Түркстан чөлкөмүнүн Мусулмандар кеңешинин 1917-жылдын бул күнкү чогулушунда бардык шаар, уезддик, волосттук Мусулмандар кеңешин бириктирүү туурасында чечим чыгарылган. Мусулмандар кеңешинин мындай бүтүмгө келишине алардын ар кимиси өз «көмөчүнө күл тартып», жалпы ишке кедерге келтириши себеп болгон. Чогулушка Түркстан чөлкөмүнүн Мусулмандар кеңешинин төрагасы Мустафа Чокаев жана катчы Ахмед Зеки Валиди катышкан.
РКП (б)нын Борбордук комитетинин улуттук республикалар жана облус жетекчилери менен өткөргөн IV жыйыны 1923-жылдын 12-июнунда соңуна чыккан.
Орто Азия калктарынын тарыхы үчүн 1924-жылдын 12-июнь күнү маанилүү дата. РКП (б)нын Борбордук комитети бул күнү «Орто Азия республикаларынын улуттук-мамлекеттик бөлүнүшү туурасында» Токтом кабыл алган. Партия чечимине ылайык Орто азиядагы улуттук мамлекеттик биримдиктер пайда болуп, кийин ал XX кылымдын соңундагы күңкорсуз өлкөлөрдүн жаралышына негиз болуп берди.
Борбор шаардын Эмен сейил багында Сүрөт галереясында 1938-жылдын бул күнү сүрөтчү Семен Чуйковдун биринчи чыгармачыл көргөзмөсү ачылган. Салтанаттуу ачылышта С. Чуйковдун «Кыргыз эне» аттуу чыгармасы Түштүк Африканын Йоганнесбурс шаары тарабынан сатылып алынганы кабарланган.
Людовик XIV сарай доктору Жан-Батист Денни 1665-жылдын 12-июнь күнү дүйнөдө биринчи жолу 15 жашар уланга ийгиликтүү кан куйган.
Британиялык граф Томас Селкирк 1811-жылдын 12-июнь күнү Түндүк Америкадагы азыркы Манитоба, Миннесота жана Түндүк Дакотадагы 300 миң км² (граф жашаган Шотландиядан беш эсе көп) жерди болгону жылдык 10 шиллингдик төлөм менен алган.
Айтылуу банкир Натан Ротшильд лондондук «Морнинг Кроникл» гезитинин 1815-жылдын 12-июнь күнкү санына, Ватерлоо салгылашында Наполеон Бонапарттын жеңгендиги туурасында жалган кабарды чагымчылдык менен алдын ала жарыялаткан. Ансыз да арң турган Европанын финансы дүйнөсүнө дүң салынып, мындан пайдаланган Ротшильд акцияларды арзан баада сатып алганга үлгүргөн.
Австрия-Венгрия империясы 1867-жылдын 12-июнь күнү түптөлгөн.
Карл Элзенер 1897-жылдын 12-июнь күнү айтылуу швейцариялык аскер бычакты патенттеген.
Кубанын жаңы Конституциясы 1901-жылдын 12-июнь күнү кабыл алынган. Баш мыйзамда Америка Кошмо Штаттарынын орду айрыкча белгиленип, Куба де-факто эркиндигинен ажырап, АКШнын протекторатына айланган.
Анархизмдин ана башчысы Пётр Кропоткин 1917-жылдын 12-июнь күнү эбегейсиз салтанат менен Орусияга эмиграциядан кайтып келген.
Венера планетасынын атмосферасы туурасында биринчи маалымат алган “Венера-4” космостук корабли 1967-жылдын 1-июнь күнү космоско учурулган.
Франция өкмөтү 1968-жылдын 12-июнь күнү демонстрацияларга тыюу салып, 11 студенттик уюмду тараткан.
Львов тарыхый-архитектуралык коругу 1975-жылдын 12-июнь күнү уюшулган.
СССР Жогорку Кеңеш Президиумунун төрагасы М. Горбачёв менен Батыш Германия канцлери Г. Коль 1989-жылдын 12-июнь күнү Бонн шаарында Европалык өлкөлөр каалагандай саясий өнүгүүсүн чече ала турган келишимге кол коюшкан.
Советтер Союзунда 1990-жылдын 12-июнь күнү цензурага тыюу салынган.
Борис Ельцин 1991-жылдын 12-июнь күнү Орусиянын президенти болуп шайланган.
Ленинградда референдумга катышкан шайлоочулар 1991-жылдын 12-июнь күнү шаарга анын Санкт-Петербург тарыхый аталышын кайра кайтаруу үчүн добуш беришкен.
Президент Борис Ельциндин 1994-жылдын 12-июнундагы жардыгы менен 12-июнь Орусиянын мамлекеттик эгемендик Декларациясын кабыл алган күн деп жарыяланган.