Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:00

25-май: Тарых барактары


Вена Опера имараты 1869-жылдын 25-майында ачылган.
Вена Опера имараты 1869-жылдын 25-майында ачылган.

Кыргыздардын бугу уруусунун элчилиги 1825-жылдын бул күндөрү Омск шаарында жүргөн. Орус архивдик материалдарына караганда, бугулардын-белек, желдең, арык урууларынын элчилери үч талап менен Омскиге келишкен. Кыргыз элчилигинин биринчи талабы: элчиликти Санкт-Петербургдагы Улук Ордого жиберүүсү өтүнүшкөн. Экинчи талап: аларга жайгашканга жер берип, анда тартип орнотулушун талап кылышкан. Үчүнчү талап: башаламандыкты тыйып, кербен жолун коргоону суранышкан.

Таанымал саякатчы Ч. Ч. Валиханов 1856-жылдын 25-май күнү Сан-Таштын оозундагы Түп суусунун боюна түнөп, мындагы жер шарты, жаратылыш дүйнөсү жана элдик уламыштар туурасында маалымат топтогон. Анын жазганына караганда, Сан-Таш боюнча эле эл оозунда бир канча уламыш айтылып келген жана алардын бири – Сан-Таш Тамерлан маалында пайда болгондугу кабарланат.

Пишпек аткаруу комитетинин эл депутаттар кеңеши 1919-жылдын 25-майында 1-Пишпек советтик полкунун командири Яков Логвиненкого арыз менен кайрылышкан. Арызда кызыл аскерлердин калк арасында башаламандык чыгарышына жол берилбестигин жана алардын тартип бузуп, шаардын бейпилдигине доо кетирген аракетине тыюу салуу маселеси айтылат. Мындан тышкары кызыл аскерлердин мас абалында шаарга чыгышына жол бербөө жана адамдарды талап, тоноолорун токтотулушу талап кылынат.

Бүткүл союздук Борбордук Аткаруу комитетинин токтомуна ылайык, 1925-жылдын 25-май күнү Кара-кыргыз автономиялык областы Кыргыз автономиялык облусу болуп өзгөртүлгөн.

Кыргызстан КП БКнын V Пленуму 1959-жылдын 25-май күнү ишин баштаган. Пленумда КПССтин XXI съездинде каралган партиялык уюштуруу иштерин жандандыруу жана саясий үгүт ишти илгерилетүү талаптарын аткаруу маселелери талкууланган.

Таанымал акын жана жазуучу Шадман Садыбакасов 1932-жылдын бул күнү жарык дүйнөгө келген.

Александриялык хронология боюнча азыркы дүйнөнүн шарттуу башталыш тарыхы б.з.ч. 5493-жылдын 25-май күнү менен катталган.

Египет фараону Тутмос III б.з.ч. 1468-жылдын 25-май күнү Мегиддо алдындагы салгылашта жеңишке жетишкен.

1731-жылдын 25-майында Ладога каналы аркылуу кемелер сүзө баштаган.

Филадельфиядагы Түндүк Америка банкы 1781-жылдын 25-майында негизделген.

Жорж Вашингтон жетектеген Конституциялык Конвент 1787-жылдын 25-май күнү Филадельфия шаарына чогулуп, Америка Кошмо Штаттарынын Конституциясын иштеп чыгууга киришкен.

Аргентина 1810-жылдын 25-май күнү Испанияга карата күңкор эмес экендигин жарыялап, өлкөдө революциялык кыймыл башталган.

Император Николай I 1826-жылдын 25-майында тарыхчы Карамзинге Италиядан барып даарыланышы үчүн 50 миң рубль акча берүү туурасында буйрукка кол койгон.

Франциянын жумушчулары 1864-жылдын 25-майында стачка өткөрүшүп, нааразычылык натыйжасында кесиптик уюмдарга биригүүгө укук алышкан. Ал эми 1956-жылы болсо, 16-18 жаштагы улан-кыздар үчүн 6 сааттык жумушчу күнү белгиленген.

Одессадагы Новороссийск университети (азыркы И. И. Мечников атындагы Одесса мамлекеттик университети) 1865-жылдын 25-май күнү негизделген.

Вена Опера имараты 1869-жылдын 25-майында ачылган.

Канаданын падышалык илим коому 1882-жылдын 25-май күнү уюшулган.

Эсер партиясынын III съезди 1917-жылдын 25-май күнү Москва шаарында ишин баштаган.

Иордания 1946-жылдын 25-май күнү Англиядан бөлүнүп, эгемендик алган.

Советтер Союзунун Жогорку Кеңешинин Президиумунун 1956-жылдын 25-май күнкү жардыгына ылайык, 1-июлдан тарта совет өлкөсүндөгү 16-18 жаштагы өспүрүмдөр үчүн 6 сааттык жумушчу күн киргизилген.

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жон Ф. Кеннеди 1961-жылдын 25-май күнү кийинки он жылдык ичинде улуттун эң башкы максаты – адам баласынын Айга конушу деп билдирген.

Аддис-Абеба шаарында өткөн африкалык өлкөлөрдүн I конференциясында 1963-жылдын 25-май күнү Африкалык биримдик уюму негизделген. Бириккен Улуттар уюму бул күндү Африканын Боштондук күнү деп жарыялаган.

СССР элдик депутаттарынын I съезди 1989-жылдын 25-май күнү Москва шаарында ишин баштаган.

Совет өкмөтүнүн төрагасы Н. И. Рыжков өткөөл мезгил үчүн камдалган «жөнгө салынчу рынок экономикасынын» программасын 1990-жылдын 25-май күнү сунуш кылган.

Хакассия биринчи Конституциясы 1994-жылдын 25-май күнү кабыл алынган.

Токио шаарында өткөн «Мультипликациялык Лапута фестивалында» Юрий Норштейн тарткан «Тумандагы кирпи» аттуу тасма 2003-жылдын 25-май күнү бардык мезгилдеги жана бүткүл элдердин мыкты мультфильми деп таанылган.
XS
SM
MD
LG