Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:33

ЕККУ полициясынан Жалал-Абад эмнеге чочулайт?


ЕККУ полиция кеңешчилерин Кыргызстанга киргизүүгө каршы митинг, Ош, 26-июль.
ЕККУ полиция кеңешчилерин Кыргызстанга киргизүүгө каршы митинг, Ош, 26-июль.

13-августта Жалал-Абадда өткөн талкууда президент Р.Отунбаева менен ЕККУнун Кыргызстандагы элчиси Эндрью Тесорьердин наамына кайрылуу кабыл алынды. Жыйында көпчүлүк ЕККУнун полиция кеңешчилерин өлкөгө киргизүүгө каршы болду.

Кайрылууда эгер маселе чечилген болсо, полиция кеңешчи тобун бир айлык мөөнөткө кийирүү, бул аралыкта мыйзам бузган полицияларды жоопко тартуу, өлкөнүн күч уюм кызматкерлерин Европа мамлекеттеринде үйрөтүү талаптары коюлду. Жыйында ЕККУ полициясы тууралу элде түшүнүк жок жана аны кийирүү өлкөнүн ички ишине кийлигишүү менен барабар экени белгиленди. Полиция мөөнөтүн бир жылга дейре узартуу оюн сунуш кылган жарандар да болду.

ЕККУнун полиция кеңешчи тобун өлкөгө кийирүүгө Жалал-Абаддагы талкууга катышкандардын көпчүлүгү каршы чыкты. Тегерек үстөлдү облус борборундагы саясатка тиешеси аз “ Жаш жарандарды өнүктүрүү” коомдук кору уюштурду. Ага саясий жана бейөкмөт, жарандык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Коммунисттик партиянын облустагы комитетинин 1- катчысы Тагайбек Жаркынбаев полиция байкоочуларын жаңжалдуу аймактарга жайгаштыруу өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү менен барабар экендигин билдирди:

- Кыргызстан үчүн жүрөгү ооруса биздин милиция иштесин, мамлекет башчы иштесин. Менин үй-бүлөмө башка бирөө кирип келсе болбойт да. Өзүбүзчө Кыргызстан үй-бүлөбүз, мамлекетпиз. Ошон үчүн биз каршыбыз.

Сырткы байкоочулардын Жалал-Абад менен Ошко кирүүсүнө уруксат берүү - чабал саясатты ырастайт. Ушундай көз караштагы Жалал-Абад шаардык кеңешинин аппарат башчысы Бакыт Адыловдун айтымында, ЕККУнун полиция кеңешчилерине сарпталчу каражаттар менен алардын милдетин жергиликтүү тартип коргоо уюмдарына берүү абзел. “Анткени кандуу калабаны уюштургандар менен ага катышуучулар жана кимдер айыпкер экени элге белгилүү. Жалал – Абадда кармалгандардын укуктары бузулганы же убактылуу жайларда алардын кыйналганы тууралу маалыматтар угула элек”, - дейт Бакыт Адылов.

Облус тургуну Эрмек Өзбеков “маселенин оң-терси терең изилдегенден кийин ЕККУнун полиция байкоочуларын кийирүү жагы караштырылса, анткени каражат алган тарап ошол жактын сөзүн сүйлөп, Кыргызстанга пайда келтирбейт” деген оюн ортого салды:

- Президенттин “ооба” деп жактап койгонуна эч ким каршы сүйлөй албай, айта албай жатат. Биздин менталитет ушундай болуп атат. Биздин укук коргоо орагандары аябай жакшы иштейт. Алардын айлыктарын көтөрүп бериш керек.

“Жаш жарандарды өнүктүрүү“ корунун башчысы Мураталы Үчкемпиров полиция байкоочуларына бир ай убакыт берип, калган мөөнөтүн чет өлкөдө өткөрүүнү сунуш кылды. Анткени алар Кыргызстандагы кырдаалга туура баа берсе, адам укуктары тууралу тескери маалыматтарды жокко чыгара алышат, калыстыктан тайса, жагдайды кайра курчутат. Мыйзам бузган полициянын жоопкерчилиги караштырылсын , - деп айтты Мураталы Үчкемпиров.

Өткөн окуялардын алдын алалбай, өкмөттүк күчтөрдүн шаасы жетпегендигинен кандуу калаба болду. Ушундай деген Жалал-Абад шаарынан ардагер Эркин Эргешов туура маалымат жоктугунан эл ЕККУнун полициясынан чочуурун айтты. Анын айтымында, бейөкмөт жана эл аралык уюмдардан Кыргызстан зыян тарткан жок, тартип коргоо уюмдары реформага муктаж. Зарылчылык болсо, полициянын мөөнөтүн төрт ай эмес, бир жылга дейре узартуу керек, мен алардын келишин жактаймын. Адам укуктары бузулганы тууралу жергиликтүү жана эл аралык уюмдардын билдирүүлөрүндө чындыктын үлүшү бар, - деген оюн билдирди СДП партиясынын мурдагы мүчөсү Эркин Эргешов.

“Кыргызстан эли сырткы күчтөргө каршы“ аттуу кыймылдын облустагы өкүлү Адилет Балтабаевдин пикиринде, ЕККУ полициясын киргизүүнү көпчүлүк колдобойт жана аларды кийирүү чечиминде улуттук кызыкчылыктар менен калк пикири эске алынбады.

Бул арада Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги ЕККУнун Кыргызстанга келе турган полициялык кеңешчи тобу куралып бүтүп калганын кабарлады. Акыркы маалыматтарга караганда, Кыргызстанга келчү полициялык кеңешчи топко Түркия 15 чамалуу өкүлүн, Сербия 10, Орусия 7, Латвия 3, Болгария 3, Словакия 3, Финляндия 2, Литва менен Швеция бирден өкүлдөрүн жиберишерин билдиришкен.

Акыркы жумаларда болсо ЕККУнун полициясын жайгаштырууга каршы Кыргызстанда бир канча нааразылык акциялары өттү.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG