Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:24

М.Казакбаев: Кандай гана система болбосун иштеп кетебиз


ЕвАзЭШтин саммити. 5-июль, 2010-жыл
ЕвАзЭШтин саммити. 5-июль, 2010-жыл

Кыргызстандын президенти болуп дипломатияда, тышкы саясатта тажрыйбасы чоң адам референдум аркылуу шайланып келди. Кыргызстандын тышкы саясаты тууралуу серепчи, Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык академиясынын окутуучусу Марат Казакбаев “Азаттыкка” маек курду.

- Кыргызстан эгемендүү болгон 20 жыл аралыгында негизинен тышкы саясатта көп багыттуу саясатты карманарын билдирип келген. Учурда президенттикке Роза Отунбаеванын келиши менен тышкы саясаттын вектордук багыты кайсыл жакка оойт деп ойлойсуз?

Марат Казакбаев: Эми азырынча бул белгисиз. Бирок 19 жылдын ичинде Кыргызстан көп векторлук багыт менен жүрүп келген. Кыргызстан ушул жыйырма жылдын ичинде КМШ мамлекеттери, Орусия жана башка өлкөлөр менен жакшы мамилени түзүп атат, АКШ менен да жакшы болуп атат. Бирок адегенде Кыргызстан улуттук кызыкчылыгын аткарыш керек. Бизде ошондо 19 жылдын ичинде көп эле маселе болуп, чоң мамлекеттер айтса ошондой кыла бергенбиз. Менин оюмча анын баарын токтотуш керек.

- Кыргызстан Борбор Азия эле эмес КМШ, ЕврАзЭШ өлкөлөрү арасында да парламенттик башкарууну биринчи тандап алган мамлекет экен. Кыргызстан өнөктөш болуп келген жогорудагы бирикмелерге кирген мамлекеттердин баары күчтүү президенти бар мамлекеттер. Алардын Кыргызстанга болгон мамилеси кандай болот деп ойлойсуз? Жасалма бут тосуулар болбойбу?

Марат Казакбаев: Казакстан, Орусиянын өлкө башчылары "парламенттик система боюнча жашай албайт” деп каршы чыгып атпайбы. Бирок бул алардын позициясы, биз эч нерсе кыла албайбыз. Биз ага карабастан өзүбүздүн жолубуз менен кетишибиз керек.

19 жылдын ичинде Кыргызстан президенттик же аралаш парламенттик системада жакшы жашаган жок. Көбүнчө бийликти басып алып эки президент качты. Ошон үчүн кыргыз эми айла жок парламенттик системага кетип атабыз.

Менимче, парламенттик же президенттик система болобу – биз иштеп кете алабыз. Медведев, Назарбаев айтып аткандай ал өздөрүнүн позициясы, бирок биз өзүбүзчө ушул жолду тандагандан кийин ушул жол менен кете беришибиз керек.

- Жасалма бут тосуулар болот деп ойлобойсузбу? Жакында эле Казакстан чек арасын бир кыйла жаап койбодубу.

Марат Казакбаев: Жок, андай маселелер бар. Билесиңер, Казакстан чек араны толук жаап коюп экспорт, импорт жүрбөй канча ишкерлерге кризис болуп жүрөт. Бирок өз өзүнчө сүйлөшүүгө чыгыш керек деп Казакстандын президенти деле айтып кетти.

Чек ара боюнча маселе чечилди деп биз айта албайбыз, көбүнчө жүктөр өтпөй атат. Менимче, бул боюнча Казакстан менен Кыргызстан ортосунда атайын сүйлөшүүлөр болуш керек. Азыр баары эле көрүп атат, түштүк жакта абал турукташып калды. Ошондуктан азыр Кыргызстан ушул суроону чечсе болот.

- Башынан эле Батыштагы, АКШдагы уюмдар Кыргызстандагы демократиялык процесстерди өнүктүрүү багытын колдоп келишет. Балким Батыш да, АКШ да ошол уюмдарга кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча көбүрөөк көңүл буруш керектир?

Марат Казакбаев: Туура айтып атасыз. Бизде демократия боюнча тенденция башка мамлекеттерге караганда жакшы эле жүрүп атат. Бирок анын жолу менен биз жүрүшүбүз керек. АКШ жана башка Европа мамлекеттери менен мамилени жакшы түзүшүбүз да абзел. Бизде андай шарт көп эле бар, мындай карасак бейөкмөт уюмдар канча.

Алардын позициясына таң каласың түштүк жакта окуя болбодубу, алардын позициясы башкача болуп атат. Кыргызстанда маалымат боюнча согуш жүрүп атат, бирок ал маселе боло берет. Бирок биз ушул жол менен барабыз, АКШ биздин стратегиялык өнөктөшүбүз, ЮСАИД жана башка институттар боюнча 19 жылдын ичинде канча жардам келген. Биз аны сезишибиз керек, аябай көп эле акча келип атат, башка мамлекеттер менен жакшы мамиле сөзсүз түзүшүбүз керек.

XS
SM
MD
LG