Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:02

Казак президентинин Ысык-Көлдөгү резиденциясынын сыры


Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин Ысык-Көл жээгиндеги эстелиги. Чолпон-Ата, "Рух-Ордо" комплекси
Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин Ысык-Көл жээгиндеги эстелиги. Чолпон-Ата, "Рух-Ордо" комплекси

22-январда Жогорку Кеңеш Ысык-Көл районундагы Казакстан ээлигиндеги эс алуу жайларынын жерин ижарага берүү жөнүндөгү эки өкмөт ортосундагы келишимди жактырды.

Бешинчи объекттин сыры

Өткөн жылы парламент Көл кылаасындагы 4 эс алуу жайына Казакстан ээлик кылууга акысы бардыгын ырастаган келишимди жактырган.

Кыйладан бери Казакстан Көл кылаасындагы төрт пансионаттын башын ачып, аны турган жери менен өзүнө алыш аракети ишке ашып, 22-январда кыргыз параламенти 58,8 гектир жерди 49 жылга ижарага берүү жөнүндөгү эки өкмөт жетекчилеринин өткөн жылдын аягында кол коюшкан келишимин жактырып берди. Талкуу учурунда эмнеликтен ижарага берилген жердин акысы өтөле аз болуп калышынын себеп-жөнү, анан да Казакстандын артынан эртең эле Өзбекстан да өтүнүч кылып, социализм доорунда курулуп калган эс алуу жайларын өзүнө кайтарып алууга киришсе ага кандай жооп болору айтылган жок. Коммунисттер фракциясынын мүчөсү депутат Бейшебек Акунов буга чейин козголбой келаткан дагы бир сырдын түйүнүнө кызыкты.

Бейшебек Акунов:
- Төрт объектти азыр берип атабыз. Бу бешинчи объект. Казак президентинин Комсомолдун жанындагы
Казак президентинин Комсомолдун жанындагы Пришибдеги резиденциясы. Бул каякта катылып калды?
Пришибдеги резиденциясы. Бул каякта катылып калды?

Турсун Турдумамбетов:
- А бул, бул, эмеге кирген эмес башынан эле. 2008-жылы каралганда деле ошол Пришибдеги ...

Бейшебек Акунов:
- Ошол кайда, кайда эми, бизде, эмне анклав болуп калдыбы?

Турсун Турдумамбетов:
- Анклав эмес, ал приватизация болуп 2000-жылыбы, 1999-жылыбы кеткен. Бул боюнча кызыксаңыз, азыр эми менде даяр информация жок, мен кийинчерээк берейин.

Бейшебек Акунов:
- Мага бербей эле коюңуз. Мен аны жакшы билем. Мынабу элдер уксун да. Бул баягы чатактын баары кийин чыга турган маселе ошол болот. Экинчи маселем, өзбек туугандар эмне деп жатышат? Алардын да пансионаты бар да биздин Көлдө. Эгер алар коюп койсо сиздер ушул казак туугандарга чечкендей эле чечип бересиңерби? Же башкача чечесиңерби?

Турсун Турдумамбетов:
- Мен аны айта албайм. Анткени ал маселе биздин өкмөттүн астында коюла элек.

Бейшебек Акунов:
- Алдын-ала коюлат да.

Турсун Турдумамбетов:
- Коюлса ошол убагында көрөбүз. Мен азыр айта албайм.

Бейшебек Акунов 49 жылга ижарага берилген жер Казакстанга биротоло кеткенин айтып, өкмөттүн өкүлүнүн жообуна канааттанбагандыгын жашырган жок.

Атантай берешендик аман эле болсун

Кыргызстанда жер маселесине келгенде бийликтегилер берешен болуп кетишерин парламенттеги социал-демократиялык фракция жетекчиси Роза Отунбаева да белгиледи. Депутат эки өкмөт жетекчилери кол койгон келишим орус тилинде гана даярдалып, анын кыргызча нускасы жоктугун бийлик башындагылардын мамлекетин сыйлабастыгы катары сыпаттады.

- Биздин Кыргызстан орусча айтканда “рваное одеяло” дейби ошондой эле “жыртык төшөк болуп калды. Кайсы өлкө келип, кандай иш жасайм десе өзү билет. Ошол жерди тартып алам, алып кетем, калп эле ушундай професссионал эмес өкмөт менен сүйлөшүп чийик келишимдин негизинде алып кетем десе азыр ошого толук мүмкүнчүлүк болуп атат.

Анын кесиптеши депутат Галина Скрипкина Казакстан ээлик кылган эс алуу жайларыны укуктук жагынан тийиштүү документтери
Биздин Кыргызстан орусча айтканда “рваное одеяло” дейби ошондой эле “жыртык төшөк болуп калды.
жоктугун белгилеп, өкмөт аны келишим жактырылгандан кийин жасай турганына токтолду.

Кызыкчылыктын кулагы кайдан чыгууда?

Парламенттеги коммунисттер фракциясынын жетекчиси Исхак Масалиев азыркы өкмөт жетекчиси Казакстанда кол коюп келген келишим социализм учурунда казакстандыктарга бөлүнгөн жер менен 2003-жылы Кыргызстандын президенттик администрациясы ээ чыгып бөлүп берген аянттын ортосундагы айырма кыйла экенине токтолду.

- Мага бул келишимде кандайдыр бир кызыкчылык бардай сезилет. Болбосо эмне үчүн мурда белгиленгенден көп жерди берип жатабыз?

Келишимди жактырууну эртерээк колго салууга кызыкдар “Ак Жол” фракциясынын мүчөсү, депутат Максат Кунакунов талкууда чыгып сүйлөгөн кесиптештерине момундай сын айтты.

- Келип алабыз да бул жерде эл көрсүн деп, кызык оюн баштайбыз. Билебиз го, келишимди жактыруу маалында эч кандай кошумча өзгөртүү киргизе албайбыз.

Жаңы жылдан кийин Ташкенге барып келген кыргыз өкмөт башчысы Данияр Үсөновдун алдына Өзбекстан өкмөтү Көл кылаасындагы пансионаттардын башын ачып алуу маселесин койду. Алардын саны да төрт. Болгон айырма азырынча Өзбекстан президентинин Ысык-Көлдө резиденциясы жок.

XS
SM
MD
LG