Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:56

5-февраль: Тарых барактары


Кыргыз ССР Жогорку Совети 1991-жылдын 5-февралында борбор шаардын тарыхый ысмын калыбына келтирүү маселесин талкуулаган.
Кыргыз ССР Жогорку Совети 1991-жылдын 5-февралында борбор шаардын тарыхый ысмын калыбына келтирүү маселесин талкуулаган.

Энесайлык кыргыз беги Эренактын чапкынан кийин Красноярск жана Том воеводалары Кыргыз жергесине аскердик операция уюштурууну чечишкен. Орус аскерлери адегенде кыргыздар жашайт деген Терекли Йолго келишип, өрөөндөн кыргыздарды таппай калышкан.

Орус отрядын жетектеген Р.Старков менен И.Гречаниндер кыргыздар дагы бир амал ойлодубу деп шектенишип, Ак жана Кара Ийус өрөөндөрүнө аттанышкан. Алардын максаты Кыргыз ээлигине кирген красноярскилик аскерлер менен биригип, бирдиктүү күч менен кыргыздарга сокку уруу болгон. Бирок кыргыздар алардан озунуп, 1680-жылдын 5-февралында орус аскерлерине кандай капыстан кол салса, ошондой эле күтүүсүз жерден кайра тоо, ташка житип кетишкен.

Өзүнчө кыргыз атчандар бригадасын куруу туурасындагы Түркстан фронтунун Аскер кеңешинин 1920-жылдын 5-февраль күнкү Буйругуна В.В.Куйбышев өзү кол койгон.

Кыргыз АССР Борбордук Аткаруу комитети менен Элдик комиссарлар Кеңешинин 1929-жылдын 5-февраль күнкү Токтомуна ылайык колунда ири мал жаны бар байлар менен манаптардын мүлкүн конфискациялап, алар Кыргызстандын тышына айдалган.

Кыргыз Автономиялык областынын уюшулгандыгы туурасындагы Декларация 1925-жылдын январь айында кабыл алынган. Декларацияда Революциялык Комитет эмгекчил кыргыз калкынын туруктуу иштей турган өкмөтүн куруу максатында жумушчу жана дыйкандар Советинин Уюштуруу съездин чакырууга кирише тургандыгын белгилеген чечим чыгарган. Декларацияга ылайык Кыргыз областтык Революциялык Комитетинин Президиуму, 1925-жылдын 5-февралында Кыргыз Автономиялык областтык Советинин Бүткүл кыргыздын уюштуруу съездин чакыруу туурасында тарыхый чечим кабыл алган.

Кыргыз ССР Жогорку Кеңеши 1991-жылдын 5-февралында борбор шаардын тарыхый ысмын калыбына келтирүү маселесин талкуулаган. Айрым депутаттар шаар мурда Пишпек аталгандыктан, Фрунзе шаарынын Пишпек болуп өзгөртүүнү жакташкан. Айрым депутаттар Пишпек аталышы орус документтеринде гана жаңылыш белгилендиктен ал терминди кабыл алуу мүмкүн эместигин эскертишкен.

Коммунисттер болсо, М. В. Фрунзе Кыргызстанда туулган улуу полководец жана таанымал интернационалист экендигине басым жасашып, шаардын Фрунзе аталышында калышы тарыхый фактыга жооп берээрине басым жасашкан.

Акыры депутаттардын басымдуу көпчүлүгү азыркы борбор шаардын кашында XVIII кылымда жашап, калмак чапкынына каршы күрөшкөн белгилүү тарыхый инсан Бишкек баатырдын ысмын ыйгарууну туура көрүшкөн.

5-февраль Мексикада Конституция күнү катары белгиленет.

Пётр I 1721-жылдын 5-февралында Рухий коллегияны, башкача айтканда Ыйык өкүмдарлык Синодду негиздеген. Ыйык Синод чиркөө ишин тейлеш үчүн уюшулган.

Падыша Пётр I 1722-жылдын 5-февраль күнү монархтын мураскерин өзү тандай турган укук ыйгарган жардыкка кол койгон.

Москва шаарындагы Г.Г.Елисеевдин айтылуу дүкөнү 1901-жылдын 5-февралында ачылган.

Америка Кошмо Штаттарынын Кубаны беш жылдык оккупациясы 1904-жылдын 5-февралында соңуна чыккан. Бул күнү ала жылдыздуу асаба өлкөсүнүн аскерлери Эркиндик аралынан чыгарылган.

Блокадага алынган Ленинградды кургак тилке аркылуу өлкө аймагы менен кошкон Жеңиш жолу 1943-жылдын 5-февралында бүткөн.

Советтер Союзунун Министрлер Кеңеши менен КПСС Борбордук Комитетинин 1960-жылдын 5-февраль күнкү Токтомуна ылайык Москва шаарында Патрис Лумумба атындагы Элдердин достугу университети ачылган.
XS
SM
MD
LG