Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:36

20-март: Тарых барактары


Коалициялык күчтөр 2003-жылдын 20-март күнү Иракка киришкен.
Коалициялык күчтөр 2003-жылдын 20-март күнү Иракка киришкен.

Орус бийлиги Чыгыш Түркстан жана Индия багытында соода жолун өздөштүрүү максатында экспедиция жабдып, ага губерниялык статс-котормочу Андрей Леонтьевич Бубеновду кошуп жиберген.

Кийин кыргыз бийлери Шапак, Шералы, Эшим жана башкалар орус бийлиги менен кызматташуу максатында өз элчилерин А. Л. Бубеновго кошуп империяга жөнөтүшкөн. Кыргыз элчилери Качыбек менен Жакыпбек Сибирдеги орус бийлиги менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.

Сибирь генерал-губернатору Гланзеп элчилерди жеке өзү кабыл алып, Качыбекке кызыл жагоолуу алтын медаль, Жакыпбекке бриллиант шакек берүү өтүнүчү менен империянын Министрлер комитетине кайрылган. Генерал-губернатордун өтүнүчү Министрлер комитетинде каралып, 1814-жылдын 20-март күнү кыргыз элчилерен сыйлоо маселеси оң чечилген.

Жети-Суу облус штаб башчысы генерал-лейтенант Яковлев 1854-жылдын 20-мартында Сибирь корпусунун командири Г. Х. Гасфордго билдирүү жолдогон. Билдирүүдө Үмөтаалы Ормоновдун 1854-жылдын 12-февралында жазган каты жана андагы маалымат туурасында түшүндүрмө берилет.

Генерал-лейтенанттын кабарлоосуна караганда кокондуктар жаз келээр менен Или өрөөнүнө кол сала тургандыгы жөнүндө маалымат алынган жана аны Үмөтаалы Ормонов да жазган катында аныктаган. Ошол эле кезде, ал акыркы кабарга сын көз менен карап, кокондуктардын акыркы жеңилиши, аларды чечкиндүү чара көрүүдөн сестендире тургандыгын билдирген. Штаб башчысы кокондуктар кол сала турган багытты бекемдеп, кошумча аскер күчүн тартуу зарылчылыгын көрсөткөн.

Кокон өкүмдары Худаярдын өзүмбилди наадандыгына нааразы болгон сарай кызматкерлери 1874-жылдын 20-март күнү ханга каршы кутум уюуштуруп, хандыкта төңкөрүш жасоого аракет жасашкан. Төңкөрүш башында турган кыргыздын багыш уруусунун башчысы Кантөрө баатыр такка хандын экинчи уулу Мухаммад Аминди алып келүүнү көздөгөн.

Кутумга кыргыздын багыш уруусу, Кантөрө баатырдын тууган, уругу жана жакын санаалаштары катышкан. Кутумчулар ханга шаардан сыртка чыккан маалда кол салып, хандын көзүн тазалоону пландаштырышкан. Бирок кутумчулар арасынан Мадалибек чыккынчы чыгып, болгон сырды ханга билдирген. Худаярдын көрсөтмөсү боюнча Кантөрө баатыр 16 жолдошу менен камакка алынып, кийин сууга чөктүрүлүп өлтүрүлгөн.

Совет өкмөтүнүн жооптуу жетекчилери М. В. Фрунзе менен В. В. Куйбышевдер 1920-жылдын 20-мартында Пржевальск уездинин партиялык комитетине телеграмма жолдошкон. Телеграммада жергиликтүү кулактардын зыянкеч аракеттери көрсөтүлүп, аларга каршы чечкиндүү күрөш жүргүзүү зарылчылыгы белгиленет.

Дүйнө жүзүндөгү французча сүйлөгөндөр 20-мартта эл аралык франкофония күнүн белгилешет. Азыркы тапта франкофония биримдиги 47 өлкөнү кучагына камтыйт.

Гай Юлий Цезардын сөөгүн жерге берүү маалында б.з.ч. 44-жылдын 20-март күнү Рим консулу Марк Антоний маркумдун Цезардын керээзин элге угузган. Цезардын керээзинде ал небереси Гай Октавийди бала катары асырап алгандыгы жана аны мураскору катары калтыргандыгы айтылган.

Эльба аралынан качып чыккан Наполеон Бонапарт 1815-жылдын 20-март күнү шаң салтанат менен Парижге кирген. Ошентип качкын императордун жүз күндүк башкаруусу башталган.

А. С. Пушкиндин «Евгений Онегин» чыгармасы 1833-жылдын 20-мартында жарык көргөн.

Финляндиянын Конституциясы 1917-жылдын 20-март күнү кайра калыбына келтирилген.

Москва метрополитенин куруу туурасындагы ВКП(б) Борбордук Комитетинин чечими 1933-жылдын 20-мартында кабыл алынган.

КПСС Борбордук Комитети 1948-жылдын 20-март күнү Югославиянын жетекчилигин марксисттик багыттан тайгандыгы үчүн айыптаган.

Тунис мамлекети 1956-жылдын 20-мартында Франциядан бөлүнүп эгемендикке жеткен.

Тоолуу Карабак обком партиясы 1988-жылдын 20-мартында Арменияга кошулгандыгын билдирген токтом кабыл алган.

Орусия Федерациясынын Баатырдык наамы 1992-жылдын 20-мартында бекитилген.

Коалициялык күчтөр 2003-жылдын 20-март күнү Иракка киришкен.

Ирак согушунун беш жылдыгына байланыштуу 2008-жылдын 20-март күнү АКШда согушту айыптаган массалык айыптоо жүрүштөр өткөн.
XS
SM
MD
LG