Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:21

Коомдук асыл-нарктар - өнүгүүнүн өзөгү


Мамлекеттин өнүгүү модели тууралуу саясат талдоочу Аскарбек Мамбеталиев “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Жакынкы күндөрү сиз коомчулукка өзүңүздүн мамлекеттин өнүгүү моделин сунуштап чыктыңыз. Кыскача айтып кетсеңиз, бул моделдин өзгөчөлүгү эмнеде?

Аскарбек Мамбеталиев: Элдин, коомдун өсүшү - бул комплекстүү шарттарды талап кылган нерсе. Бул өнүгүү моделинде мен “Трансперенси интернешнл” деген атактуу уюмдун идеяларын эске алып, сүрөт сыяктуу чыгарып, элге жарыялап жатабыз.

Өнүгүү дегенде эмне эң башкы нерсени ээлеш керек, чоң системада эң баарынан керектүү нерсеси - бул коомдун баалуулуктары болуш керек. Коомдук баалуулуктар болмоюнча өнүгүү болбойт. Бул ошол үйдүн фундаменти. Ал эми ошол фундаменттин үстүндө турган чоң чатырын бекем кармап турган түркүктөр - булар мыйзам чыгаруу, аткаруу бийлиги, сот, жарандык көзөмөл, масмедиа, жарандык коом, эл аралык уюмдар, менчик сектор, ошонун баары тең ошол үйдүн чатырын кармап турат.

Ошол үйдүн чатары эмне? Ошол үйдүн чатыры - бул элдин тазалыгы жана чынчылдыгы болуп эсептелет. Эгерде ушул түркүктөрдүн бирөөсү эле кылт этсе, же туура эмес болсо, анда жанагы чатыр бекем болбойт. Ал эми чатырдын эң үстүндө болсо 3 тоголок нерсени элестетели. Ошол түркүктүн бирөөсү эле сынса тоголонуп кете тургандай болуп жайгашкан. Ошол тоголок нерселер эмнелер? Алар - туруктуу өсүү, мыйзамдын өкүмдүгү, жашоо турмуштун сапаты. Мына ушул чоң комлекстүү нерсе аткарылганда гана коомдо өнүгүү болот.

“Азаттык”: Аскарбек мырза, сиздин моделде көрсөтүлгөн мамлекеттик институттардын дээрлик бардыгы, болбосо дагы көпчүлүгү Кыргызстанда иштейт. Андан тышкары эл аралык уюмдар, сиз айткандай, жарандык көзөмөл, маалымат каражаттары дегендей, мүмкүн кептин баардыгы булардын кантип башкарылып, кандайча иш алып барып жаткандыгында болуп жүрбөсүн?

Аскарбек Мамбеталиев: Ошол башкаруу деген туура болуш керек. Ал туура болуш үчүн түркүктөр бардыгын тең башкарыш керек. Ошол туура болсо, эгер президент начар болсо деле коом жакшы иштей бермек. Бирок бизде азыр крел болуп атат. Бул крел кайсы жака болуп атат? Бул аткаруу бийлиги жагына көбүрөк ооп кетип атат.

Мыйзам чыгаруу деген түркүк бизде иштебей жатып атат, жарандык көзөмөл деген түркүк алсыз болуп көтөралбай жатат. Масмедиалар болсо экиге бөлүнүп алган. Андай болбош керек. Жарандык коом алсыз. Мына ошондуктан башкаруу системасы аксап атат.

Адамдар ойлоп атат “президент күчтүү болсо ошол коомду өнүктүрүп кетет” деп. Андай болбойт. Бул жерде баланс болуш керек. Антпесе жанагы томолоктор, мыйзам өкүмдүгү жүрбөсө, жашоо сапаты да жакшырбайт, туруктуу өсүү да болбойт.

“Азаттык”: Маегиңизге чоң рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG