Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:11

Саясий заказ сааты: көчүрмө документ, түнкү сурактар


Балыкчыдагы сот учурунан
Балыкчыдагы сот учурунан

Ушу тапта оппозиция өкүлдөрүнө каршы козголгон кылмыш иштери үч сотто каралууда.

Мурдагы коргоо министри И.Исаковго коюлган айыптар көчүрмө документке негизделип коюлганы соттук териштирүүдө ачыкка чыкты. Бишкектеги гарнизондук аскер, Петровкадагы, Балыкчыдагы сотторго адвокат катары парламенттин мурдагы депутаты Азимбек Бекназаров катышууда.

- Азимбек мырза, оппозиция өкүлдөрүнө каршы козголгон иштердин баарына катышып жүрөсүз. И.Исаковго кошуп соттолуп аткандардын экөөнүн иши кыскартылып калды. Негедир мурунку коргоо министрине андай мамиле жасалбады. Мунун себебин айта аласызбы?

Азимбек Бекназаров: - Министрдин мурунку орунбасары айыбын тартты. Жоопко тартылды. Мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу иш кыскартылды.

- И.Исаковго министр кезинде фуршет, сый тамак уюштурган деп айып коюлууда. Мындай сый тамактарды баары эле уюштуруп жатышпайбы.

Азимбек Бекназаров: - Бул эми саясий заказ. Ар кандай жол менен коргоо министри генерал И.Исаковду бир жерден чалыш керек. Ошого жанталашып жасалган эле нерселер. Эмне үчүн депутат аялдарга открытка жазып, гүл берген жана башкалар. Эми ал жерде кыргыз жетекчилигинин расмий бийлик өкүлдөрү катышып жатат. Майрамды майрамдык деңгээлде өткөрүү министрдин милдети. 23-февраль майрам күнү да. Журналисттерге конкурс жарыялап, ошонун жыйынтыгын чыгарган экен. Патриоттук теманы чагылдырганы үчүн. Үчүнчү эпизод, мына ушул фуршет, сый тамак деп айткандын өзү уят. Башкалар деле ушундай иш-чараларды өткөрүп атпайбы. Айтып коюп, башка колу менен жасап жатышат. Мамлекет башчысына И.Исаковго каршы иш тапканын жеткирип баргандарга ага өзү деле катышканын эстеп, «ошону тим эле койгула» деп койсо болмок экен.

- Оппозиция өкүлдөрүнө каршы козголгон кылмыш иштердин соттук териштирүүлөрү үч жерде өтүүдө. Булардын ортосунда окшош жактары барбы? Сөздү Петровкадан баштайсыз го.

Азимбек Бекназаров: - Өткөндө 6 күбө суралды. Акимдин орунбасары күбө катары суралды. 26-27-арелде ал дагы эл менен кошо жүргөн экен. 4 жашар кызды зордуктаганга жаза колдонуу үчүн элдин арызын Власовко берген экен. 4-апрелден баштап эле ал жанагы Абдылда Осмоновго чара көрүшүн сурап милиция жетекчисине келип жүргөн экен. А.Осмонов болсо үйүндө эле жатыптыр. Ошону кармап койсо бул нерсе болбойт эле деп сотто айтты. Эл суранып атканын, чара көрүшпөсө өздөрү эле соттоп коюшарын милиция, коопсуздук кызматынын райондук жетекчилерине айтканын билдирди. Жанагы 4 жашар кыздын кошунасы Ольга Черных деген бир жакшы нерсени айтты. Ошол кишилерди суракта «оппозиция өкүлдөрү келди, силер митинг уюштургула, биз уюштуруп беребиз, деп айтты» деген сөздөрдү жазып салышыптыр. Ал сотто «мен оппозициялык партия, жөн партия дегендерди билбеймин», деп өзүнүн көрсөтмөлөрүн көрүп, айтпаган нерселерди жазып коюшканын билдирди. Анын кызы Людмила Черных түнкү саат ондо, бирде сурак кылганын, он жолу сурак кылганын айтты. Ал да «мен көрсөтмө бербеген нерселерди ишке тиркеп коюптур» деп билдирди. Анда да оппозициялык дегенди кошуп жазып койгон нерселер бар экен. Ал да көрсөтмөсүнөн баш тартты. Түнкү саат 23тө сурак бүткөнү жазылыптыр. Түндө сурак кылынбайт да.

- Балыкчыдагы сотто да мурдагы көрсөтмөсүнөн баш тарткан…

Азимбек Бекназаров: - окшоштук, экөөндө тең окшоштук бар. Балыкчыда го шаардык шайлоо комиссиясынын алдына келген элүүдөй кишини кармап алып, аларды кетирбей уруп-сабап түн менен сурак кыла берген да. А булар, Петровкада бош жүргөн адамдар да. Аларды түнкү саат ондо келип сурак кылыштын кандай муктаждыгы болду эле? Аларды он жолу сурап. Булар айтпаган сөздөрдү кошуп коюшуптур. Негизги окшоштук – бул саясий заказ.

- Азимбек мырза, И.Исаковдун сотунда да мурунку көрсөтөмөлөр менен кийинки соттук териштирүү маалында ортодо көп айырмачылыктар чыкты. Мунун себеби эмнелерге байланыштуу деп эсептейсиз?

Азимбек Бекназаров: - Аны өзүңүз деле көрүп отурбадыңызбы. Ишти келишимдин оригиналы менен эмес, анын ксерокөчүрмөсү боюнча иш козгошкон. Бул дагы саясий буюртма менен генерал И.Исаковго шашылыш иш токуш керек болуп калган. Ошонун далили бүгүн чыгып калып жатпайбы. Өздөрү таап келген адам, өздөрү тапкан документ тергөө учурунда өздөрүнүн бетин ачып таштады. Ушунун баары бул иштер саясий заказ, буюртма экени, жалгандан иш токулганы, күбөлөрдүн айтпаганын айтты деп, же алдоо жолу менен жасалганы билинип турат.

- Азимбек мырза, аңгемеңиз үчүн ырахмат!

XS
SM
MD
LG