Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:34

13-апрель: Тарых барактары


ТАСС маалымат агенттиги 1990-жылдын 13-апрелинде Катынь токоюндагы каргаша тууралуу кабар тараткан.
ТАСС маалымат агенттиги 1990-жылдын 13-апрелинде Катынь токоюндагы каргаша тууралуу кабар тараткан.

Кыргыздар 840-жылы Уйгур каганатын талакалагандан кийин жеңилген тарап ар кайсы жакка бытырап качкан. Кытай жазма булактарында уйгурлардын Уцзе каганы 842-жылдын бул күндөрү кытай ханайымы Тай-хэни алып, түштүк тарапка жер которгондугу кабарланат.

Уйгурлар кыргыздардын кысымынан качып, Кытай өлкөсүнүн түндүк чек арасына ыктай жайгашкандыгы жана мындай жакындык империянын ички коопсуздугуна коркунуч жаратаары белгиленет. Кытай стратегдери уйгурлардын кол салуусунан кооптонушуп, алардын күчүн кыргыздардын колу менен жок кылуу максатында, кыргыз өкүмдарына кат аркылуу кайрылышкан.

Акмоло округунун Тамин волостунда Кененсары хандын кыргыздар тарабынан колго түшүрүлгөндүгүн билдирген жардык 1847-жылдын 13-апрелинде жарыяланган. Орус бийлиги Кененсары хандын сары изине чөп сала кууп, ал жүргүзгөн саясаттан тарта, казактардын кыргыздарга кол салганына чейин саксактап көзөмөлгө алып турган. Волосттук жардыкта Кененсары менен кошо Ноорузбай, Кудайменди жана Эржан баатырлардын кыргыздар тарабынан туткундалганы кабарланат.

Фрунзе шаардык Аткаруу комитетинин 1961-жылдын 11-апрель күнкү чечимине ылайык Эт комбинаты көчөсүнүн аталышы Юлиус Фучик болуп өзгөртүлгөн.

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу илим адамдары 1994-жылдын 13-апрелинде нааразылык митингге чыгышкан. Илим академиясында маяна берилбей жана айлык акыга акча табылбай окумуштуулардын орундары кыскартыла баштаган. Эгемен республиканын жетекчилиги жүргүзгөн саясатка жаны ачыган илим адамдары айлык акы жана эмгек орундарын сактап калуу талабы менен митинг уюштурушкан.

Крестүүлөрдүн Төртүнчү жортуулу маалында 1204-жылдын 13-апрелинде Константинопол басылып алынып, шаар талоонго алынган.

Англиянын тарыхында 1360-жылдын 13-апрели - Кара дүйшөмбү деп аталат. Король Эдуарддын аскери бул күнү катуу мөндүр жана нөшөрлөп төккөн жамгырга кабылып, алардын көбү кырылып калган.

Нью-Йорктун Шаардык Искусство музейи 1870-жылдын 13-апрелинде негизделген.

Америка Кошмо Штаттарынын үчүнчү президенти, эгемендик Декларациясынын автору Томас Жефферсон 1743-жылдын 13-апрелинде жарык дүйнөгө келген. Томас Жефферсон Биринчи америкалык буржуазиялык революциянын көрүнүктүү өкүлү болгон. Анын президенттик маалында Кошмо Штаттар Луизиананы Франция мамлекетинен сатып алган жана Льюис менен Кларктын 1804-1806-жж. экспедициясы уюштурулган.

Мюнхендеги контрреволюциялык козголоң 1919-жылдын 13-апрелинде басылып, коммунисттер башында турган Бавария Советтик Республикасы уюшулган.

Лондондогу Уэмбли стадиону 1923-жылдын 13-апрелинде салтанат менен ачылган.

Бүткүл Союздук азиздер коому 1925-жылдын 13-апрелинде уюшулган.

Советтер Союзу менен Жапония ортосундагы Кол салбоо туурасындагы пактка 1941-жылдын 13-апрелинде кол коюлган.

Вашингтондогу Томас Жефферсондун Мемориалы 1943-жылдын 13-апрелинде ачылган.

Советтик аскерлер 1945-жылдын бул күнү Австриянын борбору Вена шаарын немистик-фашисттерден бошотушкан. Белгилүү болгондой, Улуу Ата мекендик согушка 300 миңге жакын кыргызстандыктар катышкан жана алардын айрымдары аталган аскер операцияларынын арасында болгон.

Франция мамлекети 1960-жылдын 13-апрелинде Сахарада өзөктүк сыноо өткөргөн. Ошону менен Франция өзөктүк сыноолорду жүргүзгөн төртүнчү өлкө болуп калган.

Калк каттоо бюросунун 1987-жылдын 13-апрель күнкү билдирүүсүнө ылайык Жер шаарындагы калктын саны 5 миллиарддан ашкан.

ТАСС маалымат агенттиги 1990-жылдын 13-апрелинде Катынь токоюндагы каргаша тууралуу кабар таратып, Улуу Ата мекендик согуш маалындагы поляк офицерлеринин атылышы боюнча НКВД жооптуу экендигин билдирген.
XS
SM
MD
LG