Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:30

“Атамекенчилер” кол салууга кабылды


"Ата Мекендин" Жалал-Абат облусундагы координатору Асылбек Текебаев (солдо), 2010-жылдын 22-февралы
"Ата Мекендин" Жалал-Абат облусундагы координатору Асылбек Текебаев (солдо), 2010-жылдын 22-февралы

Өзгөн районунда өткөн түнү белгисиз бирөөлөр Алайдан кайткан «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрүнө кол салып, видеокамерасын тартып алышкан. Андан жабыр тарткандардын бири, партиянын Жалал-Абат облустук координатору Асылбек Текебаевди кепке тарттык.

- Асылбек мырза, саламатсызбы? Кыскача айта кетсеңиз, бул иш сиздер кечээ Алайдагы митингден кайтып келе жаткан учурда болуп жатат да, ээ?

- Ооба, бул иш кечээ биз Исмаил Исаковдун айылына барып, ал жерде болгон окуяларды видео, аудио тасмага тартып келатканда болгон. Биз баргандан баштап эле ал жерде мамлекеттик номерлери жок машиналар тынбай артыбыздан, алдыбыздан аңдып жүргөнү анык, муну көргөңдөр да бар.

- Канча киши элеңиздер, канча киши жабыркады?

- Биз «Ата Мекен» партиясынын Жалал-Абат уюмунан атайын Ошто болуп аткан окуяларга колдоо көрсөтүп келүү максатында барган төрт киши болгонбуз, Ошондой эле биз менен «Пресс kg» гезитинин башкы редактору Абдувахап Мониев да кела жаткан.

- Өзүңүздөрдүн абалыңыздар кандай? Оор жаракат алгандар бар деп айтылып атты эле?..

- Кабыргасы, буттары сынгандар бар. Абдувахаб Мониевдин башы жарылган, кечинде дарыгерлер жардам көрсөтүп, аны тигишти. Ибрагим Кулиев деген «Ата Мекен» партиясынын мүчөсүнүн дагы башы жарылган. Калгандарыбыздын кабыргаларыбыз сынган. Кечээ алдын ала медициналык кароодо болдук, бүгүн барып текшерилсек билинет го.

- Бул окуя Өзгөндүн Кароол айылында болгон турбайбы, ооруканага кайсы жака кайрылдыңыздар?

- Ооба, Өзгөндүн Кароол айылында болду бул окуя. Биз ал жактын ооруканасына жана милициясына кайрылган жокпуз, анткени ошол аймакта болду. Бизге кол салган балдарды биз Алайдан көргөнбүз, алар милиция кызматкерлери менен жүргөн. Ошондуктан биз ал жердин милициясына кайрылууну туура көрбөдүк. Базар-Коргондун травматология бөлүмүнө келип, ошол жерден изилдөөдөн өттүк, ошондой эле милициясына кайрылыдык. Тергөөчүнүн айтуусу боюнча, азыр бул боюнча иш ачылып, тергөө аракеттери башталган.

- Бул иш кимдин колунан келүүсү мүмкүн деп ойлойсуз?

- Бизди гана аңдыбай, Алайда чыгып жаткан негизги митингдерди, биздин Ош облустук партиялык уюмдун активисттеринин артынан акыркы бир нече күндөн бери жүрөт, аркасынан аңдып, үйлөрүнө чейин келип, “эгер силер Гүлчөгө барсаңар аягы жаман болот” деп коркутканга чейин барышкан. Бирок ага карабастан биздин оштук балдар кечээ барып, бул жөө жүрүшкө катышып келди. Тилектештикти билдирип Жалал-Абат облусунан биз да барып келгенбиз. Бул партиянын мүчөлөрүн, жалпы эле элди коркутуу үчүн жасалган аракеттер деп ойлойм. Бирок биз Гүлчөдө өтүүчү чоң жыйынга да барабыз.

- Маегиңизге рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG