Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:14

КТРКнын директоруна сынак жарыяланат


КТРКнын Байкоочулар кеңешинин жетекчиси Элвира Сариева.
КТРКнын Байкоочулар кеңешинин жетекчиси Элвира Сариева.

Мындан ары Коомдук (мурдагы Улуттук) телерадио корпорациясынын директору президент тарабынан эмес, сынак менен дайындалышы ыктымал. Бул жакында эле дайындалган КТРКнын байкоочулар кеңешинин экинчи жыйынында такталмакчы.

15 кишиден турган байкоочулар кеңеши мындан ары кандай иш алып барат жана буга чейин бир топ сындарга кабылып келген КТРКны (мурдагы УТРКны) реформалоого кандай салым кошот? “Азаттыктын” суроолоруна КТРКнын Байкоочулар кеңешинин жетекчиси Элвира Сариева жооп берди.

Элвира Сариева:
30-августта Коомдук телерадио каналдын байкоочулар кеңешинин экинчи чогулушу өтөт. Ошол чогулушта негизги суроолор талкууланат, анын бири - байкоочулар кеңешинин регламентин бекитүү, андан тышкары негизги суроолордун бири Коомдук телерадио каналдын башкы директорун сыноо аркылуу шайлоо өткөрүү. Башкы директор боюнча парламенттик шайлоого чейинби, же кийин өткөрүлөбү – ошону талкуулайбыз.

- Ушул УТРКнын директорун шайлоо маселеси кандай өтөт?

Элвира Сариева: Директорду шайлоо маселеси коомдук кеңеш чогулганда талкууланат, азырынча чечим жок.

- Кандай багытта болушу мүмкүн, балким кандайдыр бир сунуштар бардыр?

Элвира Сариева: Сунуштар бар, сунуштан тышкары да жобо боюнча Коомдук телерадионун башкы директорун шайлоону сыноо аркылуу өткөрүш керек.

- Шайлоо кандай көрсөтүлөт, балким 2-3 талапкерлер болобу?

Элвира Сариева: Ооба.

- Талапкерлерди ким чыгарат, ушул маселе кандай болот?

Элвира Сариева: Коомдук телерадио каналдын директорун шайлоо боюнча жобо чыгарылат. Ал жобо ММКлар аркылуу таратылат, андан кийин талапкерлер арыздарын байкоочулар кеңешине жөнөтөт, андан кийин байкоочулар кеңеши сынак өткөрөт.

- Негизинен байкоочулар кеңеши УТРКны коомдук кылууга аракеттенип ушул максаттар түзүлүп атпайбы. Канткенде коомдук деген атка татыктуу болот?

Элвира Сариева: Коомдук телерадио корпорация жөнүндөгү жобо кабыл алынгандан кийин Улуттук телерадио корпорация Коомдук телерадио корпорациясы деп аталат.

- Мен айтайын дегеним буга чейин УТРК бир топ сындарга кабылып келбеди беле. Элге, коомго иштеген телерадио корпорациясы болуу мүмкүнчүлүгү канчалык?

Элвира Сариева: Негизи шайланган коомдук кеңештин курамы абдан жакшы деп ойлойбуз. Андан тышкары Коомдук телерадио корпорация элге, коомго иштесин деген үмүт бар. Бирок каналдын ички иштерине биз кийлигишпейбиз. Анткени байкоочулар кеңешинин максаты бул каналдын өнүгүү концепциясын бекитүү, андан ары башкы директор ишти алып кетиш керек.

- Сиз «Интерньюсту» жетектеп келгенсиз, бир топ жылдар бою медиа багытында иштеп келдиңиз, мурда да байкоочулар кеңешинин мүчөсү болгонсуз. Негизи эле УТРК кандай реформага муктаж?

Элвира Сариева: Ушул коомдук кеңештин курамы абдан жакшы, мурунку кеңештей бирөө телефон чалса, суранса тарап кетпейт деп абдан үмүттөнөбүз, ишенебиз.

-Сунуштаган адамды президент дайындап атпайбы. Ушул кайра эле көз каранды болууга алып келбейби?

Элвира Сариева: Көз карандысыздык бул курамдын ичиндеги 15 кишинин ар биринен көз каранды.
XS
SM
MD
LG