Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:01

Журналист Алишер Саиповду ким аткан?


2007-жылдын 24-октябрында атып өлтүрүлгөн журналист Алишер Саиповдун атасы башкы прокурорго, ички иштер министрине жана сотторго жолдогон кайрылуусунда уулунун өлүмүнө байланышкан кылмыш иши чала тергелгендигин белгилеп, окуяга катыштыгы бар деп шектеген айрым адамдардын суракка алынышын талап кылууда.


Чубактын кунундай чубалган иш

Маркум журналист Алишердин атасы Авас Саиповдун айтышынча, милиция кылмыш ишин кайра тергеп, уулунун өлүмүнө күмөндөлгөн бардык кишилерди сурак кылганда, үч жылдан бери Чубактын кунундай чубалган, бирок президент Курманбек Бакиевдин жеке көзөмөлүндө турган маселеге эбак чекит коюлмак.
Авас Саипов

- Себеп дегенде мен минтип жөн жеринен сүйлөп жаткан жокмун, - дейт Авас Саипов. – Бардыгына өзүмдүн жетишээрлик далилдерим бар. Окуяга күч органдарынан ким катышкандыгын мен жазуу түрүндө ички иштер министрлигине тапшырдым.

Авас Саипов башкы прокурорго, ички иштер министрине жана сотторго жолдогон кайрылуусунда «Саясат» гезитин жетектеген уулунун өлүмү кесиптик ишмердүүлүгүнө түздөн-түз байланышкандыгын, муну саясий буюртма катары эсептей тургандыгын, Алишердин көзүн тазалоо өзбек-кыргыз атайын кызматтарынын жардамы аркасында жүзөгө ашырылгандыгын баса белгилейт.

Сөз арасында Авас Саипов уулу көзү тирүүсүндө Кыргызстандын улуттук коопсуздук кызматына чакырылып, бир нече ирет сурак кылынгандыгын айтып, ошол эле учурда Өзбекстандын облустук телеканалдарында «Саясат» гезитинин башкы редакторун жаманаттылаган материалдар көп ирет кайталанып көрсөтүлгөндүгүн билдирди. Ошондой эле Алишердин өлүмүнө байланышкан иштин бетин ачаар ачкыч жети адамдын колунда экендигин, алардын арасында журналист Даврон Насибханов, милиция кызматкери Шакир Зулимов бардыгын шардана кылды.

Аваз Саипов күмөн санагандар эмне дейт?

Бир кезде Алишер Саипов менен «Саясат» гезитинде чогуу иштеген Даврон Насибхановду кепке тарканыбызда, буларга токтолду.

- Тергөө милициянын тажрыйбасыз экендигин көрсөттү. Башынан эле Алишер Саиповдун кесиптик ишмердүүлүгүнө байланышкан жагдайларга басым жасап, эч кимден, кайсыдыр бир мамлекеттен коркпостон териштирүү жүзөгө ашырылганда, бизге да мынчалык сөз тиймек эмес, - деген Даврон Насибханов ырасташынча, ал маркум кесиптешинин атасы күмөн санагандай Өзбекстандын атайын кызматынын адамы эмес. Алишер Саиповдун атылышы ал үчүн да орду толгус жоготуу болуп эсептелет.
Ал эми жогорку органдарга кайрылууда ысымы аталган Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Шакир Зулимов Алишер Саиповду тың журналист катары билээрин, бирок аны менен эч качан мамиле түзбөгөндүгүн, окуя шаарда болгондуктан, ага кымындай тиешеси жоктугун маалымдады.

Буга улай ички иштер министрлиги Авас Саиповдун дооматын жүйөөсүз деп эсептейт.

- Бул иш боюнча биринчи Абдуфарит Расулов аттуу кыргыз жараны кармалган. Тинтүү жүргүзгөндө жанынан ПМ тапанчасы табылган. Экспертиза андан маркум Алишер Саипов атылган деп корутунду чыгарган. Кыскасы, бул иш дале сот өндүрүшүндө турат. Ал эми ошол тапанчаны мен алган элем деп Тажикстандын жараны Шарахматуллаев көрсөтмө берген. Азыркы тапта эки өлкөнүн милициясы аны биргелешип издеп жатабыз. Ал киши, тилекке каршы, кармала элек, - деди ички иштер министринин орун басары Расулберди Раимбердиев «Азаттыктын» суроолоруна жооп кайтарып жатып.

Анткени менен ички иштер кызматкерлери кыргыз журналистинин өлүмүнө шектүү деп кармаган мурдагы милиционер, Лейлек районунун тургуну Абдуфарит Расулов былтыркы соттук териштирүүнүн жүрүшүндө 2007-жылдын 24-октябрында Ош шаарында болбогондугун, муну тастыктай турган күбөлөр бардыгын айтып, тагылган айыптын бирин дагы мойнуна алган эмес.

Ошентсе да, оштук журналисттер «Саясат» гезитинин 26 жаштагы баш редактору Алишер Саиповду чындап аткандар жана аны буюртма кылгандар ашкереленип жазаланбаса, өлкөдө кабарчылардын өмүрүн кыюу адатка айланаарын, мындай шартта сөз эркиндиги жок болоорун эскертүүдө.

XS
SM
MD
LG