Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Алмазбек Атамбаев: Эл бийликке ишенбей калды


Социал-демократтар партиясынын башчысы Алмазбек Атамбаев Элдик курултайдан соң кабарчыбыздын суроолоруна жооп берип, эми бийлик кандай кызмат сунуштаса дагы барбастыгын, бийликке элдин ишеними такыр кеткенин билдирди.

- Алмаз мырза, сиздин оюңузча курултайда козголгон маселелер канчалык деңгээлде ишке ашат?

- Аны эми мезгил көрсөтөт да.

- Сиз курултайдан соң кандай ойго келдиңиз?

- Эми көрүп жатасыздар, биз кабыл алган токтомду дагы мындай жумшагыраак деп жатпайбы элдин көпчүлүгү. Ошондуктан Кыргызстанда барган сайын кырдаал курчуп баратат деп айтсак болот.

- Айрым оппозициялык күчтөр 20-декабрда Бишкектин борбордук аянтында нааразылык чара өткөргөнү жатат. Азыр да баягы апрель митингисиндегидей бийлик тараптан күч колдонуу болот деген чочулоо жокпу?

- Албетте, мен да ошондон коркуп турам, дагы ошондогудай элди алып чыгып, анан өзүлөрү жыргап мамлекеттик кызматка отуруп алып, берки ээрчиген жаш балдар “Канжардын” балдарына окшоп түрмөлөргө тыгылып калбасын да. Эл да кимди ээрчийт, кимди угат, ошону карап көрүш керек. Ошондуктан жанагы меморандумга кол койгонубуз абдан туура болду.

- Курултайда негизинен энергетикалык кризиске өзгөчө басым жазалды, сиз премьер-министр болуп иштеп турганыңызда ушул энергетикалык кризистен чыгаруунун жолдору каралды беле, дегеле андан чыгуунун жолдору бар беле?

- Албетте, бар болчу. Мисалы азыр тыйын жок деп жатпайбы ТЭЦти оңдогонго. Өткөн жылы эле Кумтөр боюнча келишим бекигенде Кыргызстан бир жарым милиард доллардай байлыкка ээ болмок да. Ошондо баарын сатпаса да акциянын 10 пайызын сатып эле, 300-400 милион доллар менен азыркы маселенин баарын былтыр эле жаап койсо болмок. Анткени ушундай болоорун мен былтыр эле билип, учурунда Өзбекстанга электр кубатын сатууну токтотком, өкмөт башчы катары. Маселен былтыр июнда, ага чейин бир центтен сатылып жаткан жана жылдын аягына чейин сатылмак.

- Мына эми 250гө жакын ишканалар менчиктештирилээри айтылууда. Ушул менчиктештирүүгө сиз кандай карайсыз?

- Негизи албетте, менчик кожоюн келмейинче ишкананын ишин оңдош кыйын. Бирок азыркы бийликке эл ишенбей турат. Азыркы бийликтин менимче моралдык укугу да жок. Булар анын үстүнө мындай таза менчиктештирүүгө барышына мен ишенбейм. Ошол эле “Кыргызтелекомду” арзан ит бекер чыгарып жатканынан учурунда мен токтотуп койгом, кийин болбой эле ошол баа менен чыгып кетти. Бийлик андай кадамдарга барбашы керек.

- Алмаз мырза, сизди эми туруктуу оппозицияга өттү десек болобу, кайра бийлик менен кызматташып кетпейсизби?

-Мен дайыма туруктуу оппозицияда жүрөм, ошондуктан дагы бир жолу кайталайм. Мен мисалы, Куловду, Эшимкановду ээрчибегениме өкүнбөйм. Анткени ошол учурда ачык айтканда ошол эле бир топ адамдар кыйкырып чыгышкан. Ошол “фронттун” башчылары үчүн эч кандай демократия кереги жоктугун азыр мезгил көрсөтүп жатат. Ошондо биздин бир бөлүгүбүз аларды угуп, оппозиция экиге бөлүнүп кеткен. Мен деле жалгыз эмес болчумун, айтып кетпедимби артымда маркум Дооронбек Садырбаевге окшогон аксакалдар, Азимбек Бекназаров, Роза Отунбаева, Эдил Байсаловдой адамдар турган, аларды ээрчисе болбойт депчи. Ошондо биз ынтымакты жоготуп алганбыз да, ээрчибеген адамдарды ээрчип. Азыр карабайсыздарбы, ошол митингди башкарып чыккандар бийликте отурат, аларды ээрчиген балдар керек болсо азыркыга чейин түрмөдө отурат. Эми бийлик боюнча жооп берейин, мага эгерде кызмат керек болсо, мен албетте дайыма кызмат табат элем. Дагы бир нерсени эскертип койсом, мен премьер-министрликке барганда конституция боюнча менин да долбоорум бар эле. Ошондо бир пункт бар болчу, реформа болоору менен Атамбаев кетет дегенчи. Азыр мени “сатылып кеткен” дегендер адашканын мойнуна албай жатат да. Эмнеге мен аларды туурап, Кулов, Эшимканов, Карабековдорду ээрчисем туура болмок. Мезгил көрсөтпөдүбү, ээрчибегеним туура болгон.

- Эми акыркы суроо, азыркы курултайда коюлган талаптар канчалык ишке ашат деп ойлойсуз, март айына чейин?

- Эми ал кудайдын колунда, бирок элдин пикирин, кыялын көрүп турабыз эртели-кеч ишке ашат. Бул бийлик кетет, анткени эл бийликке такыр ишенбей калды.

XS
SM
MD
LG