Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:56

Алишер Саиповдун өлүмүнүн артында ким турат?


Журналисттин өлүмүнө байланыштуу ишти өлкө президенти жеке көзөмөлүнө алганы менен кылмыш ишинин бети ачыла элек.

Журналист Алишер Саиповдун киши колдуу болгонуна 24-октябрда эки жыл толот. Бирок анын өлүмүнө байланыштуу иштин бети ачыла элек. Бул окуяга байланыштуу иш тергелип бүтүп, сотко берилгендигин ички иштер министри Молдомуса Конгантиев үстүбүздөгү жылдын август айында президент Курманбек Бакиев менен жолугушканда билдирген.

Ички иштер министрлиги буга чейин Алишер Саиповду өлтүрдү деп шектелип Лейлек районуну тургуну, мурдагы милиционер Абдуфарид Расулов кармалды деп билдирген.

Анткен менен укук коргоочу Азиза Абдырасулова тиешелүү органдар журналисттин өлүмүнө чындыгында эле тиешеси бар адамды тапкандын ордуна, ансызда узакка созулуп кеткен кылмыш ишин тез арада жабуу ниетинде күнөөсүз адамга айып тагып,шектүү деп камап койду деген көз карашта:

- Мен кармалган жигит менен жолугушуп чыктым азыр. Абдан жөнөкөй киши экен. Көз жашын көлдөтүп, Ошко 1992-жылдан бери келбегендигин айтып, Саиповдун өлүмүнө тиешеси жок экенин ыйлап айтып отурат. Маңзаттарды да атайылап ага салып койгондугун айтты. Мен өзүм ага ишендим. Кетип жатсам, мага аманат катары Алишердин үй-бүлөөсүнө рахматын айтып коюну суранды. А.Саиповдун атасы да дал ушул кармалган жигит уулун өлтүргөнүнө ишенбейт экен. Башкача айтканда бул ишти тезирээк жаап, күнөөсүз адамды камап коюшкан.

Журналисттин киши колдуу богондугу боюнча иш алгач 29-июлда Ош шаардык сотунда каралып, сот тергөөдө бир топ мүчүлүштүктөр бар болгондугуна байланыштуу ишти кайра тергөөгө жиберүү чечимин чыгарган.

Маркум Алишер Саиповдун атасы Аваз Саипов уулунун иши боюнча тергөө кайрадан жанданаары тууралуу эч бир маалымат берилбей жатканын “Азатыкка” берген интервьюсунда айтты:

- Мен сентябрдын аяк ченинде тергөө жүрөбү же жүрбөйбү деп сурасам эч ким эч нерсе айтпайт. Тергөөчүлөр да, башкалары да эч кандай маалымат бербей коюшту.

Журналисттреди коргоо уюм өз билдирүүсүндө Алишер Саиповдун ишин тергөө боюнча маалымат коомчулукка ачыктоо менен кыргыз бийлиги журналисттин өлүмүнө байланыштуу кылмыштын бетин ачууга болгон аракеттерин жасап жатканын көрсөтүүсү зарыл экенин белгилейт.

Алишер Саипов 2007-жылдын октябрь айында Ош шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринде белгисиз бирөөлөрдүн огунан мерт болгон. Журналисттин өлүмү анын кесиптик ишмердүүлүгу менен байланыштырылып келет. А.Саипов 2007-жылы өзбек тилдүү “Сиесат” деген аталышта гезит чыгарып, өзбек бийлигин сындаган макалаларды жазып, ырасмий Ташкендин “кара тизмесине” түшкөн деп бир катар серепчилер жана анын кеиптештери айтып келишкен.

Маркумдун атасы Аваз Саипов уулунун өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишинин бети ачылбай жаткандыгынын себебин мындайча түшүндүрдү:

- Бул иштин ачылышына ИИМ баш болуп башка укук коргоо органдары кызыкдар эмес. Себеби уулумду өлтүрүүгө буйрутма берген Өзбекстан. Ал эми атып өлтүрүлүшү Өзбекстан менен Кыргызстандын атайын кызматтарынын жана күч органдарынын биргелешкен операциясы.

Өз кезегинде ИИМдин басма-сөз өкүлү Олжобай Казыбаев мындай айыптоолорду четке какты:

- Эки мамлекеттин күч органдары биригип ушундай жасашты деген жалган. Анткени Саиповдун өлүмүнө шектүү делип Абдуфарид Расулов кармалып, тергөө бүтүп, иш сотко берилип атпайбы.

Алишер Саиповдун көзү өткөндөн кийин, Алишер Саипов атындагы сыйлык негизделип, ал 35 жашка чейинки жаш журналисттрге ыйгарылып келет. Быйыл бул сыйлыкка татыгандардын катарында “Азаттык” үналгысынын Оштогу кабарчысы Жанарбек Акаев да бар.

Мындан тышкары Алишер Саиповдун аты Вашингтондогу “Нюсеумдин” дүйнө жүзүндө кызмат учурунда курман болгон журналисттерди эскерүү тактасына жазылган.

XS
SM
MD
LG