Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:26

Таласта "Гүлазык" долбоору старт алды


Изилдөөлөр көрсөткөндөй, Талас облусунда алты айдан 3 жашка чейинки наристелердин 70 пайыздан ашууну анемия оорусу менен жабыркашат. Муну менен кошо ушул курактагы ар бир үчүнчү баланын бою нормага жетпейт. Окумуштуулардын айтымында, бул көрсөткүчтөр балдардын тамак-ашында өсүү үчүн керектуу витаминдер жана микроэлементтер жетишсиздигинен келип чыкты. Ушул проблеманы чечүү максатында Саламаттыкты сактоо министрлиги жана ЮНИСЕФ уюму биргеликте Талас областында 6 айдан 2 жашка чейинки балдардын тамак-ашын “Гүлазык” аттуу витаминдүү-минералдуу кошулма менен байытуу боюнча долбоорду башташты.

25-июндан тарта аймактагы бардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна, айылдык ден-соолук комитеттерине жана фельдшердик-акушердик пунктарга жаш балдары бар ата-энелер келе башташты. Бул күнү аймакта “Гүлазык” программасы старт алды. Үй-бүлөлүк врач Тамара Бөкөшова бул кошулмаларды кантип колдонуу керектигин түшүндүрдү:

-Муну алты айдан баштап эки жашка чейинки балдарга күн алыстап бир жыл сегиз ай бересиңер. Мисалы каша же коюу тамакка кичине порошоктон кошуп койосуңар...

Врачтын айтымында Талас облусунда, дегеле бүткүл Кыргызстанда ачкачылык байкалбайт. Бирок көпчүлүктүн тамак ашы ар түрдүүлүк менен айырмаланбайт. Нан жана чай, камыр оокат жана эт менен чектелгендер көп кездешет. Натыйжада витамин жана минералдардын жетишсиздиги балдарга терс таасирин тийгизет дейт Тамара Бөкөшова:

-Балдар анемичный болуп жатышат. Салмагы жетишпейт, бою жакшы өспөйт.

Врачтын айтымында гүлазык берүү менен кошо ал ата-энелерге туура тамактануу эрежелерин да үйрөтүүдө. Балдарга буламык жасап, жашылча жемиштерин сүртүп бериш керек деген Тамара Бөкөшова, жаш энелердин айрымдары балдарга тамакты түрлөп даярдап берүүдөн эринээри байкалып жатат деп кошумчалады.

Бир жаш тогуз айлык баласы бар Асел балаcына түрлүү тамак-аш бергенге аракет кылам дейт. Бирок буга карабай Аселдин баласынын оюнга дити тартпай тез эле алсырап калат.

-Балам алсызыраак. Жашы экиге чыгайын деп калды бирок дагы эле жакшы баса албайт. Сүйлөгөнү да начар, көп жакшы сүйлөй албайт. Ошон үчүн ушул сыяктуу долбоорлор керек деп ойлойм.

“Гүлазык” кошулмасынын курамында темир, цинк, фолий кислотасы жана А, С витаминдери бар. Адистердин айтымында дал ушул өңдүү заттардын жетишсиздиги балдардын өнүгүүсүн кечеңдетет. Ал эми темир жана башка заттар жетиштүү болсо, балдар активдүү болуп, айлананы изилдегиси келип, зирек зээндүү болуп чоңоюшат. Порошок менен кошо ата-энелерге балдар менен ойноо үчүн түстүү китепчелер берилди. ЮНИСЕФтин өкүлү Тим Шафтердин белгилешинче, балдарга тамак аш менен кошо интелектуалдык азык да берилиши керек:

-Биз ата-энелерге бул китептерди бекеринен берген жокпуз. Алар балдарына китепти окуп берип, чүрпөлөрү менен ойноп, сүйлөшүп, ырдап айтор көбүрөөк алек болуулары керек. Бул балдардын кийинки келечегине чоң таасир тийгизет.

“Гүлазык” долбоору Талас облусунда он сегиз ай уланат. Мындан анын тассири ар тараптан изилденет. Эгерде изилдөө жакшы натыйжаны көрсөтсө балдардын тамак ашын байытуу боюнча жараян бүткүл өлкөнүн аймагында уланат.

XS
SM
MD
LG