Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:38

Виталий Пономарев: Кыргызстанда күч органдары өзүн өзү билeт


Мамлекеттик ачык жана тымызын зомбулуктун шартында укук коргоочулар коркок-билиш болдубу?

Виталий Пономарев Кыргызстандагы жана жалпы эле Борбор Азиядагы укуктук кырдаалга такай жакындан көз салып келаткан саналуу эксперттердин бири. Ал Ноокат окуяларын казып изилдеп, отчет жарыялагандан кийин кыргыз бийликтери аны өлкөгө киргизбей коюшту. Жакында ал Прагада болгондо, "Азаттыктын" башкы штаб-картирасына келип, бир катар суроолорго жооп берди.

- Ноокат окуясында кыргыз соту ары-бери эле чечим чыгара салды. Коңшулаш Өзбекстанда мындай сот иштери көп болот. Эки өлкөнүн сот системасын кандай салыштыра аласыз?

"Ноокат тополоңу" боюнча соттолгон 32 жаран, 21-ноябрь 2008-жыл
-
Ноокат боюнча сот жараяны, ошондой эле андан кийинки террористтик айыптоолор боюнча өткөн иштер процедуралык каталыктар, ойго келбеген сеператисттик айыптоолор, кыйноолор болгондугун айтпаганда да, сот иши акылга сыйбагандай тез өттү. Ноокат сотунда 32 айылталуучуну суракка алуу, күбөлөрдүн, адвокаттардын көрсөтмөлөрү, далилдерди териштирүү болгону 4- 5 күнгө созулду. Мынчалык масштабдагы ишти ушундай кыска убакытта карап чыгуу мүмкүн эмес. Бул катардагы кылмыш иши эмес. Айрым айыпталуучулар 15 жылдан да көп мөөнөт алганчалык оор айыптар коюлган.

- Мындай процесс Өзбекстанда канча созулат эле?

- Өзбекстанда сот системасы көз карандысыз деп айтууга болбойт, бирок ал жакта 32 кишинин иши, жалаң жалган айыптоолор менен болгон күндө да, 5 күндө каралышы мүмкүн эмес. Мен мындайды уккан эмесмин. Мындай нерсени башка өлкөлөрдө да элестетүү кыйын. Балким, бир гана Түркмөнстанда ар кандай иш бир күндө каралышы мүмкүн, ал жакта сот чечими сото чейин эле чыгарылат. Тилекке каршы, Кыргызстан Борбор Азияда бул жатта Түркмөнстандан кийинки эле экинчи орунга чыкты.

- Өзбекстанда мындай иш канчага созулат эле?

Ноокат окуясы боюнча соттолгондордун энелери, жубайлары балдарын ээрчитип Бишкекке чейин келишти
-
Биринчиден, 32 киши бир мезгилде соттолгон учурлар өтө сейрек кездешет. Адатта, мындай иштерди бир нечеге бөлүшмөк. Мындай иш аз эле дегенде бир жарым ай созулмак. Кээде мындай иштер жарым жылдан ашыкка созулушу мүмкүн. Өзбекстанда сот системасында көп өксүктөр бар, бирок мындай иштин техникалык жагы эле көп убакытты талап кылат.

Ал эми Ноокат окуясы боюнча рекорддук убакта сот иши бүткөндүгүн айтпаганда да, Коопсуздук Кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров сотко кысым көрсөтүп, өзү түштүккө келип кеткендин эртеси сот чечимин чыгарууну талап кылган деген такталган маалымат бар.

Андан тышкары адвокаттардын бир тобу Бишкекте экен, алардын кечинде жолго чыгып, эртең менен Ошто болушун кепилдөө үчүн Жогорку Соттун, Акыйкаттык министрлигинин өкүлдөрү ишке тартылган. Айтор мындай нерсе Кыргызстанда болуп көргөн эмес. Сот көз карандысыз болушу керек, бирок саясий бийликтин түздөн түз кийлигишүүсүнөн улам сот процесси тездетилип отурат.

- Эмне үчүн мындай одоно көрүнүшкө эл аралык укук коргоо уюмдары үстүрт мамиле кылышты? Эгер Өзбекстанда болгондо, эбак эле үстү-үстүнө билдирүү жасалмак эмес беле?

-
Менимче, бул уюмдардын көпчүлүгүнө мурдагыдай эле Кыргызстан Борбор Азиядагы демократиянын аралы болуп көрүнөт. Бир кыйла мезгил ошондой болгон. Бирок абал улам начарллап, демократия айрыкча өткөн жылдын күзүнөн тартып кескин чектеле баштады. Саясий, укуктук система өтө тездик менен өзгөрүп жатат. Бирок муну чет элдиктер эле эмес, Кыргызстандын жашоочулары өздөрү да толук аңдай элек.

- Ал эми жергиликтүү укук коргоочулар журналист Алишер Саиповдун өлүмүнөн кийин чочулап калыштыбы?

- Чындында эле Алишер Саиповдун өлтүрүлүшү, ага чейинки бир нече өлүмдөр Кыргызстандын түштүгүндө иштеген (укук коргоочуларга) өтө терең психологиялык таасир калтырды. Алар карап отуруп калган жок, ноокаттыктарга адвокат жалдоого жардам берип, юридикалык көмөк көрсөтүп жатышат.

Бирок болуп аткан окуяларды маалымат каражаттарына, эл аралык уюмдарга жеткирүүгө келгенде (алар этият болуп калышканы байкалат). Мен декабрда Кыргызстанга келгенде, Ноокат боюнча отчет жазайын деп ойлогон эмесмин, анткени Бишкектеги, түштүктөгү көптөгөн укук коргоочуларга материал топтош оңой, отчетту өздөрү жазышат деп ойлогом.

Бирок мен келгенде өтө таң калыштуу абалга күбө болдум. Түштүктө Ноокат тууралуу баары билишкен, кармалгандарга жардам берип жатышкан, бирок алардын билгендигин маалымат каражаттарында көрүү мүмкүн эмес эле. Эч кандай маалымат жок...

- Эмне үчүн деп сурадыңыз беле?

- Жок, сураган эмесмин, бирок менде мындай сезим пайда болду. Алишер Саипов эл аралык маалымат каражаттары менен күжүрмөн иштешкен адам болгон. Аны өлтүрүп кетишкенден кийин көптөр маанилүү саясий, ошондой эле исламга байланышкан маселелер боюнча маалыматтын ачык булагы болгондон коркуп калды.

- Ал эми түндүктөгү укук коргоочуларчы?

-
Түндүктө мен түштүккө барганга чейин «Ноокатта баш-аламандык болуптур, катышуучуларды соттошуптур» деген деңгээлде гана маалымат бар болчу. Материалдарды тереңдеп карасаң, баш-аламандыкта айыптоо экинчи планда калат. Биринчи планга ойго келбеген саясий айыптоолор чыгат.

Ал окуянын мезгилинде Ноокатта болбогон, бирок аты кара тизмедеги адамдарга айыптар коюлат. Улуттук Коопсуздук комитетинин тергөөчүсү чек арачыларга «коркунучтуу экстремисттерди кармагыла» деп жиберген тизмеде төрт жаштагы баланын аты да болот.

Төрт жаштагы бала кантип бир нерсе уюштуруп, экстремисттердин лидери болушу мүмкүн?! Кадыресе чөйрөдө УККнын төрагасы эл алдына чыгып, ушундай кызматкер бар экен деп кечирим сурамак, кызмат иши боюнча иликтөө жүргүзмөк.

Бирок акылга сыйбаган айыптоолор же зөөкүрдүктөр катардагы нерсе болуп калган. Төрт жаштагы баланы кылмышкер, экстремист кылышат. Боюнда бар аялды кыйнап атып, анын боюнан түшүп калат.

- Сиз эми кыргызстандык укук коргоочулар мындай маселелерге жетиштүү көңүл бурган жок деп жатасызбы?

- Жок, алар биринчи отчеттердон кийин жаза башташты. Акыйкатчы кыска бирок терең изилденген отчет жарыялады. Комиссиянын материалдары өтө ар кырдуу, өтө канкор кыйноолорду аныкташкан, ар бир учур боюнча фактыларды чогултушкан. Алар ар бир айыпталуучу менен түрмөдө жолугуп, адвокаттар, бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүшкөн.

Менимче, комиссиянын иш жыйынтыгын ачыкка чыгарыш керек, мындай материал өтө көп. Бирок азырга чейин ачыкка чыгарылган материалдар да кандайдыр бир чара көрүү үчүн жетиштүү болмок. Улуттук коопсуздук комитети дароо баарына макул болот деп айтыш кыйын, бирок кыйноолорго жол берген адамдарды жоопкор тартуу үчүн материал жетиштүү.

Бул отчетко эч кандай реакция жок. Ушуга байланыштуу күч структуралары коомдук көзөмөлдөн таптакыр чыгып калгандай сезим калтырат. Алар Кыргызстандын келечеги тууралуу өз түшүнүгү бар, тилекке каршы алардын түшүнүгү карапайым кыргызстандыктардын түшүнүгүнөн айырмалуу. Алар азыр өлкөгө көз карандысыздыктан бери болуп келген (демократиялык, укуктук) багыттан бөлөк системаны таңуулап, аны ишке ашырып жатышат.

Көчө акциясын уюштурганы үчүн жиндиканага жаткырылган укук коргоочу Максим Кулешов
Буга бир эле мисал, март айында бир укук коргоочуну пикетке катышкандан кийин Бишкекте жиндиканага жаткырышты. Аны бошотуп алышты, бирок бул да болсо бийликтегилердин акыл-эси канчалык өзгөргөнүн далилдейт. Мисалы Акаевдин мезгилинде оппозиция өкүлдөрүн түрмөгө салышы мүмкүн болчу, бирок психиатрияны саясий максатта колдонууга барышкан эмес. Бул Өзбекстанда Каримовдун, Түркмөнстан маркум Ниязовдуку өңдөнгөн диктатуралык режимдерге мүнөздүү көрүнүш.

- Мындай көрүнүштөр советтик режимде кеңири колдонулган, ал эми азыркы муундун, анын ичинде азыркы бийлик өкүлдөрүндө бул тарыхый эс-тутум али да бар да.

- Ооба, анысы чын.

XS
SM
MD
LG