Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин экинчи уулу Максим Бакиев мындан эки ай мурун өлкөдөн чыгып кеткенден кийин Кыргызстандын убактылуу өкмөтү тарабынан Интерполдун тизмесине чейин киргизилип издөөгө алынып жаткан.
Ал Гемпширдеги Фарнборо аба майданына ижарага алынган жеке менчик учак менен конгондон кийин Чек ара агенттигинин кызматкерлери тарабынан кармалганы айтылууда. Улуу Британиянын Чек ара агенттиги өз кезегинде бул маалыматты расмий тастыктай элек.
Учурунда өлкө экономикасынын кан тамырын кармап, премьер-министрден да күчтүү бийликке ээ болуп турган М.Бакиевдин эсепсиз байлыктары тууралуу абдан көп айтылган.
Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн айтымында, 7-апрелдин алдында М.Бакиевге тиешеси бар делген “АзияУниверсалБанк”, "Манас" банктары аркылуу 200 миллион доллардан ашуун каражатты өлкөдөн чыгарып кетишкен.
Бирок ага чейин эле Бакиевдер өлкөдөн миллиондогон каражаттарды чыгарып кетип атышканы айтылып келген.
Убактылуу өкмөт болсо эл аралык коомчулукка кайрылып, Бакиевдердин чет мамлекеттердеги эсептерин тоңдурууну, анткени ал каражаттар Кыргызстандагы абалды курчутуу үчүн пайдаланылышы мүмкүндүгүн айтышкан.
Ошол миллиондордун көбүнө ээлик кылат делген Максим Бакиевге Башкы прокуратура бир катар беренелер боюнча кылмыш иштерин козгогон.
Алардын негизгилери 183-берене - “Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу”, 241-берене – “Ок атуучу куралдарды мыйзамсыз алуу, сактоо жана таратуу” деген беренелер.
Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева бүгүн Бишкекте Кыргызстандын бийлиги Максим Бакиевди экстрадиция кылып алып келүү жана аны сот жообуна тартуу үчүн зарыл болгон көп фактыларды келтирүүгө жана аракеттерди көрүүгө даяр экенин билдирди.
Бүгүн Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Максим Бакиевди экстрадиция кылып алып келүү үчүн зарыл болгон материалдарды даярдап, Тышкы иштер министрлиги аркылуу Улуу Британиянын компетенттүү органдарына жөнөтүп, оор кылмыштар боюнча айыпталып жаткан адамды кайтарып берүү жөнүндө өтүнүч билдирди.