Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:22

Ж. Саалаев: Коомдук ТВ түзүү демилгеси ара жолдо калбашы керек


Байкоочулар кеңеши КТРК жетекчисин тандоо сынагында, 9-октябрь, 2010-жыл.
Байкоочулар кеңеши КТРК жетекчисин тандоо сынагында, 9-октябрь, 2010-жыл.

КТРКнын байкоочулар кеңешинин мүчөсү Жедигер Саалаев кеңештин мүчөлөрү тарап кетпей, бул демилгени аягына чыгаруу чечимине келгенин айтат.

“Азаттык”: Сиздердин ачык катыңыздарда байкоочулар кеңеши тарап кетиши тууралуу сөздөр болуп жатат деп айтылган экен. Байкоочулар кеңеши чынында эле тарап кетүү коркунучунда турабы? Бул сөздөр кайдан чыгып жатат?

Ж. Саалаев: Ошондой коркунуч пайда болгон. Мисалы Байкоочулар кеңешинин ар бир мүчөсүнүн өзүнүн пикири болсо керек. Мисалы жеке мен аны коркунуч катары деле кабыл албайм. Бирок жалпысынан коомчулук, азыркы абал үчүн коркунуч туудурган фактылардын бири деп эсептесе болот. Буга биринчи жолку октябрь айындагы Коомдук телеберүүнүн башкы деректирлигине жарыяланган сынактын жыйынтыгы боюнча ал сынакка катышкан 20 кишинин ичинен өтпөй калган айрым көрүнүктүү журналисттер кол коюп, Байкоочулар кеңешин таратуу жөнүндө президентке жолдогон каты себеп болду. Анткени ал коомчулукта орток пикир жаратып, ар кандай уу-дуу кептер болуп кетти. Ошон үчүн президентке, коомчулукка кайрылуу тууралуу чечим кабыл алдык.

“Азаттык”: Президент сиздерди чындап эле таратып жибериши мүмкүнбү?

Ж. Саалаев: Таратып жибериши да мүмкүн. Анткени кеңеш президенттин декрети менен түзүлгөн. Азыр биз каалайбызбы, каалабайбызбы 30-апрелдеги декреттин негизинде Улуттук канал Коомдук телевидениеге айланган. Байкоочулар кеңеши иштеп жатат. Бирок иштин жүрүшүндө бир катар жагдайлар бар экенин байкадым. Коомчулук жакшы билет, мурунку президенттин тушунда Байкоочулар кеңеши 2-3 жолу ишин алып бара албай таркап кеткен учурлар болгон. Көрсө бул жерде бир топ себептер бар экен.

Байкоочулур кеңешинин ар бир мүчөсү албетте өзүнүн пикирине ээ белгилүү инсандар. Бул кеңеш мындайча алганда эч кандай деле милдеттемелерге ээ эмес. Айлык алып иштебейт, же дагы башка милдеттемелери жок. Анан өзүнө жакпай калган учурда өзүнүн арызы менен кете берсе болот экен. Бул жолу биз ошентпейли, принципке туралы деп коомдук телеберүү деген жакшы идея орто жолдо кедери кетип талаада калбасын деп, аягына чейин иштейли деп жатабыз.

“Азаттык”: Эмне себептен Коомдук биринчи каналдын жетекчилигин тандоо боюнча алгачкы аракет ишке ашпай калды?

Ж. Саалаев: Биринчи себеби, конкурстун жыйынтыгында көп талаш-тартыштар болду. Туура, баардык иште ката кетет. Сынактын жүрүшүндө Байкоочулар кеңеши да анча-мынча процедуралык каталарды кетирип алды деп айта алам. Бирок анын жыйынтыгында жеңип чыккан талапкер өзүнүн талапкерлигин алып койду. Андан кийин Байкоочулар кеңештин мүчөлөрүндө ортодо бир пикирге келе албай турган талашуулар болду.

Акыркы 9-октябрдагы жыйынды биз жалпы коомчулуктун катышуусунда өткөргөнбүз. Ошол жерде негизинен сынактан өтпөй калган талапкерлердин жактоочулары жана өздөрү келип алып абдан агрессивдүү түрдө ойлорун айтып, кеңештин мүчөлөрүнүн көбү ал ишке татыксыз, тарап кетиши керек деген талаптарды коюшкан. Ушундан кийин биз абдан ойлонуп, тескерисинче чыйралып “кой, бул идеяны ортого калтырбай, президентибизди да, өзүбүздү да уятка калтырбай иштейли”, деген чечимге келдик.

“Азаттык”: Мына 1-ноябрдан тарта КТРКга кайрадан жаңы жетекчи шайлоо башталганы жатат. Биринчи жолкусунда кандай калпыстыктарды байкадыңыздар, эми жаңысында кайталанбашы үчүн?

Ж. Саалаев: Биз биринчиден коомчулуктун талабы менен сынактык жобого өзгөртүүлөрдү киргиздик. Ал гезитке жарыяланат. Ноябрдын ичинде биз мөөнөттөрдү да көрсөттүк. Баардыгы мурункудан башкачараак болот.

“Азаттык”: Рахмат.
XS
SM
MD
LG