Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:09

Шайлоо-2009: Каттоосуз жарандар кайдан добуш берет?


Кыргызстандын аймактарынан Бишкек шаарына иштегени же билим алганы келген атуулдардын бир бөлүгү шайлоого катышпай калышы мүмкүн. Мунун себеби - алардын көпчүлүгүнүн шаардык катоосу жоктугуна байланыштуу.

Айзат Жолдошбекова Бишкек шаарынын тургуну. Ал 23-июлда өтө турган президенттик шайлоодо добуш бере албайт. Себеби анын паспорту айылда катталган. Мен дагы өзүм тандаган талапкерге добуш бергим келет дейт ал.

- Келе жаткан президенттик шайлоого катышкым келип жатат. Бирок каттоом Ысык-Көлдө болгондуктан, бул жактан добуш бере албайт экенмин. Мектепти бүткөнүмө 7-8 жыл болду, ошондон бери бир дагы жолу добуш берүүгө катышкан эмесмин. Бизде бир сөз бар: “Эгер сен шайлоого катышпасаң, башкалар сенин ордуңа добуш берип коет” деген. Ошондуктан мен шайлоого катышкым келет. Бирок азыр Бишкекте каттоосу жоктор үчүн андай шарт түзүлгөн эмес.

Маалыматтарга караганда, Бишкек шаарында учурда 1 миллион чакты адам жашайт. Бирок алардын канчасы Бишкек шаарында катталганы тууралуу так маалымат жок. Баш калаанын чет жакасында орун алган “Келечек”жаңы конушундагы калктын саны 2009-жылдын март-апрель айларында өткөн эл каттоонун жыйынтыгы боюнча 7300 адамды түзгөн. Бирок алардын бир миң эки жүзүнүн гана шайлоого катышууга укугу бар экен.

Негизи бул конуштагылардын болгону жыйырмадай пайызы гана шайлоодо добуш берүү укугуна ээ дейт Келечек конушунун башчысы Гүлжан Шаршенбиева.

- Биздин кызматкерлер үймө-үй кыдырып тизмени жакшылап такташты. Бир миң эки жүзгө жакын адам катоодо турат экен. Ал эми жашагандардын саны көп болгону ички миграциянын кесепетинен деп айтаар элем. Конушта негизинен Кыргызстандын ар аймактарынан келгендер жашайт.

Кыргызстандын туш тарабынан “Дордой” базарына эмгектенгени келген адамдардын бир бөлүгү ишибизге жакын деп дал ушул “Келечек” жаңы конушундагы үйлөрдө батирде турушат. Биз аларга шайлоого катышасыңарбы деп суроо узаттык.

Алтынбек: - Биз ижарда келинчегим, мен жана карындашым болуп турабыз. Шайлоого катыша албайбыз го. Айылда болгондо добуш бермекпиз. Азыр айылга барыш үчүн шарт керек да. Акча тыйын жок болсо каяктан барабыз. Уруксат беришсе добуш бермекбиз, киргизбесе кайдагы добуш.

Динара: - Бул жакта добуш бере албайм да. Мүмкүнчүлүк болсо жакшы болмок. Каттоом айылда, бул жакта эмес. Ошон үчүн добуш бере албайт экенбиз.

Үстүбүздөгү жылдын башында Шайлоо кодексине ушундай жагдай боюнча да өзгөртүү киргизилген. БШК мүчөсү Самат Бөрүбаев ага ылайык эми каттоосу жок Кыргызстандын жараны болгону участкалык шайлоо комиссиясына арыз жазып коюп, добуш бере берсе болот дейт:

- Бул жакка башка жактан, мисалы, Нарынданбы же Көлдөнбү келип калган катоосу жок жарандар, шайлоо комиссиясына барып паспортун көрсөтүп өзү жашаган жактагы тизмеден чыгуу боюнча арызын берип, бул жактагы тизмеге кирсе болот. Алар комиссияга келип, “мени тигил жактагы тизмеден чыгарып, бул жакка киргизип койгула” деп арызын берсе, комиссия мүчөлөрү ал жактан чыгарып, бул жакка киргизип коюшат.

Баш калаада каттоосуз жашагандар тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жетиштүү маалыматка ээ, бирок ага карабастан биздин шайлоо укугубузду сактап калыш үчүн жетиштүү маалымат берилбей келет деп каттоосу жок шайлоочулар билдиришти. Алардын баамында, шайлоого катышпаган ар бир шайлоочунун добушу - көз боемочулукка түзүлгөн эң жакшы шарт болот.

XS
SM
MD
LG