Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:32

6-февраль: Тарых барактары


Аликбек Жекшенкулов
Аликбек Жекшенкулов

«Телеграфный вестник» гезитинин биринчи саны 1916-жылдын бул күндөрү Пишпек шаарынын тургундарынын колуна тийген. Маалымдоо каражаты жеке типографияда басылып, анда жергиликтүү бийликтин буйрук, көрсөтмөлөрүнөн тышкары жарнамалар арбын жарыяланып турган.

Совет бийлигине каршы чыккан «Беловодск козголоңуна» катышкандардын мал-мүлкү мамлекеттин пайдасына конфискацияланган. Жети-Суу облустук партиялык уюму 1919-жылдын 6-февралында конфискацияланган мүлктү мурдагы ээлеринен ажыратып, коомдук жер айдоого колдонуу туурасында чечим чыгарган.

Кыргыз АССР Кеңешинин III съезди 1931-жылдын 6-февраль күнү ишин баштаган.

Улуу Ата Мекендик согуш аяктап, экономика кайра калыбына келтириле баштаган маалда, мүлк уурдагандарга каршы айосуз күрөш жарыяланган. Фрунзе шаарында 1949-жылдын 6-февралында өткөн сот иши коомчулуктун үрөйүн учуруп, үшүн алган. Чүй райпромкомбинаттын директору Алиев сапатсыз бут кийим чыгаргандыгы жана булгаары уурдагандыгы үчүн 20 жылга, «Пищевик» артелинин цех жетекчиси Албогачиев сапатсыз шарап жасагандыгы үчүн 7 жылга эркинен ажыратылган.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун кезектеги кеңеши 2003-жылдын бул күнү Вена шаарында ишин баштаган. Уюм ишине катышкан ЕККУдагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү Аликбек Жекшенкулов 2003-жылдын 2-февралында Кыргызстанда өткөн Конституциялык референдум туурасында маалымат берген. Элчи референдум эл аралык талаптарга жана кыргыз өкмөтүнүн ЕККУга берген милдеттемелерине ылайык өткөрүлгөндүгүн белгилеген.

Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын кезексиз чакырылган XVIII сессиясы 2004-жылдын 6-февралында ишин баштаган. Сессиянын башталыш күнү мамлекеттик кадр маселеси каралып, президенттин көрсөтмөсүнө ылайык Жогорку соттун төрайымы Нэля Бейшеналиева кызматынан кетип, анын ордуна мурдагы юстиция министри Курманбек Осмонов дайындалган.

Кыргыз Республикасынын «Өкмөт структурасы туурасындагы» кезектеги мыйзамы 2007-жылдын 6-февралында кабыл алынган.

Рим папасы Клемент III 1191-жылдын 6-февралында «Тевтон орденин» негиздеген. Тевтон орденинин девизи «Helfen — Wehren — Heilen» («Жардамдаш - Корго - Даарыла») деген маани алып, ал диний багытта иш алып барган. Орден Рим Папасына жана Ыйык Рим империясынын императоруна баш ийген.

Массачусетс 1788-жылдын 6-февраль күнү АКШ Конституциясын ратификациялып, өлкөнүн алтынчы штатына айланган.

Елизавета II 1952-жылдын 6-февралында такка отуруп, Бириккен Улуу Британия Королдугу, Түндүк Ирландия жана 15 мамлекеттин улутун бириктирген Шериктештиктин ханышасы аталган.

Максимилиан I 1508-жылдын 6-февралында Ыйык Рим империясынын императордук титулун алган.

Коммунисттик партиянын соңку идеологдорунун бири - Егор Лигачев КПСС Борбордук Комитетинин 1990-жылдын 6-февралында өткөн пленумунда «шайтандай иштегим келет» деп билдирген. Андан көп өтпөй ал Политбюро мүчөлүгүнөн алынган.

Финляндияда өткөн президенттик шайлоо жыйынтыгына ылайык 2000-жылдын 6-февралында биринчи жолу аял өлкө президенти болуп шайланган. Социал-демократиялык партиянын өкүлү, ты%
XS
SM
MD
LG