Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:10

Елена Мешкова: “Г.Павлюктун өлүмү – саясий буюртма”


Геннадий Павлюк (жеке архивдик сүрөт)
Геннадий Павлюк (жеке архивдик сүрөт)

Кыргызстандык журналист Геннадий Павлюктун сөөгү Алматыдан Кыргызстанга бүгүн алынып келди. Аны менен коштошуу зыйнаты эртең, 24-декабрда Чолпон-Атада өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Аргументы и факты” гезитинин кабарчысы, журналисттин жакын досторунун бири Елена Мешкова кабарлады.

Елена Мешкованын айтымында, Г.Павлюк кырсыкка кабылып, киши колдуу болорун алдын ала эле билген. “Алматыга кетерден мурда үй-бүлөсүнө мурас катын жазып калтырган. Ал чын-тамаша иретинде “кокус өлүп калсам” деп айтып кеткен экен”, - дейт Е.Мешкова.

“Белый Парус” басылмасынын редактору, кыргызстандык журналист Геннадий Павлюк 17-декабрда Алматыда оор абалда табылган бойдон ооруканада эсине келбей 22-декабрда, таңында каза болду. Укук коргоо органдары журналист атайын кол салуунун натыйжасында өлтүрүлдү деген божомолду да иликтеп жатышат. Журналистти Алматыда көп кабаттуу үйдөн колу-бутун таңып, ыргытып жиберишкен деген маалыматтар айтылууда.
Геннадий “эгерде мен каза болсом, менин сөөгүмдү Чолпон-Атага койгула” деп айткан экен.


Геннадийдин Чолпон-Атада үйү бар болчу. Ага алдын ала коркутуулар болгондугунан улам жакында эле бул жакка келип, үй-бүлөсү үчүн мурас жазып калтырып кеткен экен. 51 жаштагы Геннадий Павлюк филология илимдеринин кандидаты болгон. Геннадий бир катар басылмаларда иштеген: “Вечерний Бишкек”, “РИФ”, “Комсомольская Правда”. Орусиялык “Аргументы и факты” гезитинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн башкы редактору да болуп иштеген.

“Азаттык” “Аргументы и факты” гезитинин кабарчысы Елена Мешкова менен байланышты:

“Азаттык”: Сиз кандай ойлойсуз, демек буга чейин эле коркутуулар болгон экен да?

Елена Мешкова: Ооба, буга чейин ага коркутуулар болгон. Анан 50 жашында адам мурас жазбайт да. Ошондуктан ал атайын келип мурас жазып кеткендигине караганда өзүнүн өмүрүнө олуттуу коркунуч туулуп жаткандыгын билген. Ал мурас жазгандан кийин, “эгерде мен каза болсом, менин сөөгүмдү Чолпон-Атага койгула” деп айткан экен.

Ал Чолпон-Атага үй курган эле, дача сыяктуу. Бул үйүн аябай эле жакшы көрчү. Билесизби, бул окуяны атайын эле саясий таризде киши өлтүрүү болду деп айтса болот. Ал түз адам болгон жана чындыкты көп жазчу. Мына ошентип чындыкты жазгандыгы Казакстандагы бирөө жарымга жакпай калып, эми минтип каза болуп отурат.

“Азаттык”: Анын үй-бүлөсү жөнүндө айта кетсеңиз. Буга чейин анын баласы каза болгон экен.
Бул окуяны атайын эле саясий таризде киши өлтүрүү болду деп айтса болот. Ал түз адам болгон жана чындыкты көп жазчу.


Елена Мешкова: Анын эки уулу бар эле. Улуусу Антонду 2005-жылы машина коюп кетип каза тапкан. Кичүүсү Ерослав 18 жашка чыгып калса керек.

Геннадий абдан таланттуу адам болгон. Андай журналист биздин өлкөдө аз эле санда деп ойлойм. Ал жакшы жетекчи да болгон. Мисалы, ал Орусиянын “Аргументы и Факты” гезитинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн жетектеп турган мезгилде, менимче 2003-жыл болсо керек, “АиФ в Кыргызстане” КМШ өлкөлөрүнүн арасындагы мыкты тиркеме аталып, Москвага барып биринчи орун сыйлыгын алып келген. Ошол мезгилде “Аргументы и факты в Кыргызстане” гезитинин нускасы башка өлкөдөгүлөргө караганда алдыга озуп чыккан болчу.

“Азаттык”: Рахмат сизге.

Геннадий Павлюк менен коштошуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:35 0:00

XS
SM
MD
LG