Мектептер коомунун төрагасы билим берүү тармагынын көйгөйүн көтөрүп, Шабдан Баатырдын билимге көңүл буруп, булл тармакка ар дайым колдоо көрсөтүп келгенин баса белгилейт. Иван Колпаковский коомго камкордук көрсөткөн адамдар «анык» жана «ардактуу» деп эки топко бөлүнө тургандыгын маалымдайт. Каттын соңунда ал Шабдан Баатырдан мектептер коомуна кайрымдуулук ирээтинде жардам көрсөтүүнү өтүнгөн.
Пржевальск уездине караштуу Преображенское айлында 1916-жылдын 28-март күнү бийликке каршы козголоң башталган. Кыймылга жалаң адамзаттын ажайып бөлүгү катышкандыктан ага «аялдар козголоңу» деген аталыш ыйгарылган.
Согуш айынан жаралган каатчылык жана базар баасынын опсуз кымбатташына нааразы болгон айымдар базардагы дүкөндөрдү талкалап, оокат-ашты талап алышкан. Бийлик козголоңду ырайымсыз басып, тартип бузууга катышкан 300 чамалуу айымдын жетимиштейин камакка алган.
Кара-Кыргыз автоном облустук Биринчи Уюштуруу курултайында айыл чарба кооперацияларын уюштуруу жана анын ишин жандандыруу маселесине айрыкча көңүл бурулган. Кыргыз мамлекетин түптөөчүлөрүнүн көрүнүктүү өкүлү эсептелген Абдыкерим Сыдыков 1925-жылдын 28-март күнү С. Чукин жана Г. Г. Гросстун баяндамалары боюнча жарыш сөзгө чыккан.
Баяндамачы Кыргызстанда кооперация иши жаңыдан башталгандыгын жана изги саамалык айрым аймактарда колдоого алынбай жаткандыгын белгилеген. Мындан тышкары А. Сыдыков кооперацияны өркүндөтүш үчүн Айыл чарба банктарынын ишин жандандыруу зарылчылыгына көңүл бурган.
Чуулгандуу парламенттик шайлоодон кийин 2005-жылдын 28-мартында Кыргызстандын мыйзам чыгаруу тармагында «кош бийлик» кырдаал жаралган. Борбордук шайлоо комиссиясы жаңы шайланган Жогорку Кеңештин ыйгарым бийлик укугун тааныган соң, мурдагы кош палаталуу парламент автоматтык түрдө мыйзам мейкиндигинен чыгарылган. Бирок буга чейин жаңы шайланган депутаттар Жогорку Сотто катталбаганына байланыштуу, өткөн чакырыктагы жана жаңы шайланган парламент экөө тең бирдей укукта ишке киришкен.
Жогорку Кеңеш имаратында 1917-жылкы Смольный сымал, эртең менен бир парламент, андан кийин экинчиси, түштөн соң Эл өкүлдөр палатасы чогулуп, тынымсыз жыйын өткөрүлдү.
Чуулгандуу парламенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Текебаевдин саясий жылдызы жанып, 2005-жылдын 28-март күнү Жогорку Кеңеш төрагалыгына шайланган. Өмүрбек Текебаевдин бир жыл чамалуу спикерлик кызматы анын такшалган саясатчы катары калыптанышына, кеңири коомчулукка таанылышына жана Кыргызстандагы кыйчалыш саясий кырдаалда Жогорку Кеңештин турукташып, уюмдашышына салым кошкон.
Рим империясы 364-жылдын 28-мартында Чыгыш жана Батыш болуп экиге бөлүнгөн. Император Валентин империянын чыгыш бөлүгүн бир тууганы Валенске берип, өзү болсо батыш тарапты башкарып калган.
Константинополдогу Бүткүл ааламдык собор 681-жылдын 28-март күнү Рим Папасы Гонорий I ерестиги үчүн күнөөлөгөн.
Иван III 1462-жылдын 28-март күнү Москва Улуу княздыгынын башкарууга киришкен.
Фернан Магеллан 1521-жылдын 28-мартында биринчилерден болуп филиппиндик аборигендер менен байланыш курган.
Екатерины II буйругуна ылайык 1763-жылдын 28-мартында орус митрополити Арсений камакка алынган.
Америка Кошмо Штаттарында 1797-жылдын 28-март күнү кир жуугуч машина патенттелген.
Неаполитан королдугу 1801-жылдын 28-мартында Францияга Эльба аралын берген.
Архитектор К. И. Россинин долбооруна жараша Ак сарай аянты (Дворцовая площадь) 1819-жылдын 28-март күнү кайра курула баштаган.
Кошмо Штаттардын Техасты аннексиялашына байланыштуу Мексика 1845-жылдын 28-март күнү Вашингтон менен дипломатиялык мамилени үзгөн.
Герман империясын курууга жол ачкан империялык Конституцияны Франкфурт Улуттук жыйыны 1849-жылдын 28-мартында кабыл алган.
Орусиядагы биринчи аялдар гимназиясы 1857-жылдын 28-март күнү Петербург шаарында ачылган.
Б. Н. Ельциндин 100 миң чамалуу тарапташтары 1991-жылдын 28-март күнү Москва шаарында демонстрацияга чыгышып, М. С. Горбачёвдун бийлиги Москвага аскер киргизген.