Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:52

Идрис Эргешов: Коогалаңдан улам студенттердин саны азайды


Идрис Эргешов
Идрис Эргешов

Мурдагы Ош кыргыз-өзбек университети, азыркы Ош мамлекеттик социалдык университетине быйыл Өзбекстандан абитуриенттер салыштырмалуу өтө аз келди.

Бул окуу жайда окуган өзбекстандык бир нече студенттер да коогалаңдын айынан окууга келе албай калышкан. “Азаттыктын” суроолоруна Ош мамлекеттик социалдык университетинин ректорунун милдетин аткаруучу Идрис Эргешов жооп берди.

- Жыл сайын окуу жайларга абитуриенттер жакшы тапшырчу. Быйыл коогалаңга байланыштуу Оштогу окуу жайларда абитуриенттердин саны кескин азайганы байкалып турат. Сиз жетектеген университетке жыл сайын канча абитуриент тапшырчу эле, быйыл кандай болду?

- Быйыл коогалаңдын айынан бир эле биз эмес, жалпы эле түштүктөгү окуу жайлар ушундай абалга туш болду. Биз, мисалы, мындан төрт-беш жыл мурда 5-6 миңге чейин студент кабыл алганбыз. Алардын дээрлик басымдуу бөлүгү Өзбекстандан келген жаштар болчу. Былтыр эки жарым миңдей студент алган элек, бүгүнкү күндө 1100 гана студент келди. Биз үч баскычтуу окуу жайбыз: лицейибиз, коллеждерибиз, жогорку окуу жайыбыз бар. Ушунун баары биригип 1100 студент болду. Бул эми айрым башка окуу жайларга салыштырмалуу жакшы эле көрсөткүч.

- Буга чейин билим алып жаткан өзбекстандык студенттердин окуусу эмне болот? Билишибизче, тополоң болуп кетип, алар сессиясын да тапшырбай кетишкен. Бүтүрүүчү студенттер дипломун коргой албай калышкан. Эми алар эмне кылат?

- Ооба, 10-июнда тополоң башталып кетип, сессиялар толук бүтпөй калган. Анча-мынча мамлекеттик экзамендери да тапшырылбай калган. Азыр министрликтин уруксаты менен балдарга мүмкүнчүлүк түзүлүп берилди. Сентябрдан тарта эки-үч топ студенттер Өзбекстандан келип тапшырып кетишти. Кээ бирлери калып кетти, эми алар кийинки жылга калды окшойт. Бирок аларга биз “жогорку курсту толугу менен бүттү” деген маалымкат беребиз.

Өзбекстандык студенттерибиз диплом гана албай калганы болбосо, калган баарын бүтүрүшкөн. Анча-мынчасы гана дипломун коргобой калышкан. Алар аз эле санда. Бизге студенттер келебиз деп жатышат. Бирок Өзбекстандан келген балдарды жолдо тосуп, бажы кызматындагылар көп кыйнап койду. Мурда биздин окуу жай өзбек-кыргыз болгондуктан, бизде Өзбекстандан келген студенттер бир маалда окуу жайдын 70 пайызын түзгөн. Азыр болсо 30 пайызга гана жетет.

Каражат тартыш, кыскартуулар болот

- Ош мамлекеттик социалдык окуу жайында студенттер келишим акысын төлөбөй, окутуучулардын айлык маянасы бериле элек деген маалыматтар бар. Бул чынбы?
Былтыр 2500 студент алдык эле, быйыл 1100 студент келди. Бул “тайпалар аз, сабак аз” деген сөз.


- Чынында ошондой болду. Сессиянын аягында студенттер келишим акыларын төлөбөй кетип, бизде финансылык маселелер жаралган. Бирок сентябрда баары толук төлөп бүтүштү. Азыр жакшы эле. Окутуучулардын 70 пайызы июнь, июль, августтун айлыктарын толук алышты. Акчасы колуна тие электер аз калды. Буйруса, ноябрга чейин баары толук алып бүтөт. Окутуучулардын гана бир аз бөлүгү ала элек. Калган тейлөөчү кызматчылардын бардыгына эмгек акысын толук берип бүттүк. Бул жагынан сөз эле жүрүп жатат. Чындыгында көпчүлүгү айлыктарын алып бүтүштү.

- Студенттердин аздыгынан кадрдык кыскартуулар болобу?

- Кадрдык кыскартуулар болуп жатат. Эми дагы болушу мүмкүн. Азыр биздин окуу жайда жалпы жардамчы кызматкерлерди кошкондо окутуучулардын саны 470ге жетет. Кыскартууну биз атайын түзүлгөн комиссия менен жүргүзүп жатабыз. Комиссия мүмкүн болушунча таза иштегенге аракет кылууда.

Мындай кыскартуу бир эле бизде эмес, башка окуу жайларда деле болуп жатат. Былтыр 2500 студент алдык эле, быйыл 1100 студент келди. Бул “тайпалар аз, сабак аз” деген сөз. 35-40 пайызга чейин кыскартышыбыз ыктымал.

Коопсуздук башкы маселе

- Сиз жетектеген университеттин аталышы коогалаңдан кийин өзгөргөнү маалым. Ага эмне түрткү болду?

- Менин оюмча бул доордун, мезгилдин талабы. Өзгөрүүгө коогалаң деле себеп болду. Биздикине окшош аталыш алган айрым жерлер деле аны өзгөртүүгө аргасыз болушту.

- Каржы маселесинен, студенттердин аз санынан улам университет индустриалдык колледжге айланып калышы мүмкүнбү?

Коогалаңда жабыркаган шаар.
- Жок, мүмкүн эмес. Мен буга толугу менен ишенип айта алам. Себеби бизде материалдык база бар, кадрлар, компьютердик класстар жетиштүү, техникалык базабыз ойдогудай камсыздалган. Китепканабыз иштейт, интернетибиз да иштейт. Эми ушундай байлык менен колледж болуп калат деген куру сөз. Билим берүү жана илим министрлиги да бизге колдоо көрсөтүп жатат.

- Парламенттик шайлоого байланыштуу “коопсуздук сакталсын, студенттер кайсы бир партияларга курал болбосун, административдик ресурс колдонулбасын” деп окуу жайлар 18-октябрга чейин тарабады беле. Эми ошол бир айлык план окулбай калды да. Бул окуу ишине зыянын тийгизбедиби?

- Мындай алып келгенде бир айлык программанын өтүлбөй калышы студенттердин билимине бир аз зыянын тийгизиши мүмкүн. Бул эми жалпы эле түштүктүн ЖОЖдорунда ушундай болду. Бирок биз болгон мүмкүнчүлүктөрүбүздү колдонуп, калып кеткен сабактардын баарын студенттерге окутууга аракет кылабыз. Мисалы, мурда күнүнө студенттер 2-3 сабак окуган болсо, эми 4-5 пара окушат. Планда болгон сабактарды рационалдуу түрдө сөзсүз өтөбүз.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG