Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:50

Ошто оппозиция өкүлүнүн кызы уурдалды


Абдымамет Закиров, «Ата Мекен» партиясынын Ош облустук Саясий кеңешинин мүчөсү
Абдымамет Закиров, «Ата Мекен» партиясынын Ош облустук Саясий кеңешинин мүчөсү

30-мартта жергиликтүү оппозиция лидерлеринин бири Абдымамет Закировдун 17 жаштагы кызы - Чолпонайды окуу жайынан чыгып, үйүнө баратканда белгисиз адамдар чачынан сүйрөп машинага салып, уурдап кетишкен.

Бул туурасында анын шериги Ирода ата-энесине кабарлагандан кийин гана кыздын туугандары жана Ош шаардык милициясынын кызматкерлери бейтааныш кишилерге издөө салып, төрт сааттан кийин түштүк борборунун чекесинен кармашкан.

Чолпонай – 17 жашта, «Ата Мекен» партиясынын Ош облустук Саясий кеңешинин мүчөсү, жергиликтүү оппозиция лидерлеринин бири Абдымамет Закировдун кызы, түштүк башкалаасында жайланышкан Өзбек-кыргыз университетине караштуу каржы-кредит коллежинде окуйт. Анын айтымында, кечээ, саат түшкү 14.00 ченде, окуу жайынан чыгып, үйүн карай баратканда, өздөрүн милицияданбыз деп күбөлүгүн көрсөткөн бейтааныш адамдар уурдап кетишкен.

- Мерседес маркасындагы машина күтүүсүздөн маңдай жагыма токтоду. Ичинен сары киши түшүп, чачыман сүйрөп, арыктан аттатып өттү. Нарыраакта мени менен чогуу окуган Ирода аттуу теңтушум келаткан экен, аны карай жардам сурап кыйкырдым. Тигилер “Жолобо! Жашагың келеби? Кет!” деп аны да коркутушту, - деп эскерди Чолпонай Абдымамет кызы. - Мен ыйлап, кое берүүнү суранып, жалдырадым. Көнүшкөн жок. Сөйкөлөрүмдү сындырып, чачымды жулганча, күчтөп машинага тыгышты. Ичте “Сенин үстүңдөн арыз түштү. Эми соттойбуз. Атаңды тааныйбыз, жөн жүрсүн, болбосо башкача кылабыз!” дешти.

Чолпонай Абдымамет кызынын кебине караганда, ал өмүрүндө көрбөгөн үч жигит төрт саат бою аны мазактап, зомбулук көрсөткөн, а түгүл атасы беттегенинен кайтпаса, көзүн тазалай тургандыгын эскертишкен.

Чолпонай Абдымамет кызын белгисиз кишилер машинага күчтөп салып кеткендиги туурасында анын жолдо калган шериги Ирода ата-энесине кабарлаган. Ушундан кийин гана кыздын туугандары жана Ош шаардык милициясынын кызматкерлери бейтааныш адамдарга издөө салып, төрт сааттан соң түштүк борборунун чекесинен кармашкан.

Оштогу оппозиция жолбашчыларынын бири Абдымамет Закиров кызынынын уурдалышына криминалдык чөйрө менен жуурулушкан жергиликтүү бийлик күнөөлүү деп эсептейт.

- Жергиликтүү оппозиция лидерлери мындан бир апта мурун Ош облус губернатору Мамасадык Бакировго, түштүк борборунун мэри Мелисбек Мырзакматого кирип, “айрым мамлекеттик органдар криминалдашып кетти, биздин өкүлдөргө карата куугунтукту токтоткула!” деп айтканбыз. Адегенде губернатор, кийинчерээк мэр “үчүнчү күчтөр бар, ошолордон этият болгула?! Биз силерге эчтеке кылбайбыз” дешкен. Эми минтип мизибизди майтаруу максатында коркутабыз деп жатышса керек. Кармалган жигиттер колу менен кылганын, мойну менен тартышсын! Көрдүңөрбү, алар милициякананын ичинде туруп “Силерди, керек болсо, атып кетебиз!” деп ачык айтышууда. Демек, бийликтегилердин арасында ишенгени бар да,
- деген Абдымамет Закиров, канткен күндө да, ар кандай коркутуп-үркүтүүлөр пикирлештеринин мизин майтара албастыгын билдирди.

Ал эми оштук оппозиционерлер санаалашынын жашы жете элек кызынын уурдалышын жана зомбулукка кабылышын Абдымамет Закировдун саясий ишмердүүлүгү менен тыгыз байланыштырып жатышат.

- Анткени, Абдымамет Закиров – Кыргызстандагы белдүү оппозиционер саясатчы Дүйшөн Чотоновдун жакын досу жана кыйышпас классташы. Жергебиздеги оппозициячыл саясатчыларды аңдууларды жана куугунтуктоолорду уюштургандардын жетимиш-сексен пайызын мен билем, эгерде мындай арам ойлуу аракеттер токтотулбаса, дагы улантыла берсе, анда биз алардын аты-жөнүн эл-журтка жарыя кылабыз, - деди Элдик курултайдын Ош облустук аткаруу комитетинин төрагасы Төлөгөн Келдибаев.

Окуя боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замирбек Сыдыковго кайрылганыбызда, ал буларга токтолду:

- Фактыга тиешеси бар үч жигит кармалды. Алардын алгачкы көрсөтмөсүнө караганда, жигиттердин бири кыз менен сүйлөшүп жүргөндүгүн, 30-мартта аны ала качууга ниет кылгандыгын айтышкан. Бирок албетте, биз муну дагы дыкаат иликтейбиз. Эгерде бул балдардын күнөөсү аныктала турган болсо, аларга сөзсүз түрдө мыйзам чегинде чара көрүлөт.

Акыркы сааттарда Ош шаардык милициясынан “Азаттыкка” маалымдашкандай, 30-марттагы окуянын негизинде Өзгөн районунун тургуну, 27 жаштагы Бакыт Сариевге кылмыш иши козголуп, ал Чолпонай Абдымамет кызын уурдоону уюштурган деп айыпталууда. Калган экөөнүн үстүнөн оперативдүү иликтөө иштери жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG