Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:03

6-июль: Тарых барактары


Казакстан парламенти өлкө борборун Алматыдан Акмолого которуу туурасындагы чечимди 1997-жылдын 6-июль күнү бекиткен.
Казакстан парламенти өлкө борборун Алматыдан Акмолого которуу туурасындагы чечимди 1997-жылдын 6-июль күнү бекиткен.

Казактардын улуу жүз приставы, полковник М. М. Хоментовский 1856-жылдын бул күнү Сибирь корпусунун командири Г. Х. Гасфордго билдирүү жөнөткөн. Билдирүүдө орус администрациясынын кыргыздын бугу, сарыбагыш жана солто уруулары менен болгон мамилеси кабарланат. Приставдын билдирүүсүнө караганда, улуу жүз казактар солто уруусуна барымтага барып, андан натыйжасында кагылыш чыгып, солто манабы тутукунга алынган.

Кыргызстандын КП Борбордук комитети 1939-жылдын 6-июль күнү «Колхоз машине пайдаланчу сугат суусун ысырап колдонууга каршы чаралар» аттуу Токтом кабыл алган. Токтомдо чарбаларда орун алган сууну ысырап пайдалануу көрүнүштөрү катуу сынга алынып, сугат адегенде колхоз үчүн берилип, андан кийин гана башкалардын бакчаларына бөлүнүү тартиби такталган.

Фрунзе шаарынын Токтогул көчөсүндө жашаган Бегельдиновдордун үй-бүлөсүнө партиялык жооптуу кызматкерлерден турган топ 1945-жылдын 6-июлунда келген. Алар аскер учкучу Талгат Бегельдиновдун Ата мекендик согушта көрсөткөн эрдиги экинчи “Алтын жылдыз” медалы жана “Советтер Союзунун Баатыры” наамы менен сыйлангандыгын кабарлашкан.

Президент Аскар Акаевдин 1994-жылдын 6-июлундагы жардыгына ылайык, эгемен Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу генерал-майор Т. Молдобаев генерал наамынан ажыраган. Президенттин жардыгында Т. Молдобаев Кыргыз Республикасынын Куралдуу күч офицерине мүнөздүү жогорку наамды булгап, кол астындагы кызматкерге кол кайрып, аскер уставын бузганы үчүн жазалангандыгы белгиленет.

Мухаммад ибн Исмаил 1325-жылдын 6-июлунда аталаш тууганы Исмаил I өлтүрүүгө буйрук берген. Ошентип Испаниядагы Гранада араб ээлигиндеги бийлик Мухаммад IV өткөн.

Чех протестанттарынын жетекчиси Ян Гус 1415-жылдын 6-июлунда өрттөлгөн.

Рим Папасы Евгений IV менен византиялык император Иоанн VIII грекокатолик чиркөөсүнө жол ачкан Флорентиялык унияга 1439-жылдын 6-июлунда кол коюшкан.

Ричард III 1483-жылдын 6-июлунда такка отурган.

Мамлекеттик чыккынчы катары айыпталган англис гуманисти, лорд-канцлер Томас Мор 1535-жылдын 6-июлунда жазага тартылган.

Европадагы Мейсен фарфору атлган биринчи фарфор мануфактурасы 1710-жылдын 6-июль күнү Мейсенде ачылган.

Доллар 1785-жылдын 6-июль күнү АКШнын улуттук валютасына болгон. Америкалыктар эркиндик алгандан кийин англис фунтун же шиллингдерин колдонуу намыска тийчү көрүнүшкө айланган. Томас Жефферсондун сунушуна ылайык, Кошмо Штаттардын Континенталдык конгресси бул күнү өлкөнүн акча бирдиги катары долларды кабыл алган.

Стокгольм шаарында 1912-жылдын 6-июль күнү V Жазгы Олимпиадалык оюндар ачылган.

Советтер Союзундагы биринчи электрлештирилген темир жол 1926-жылдын 6-июль күнү ачылган.

ГДР менен Польша 1950-жылдын 6-июль күнү Згожельц келишимине кол коюшкан. Келишимге ылайык, эки өлкө ортосундагы чек ара Одер-Нейсе аркылуу өткөн.

1960-жылдын 6-июль күнү Монгол Элдик Республикасынын жаңы социалисттик Конституциясы кабыл алынган.

СССР менен Корея ортосундагы достук жана өз ара кызматташтык келишимине 1961-жылдын 6-июль күнү кол коюлган.

XV Москва кинофестивалынын ачылышы 1980-жылдын 6-июль күнү өткөн.

Казакстан парламенти өлкө борборун Алматыдан Акмолого которуу туурасындагы чечимди 1997-жылдын 6-июль күнү бекиткен.
XS
SM
MD
LG