Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:11

7-март: Тарых барактары


1966-жылдын 7-мартында Франциянын НАТО аскердик уюмунан чыга тургандыгын жар салган.
1966-жылдын 7-мартында Франциянын НАТО аскердик уюмунан чыга тургандыгын жар салган.

Артиллерия капитаны Рейнтал 1870-жылдын 7-мартында Суусамыр жана Соңкөлдө өткөн кыргыз урууларынын курултайы туурасында Жетисуу облусунун Аскер губернаторуна рапорт жолдогон.

Билдирүүдө айрым таасирдүү кыргыздардын орус бийлигин алмаштырууга аракет жасагандыгы кабатырлануу менен белгиленет. Курултайга кыргыз бийлери катышпай, ага пайда издеп, жеке кызыкчылыгын көздөгөн байлар келгени айтылат.

Курултайга келген кыргыздар Шабдан Баатырды «уезддик начальник» катары кабыл алып, адамдар анын айтканын эки кылбай аткарып калганы маалымдалат. Артиллерия капитанынын айтымында, курултайда кыргыздар эки жаатка бөлүнүшүп, ким күчтүү жана амалдуу болсо ошонун өктөмү арткан экен.

Пишпек казначействосу 1906-жылдын 7-мартында милициянын Аскер старшинасы Шабдан Жантаевге пенсия чегерүү туурасында билдирүү жөнөткөн. Билдирүүдө Шабдан Баатырга 1875-жылдын 1-октябрынан тарта 8 рубль көлөмүндө жылдык пенсия чыгарылгандыгы айтылат.

Түркстан Кеңешинин VII Чукул чакырылган съезди 1919-жылдын 7-мартында ишин баштаган. Кеңеш жыйыны март айынын 31-чейин улантылып, анда республиканын уюушулуш маселеси, партиялык курулуш сыяктуу маселелер талкууланган.

Кыргыз АССР Кеңешинин I Уюштуруу Курултайы 1927-жылдын 7-мартында ишин баштаган. Курултайга республиканыны булуң-бурчтарынан чакырылган 238 делегат катышып, алардын 107 кыргыз, калганы башка улуттардын өкүлдөрү болушкан.

Курултайдын биринчи күнү Кыргыз Автономиялык облусу, Кыргыз Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасы болуп өзгөртүлгөндүгү делегаттарга жар салынган. Андан соң Кыргыз АССРинин уюшулушу туурасында Декларация кабыл алынып, республиканын маданий курулушуна айрыкча маани берүү сыяктуу олуттуу чечимдер чыгарылган.

«Кыргыз АССРиндеги жалпы билим алууну киргизүү», “Кыргыз АССРиндеги жаңы кыргыз алфавитин кабыл алуу” сыяктуу токтомдор Кыргызстандын кийинки илим, билим багытындагы келечек өнүгүүсүн аныктаган.

Рим императору Улуу Константин I 321-жылдын 7-мартындагы жардыгына жараша жекшемби дем алыш күн деп белгиленген.

Рим папасы 1530-жылдын 7-март күнү англис королу Генрих VIII ажырашууга уруксат бербей койгон. Король муну кордоо катары кабыл алып, англикандык чиркөөнү курууга киришкен.

Иван Фёдоров 1573-жылдын 7-мартында Львов шаарында биринчи типографияны ачкан.

Француз королу Людовик XIV 1657-жылдын 7-мартында Америкалык индеецтерге спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салган.

Он эки жаштагы Ференц Лист 1824-жылдын 7-март күнү Париж шаарында биринчи концертин берген. Париж концертиндеги ийгилик жаш музыканттын атагын алыска чыгарууга жол ачкан. Көп өтпөй Ференц Листти Англия чакырып, ал Англия королу Георг IV чеберчилигин көрсөткөн.

Сириянын Улуттук конгресси 1920-жылдын 7-март күнү өлкөнүн эгемендигин кабыл алган.

РКП(б) Борбордук Комитети 1924-жылдын 7-мартында Советтер Союзунда акча реформасы жасала тургандыгын билдирген.

Чыгыш Германия аймагында 1946-жылдын 7-март күнү эркин немис жаштарынын Биримдиги уюшулуп, анын төрагалыгына Эрих Хонеккер шайланган.

Никита Хрущёвдун 1963-жылдын 7-март күнкү советтик интеллигенция менен жолугушуу маалында компартия башчысы акын Андрей Вознесенскийге өлкөдөн чыгып кетүү туурасында сунушун айткан.

Франция президенти Шарл Де Голл 1966-жылдын 7-мартында Франциянын НАТО аскердик уюмунан чыга тургандыгын жар салган.

КПСС БК, СССР министрлер совети жана ВЦСПСтин 1967-жылдын 7-март күнкү токтомуна ылайык Советтер Союзундагы ишкана, мекемелер менен уюмдардын кызматкерлери үчүн 1 жумада 5 күндүк жумушчу жана 2 күндүк дем алыш белгиленген.

Жазуучу Салман Рушдинин жаңы китебине байланыштуу Иран мамлекети 1989-жылдын 7-мартында Британия менен дипломатиялык мамилени үзгөн.
XS
SM
MD
LG