгенге аракет кылышы ыктымал.

Табылды Акеровдун пикиринче, жаңы жаңжалдарды жөнөкөй шайлоочулар каалабайт, ошентсе да кимдир бирөөлөр тарабынан чыр чыкса, аны ыкчам тынчытууга укук коргоо органдарынын күчү жана тажрыйбасы жетишээрлик.

А бирок ички иштер министри Зарылбек Рысалиев шайлоо убагында Кыргызстанга тышкы күчтөр таасир этип жатышат деген маалыматтарды четке какты. Анын кебине ылайык ошондой эле экстремисттик топтордун жана Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөлөрүнүн өлкөгө басып кирүүсү кыйын, анткени, чек аралар катуу корголууда, ал эми ашуулардан кар али кете элек.

XS
SM
MD
LG