Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:46

Ыңкылап түнүндөгү талоончулук кантип токтотулган?


Ыңкылап түнү Бишкектеги талап-тоноочулукту токтотууда ошол кезде жаңыдан түзүлгөн убактылуу бийликтин аракети зор болгону айтылып жүрөт. Бул окуялар мурдагы өкмөт башчы, ошол талоончулукту токтотуу аракеттеринин башында турган Феликс Куловдун кечээ бет ачаары болгон “Ашууда” аттуу китебинде «Жоогазын ыңкылабы» деген атайын бөлүккө киргизилген.

Жоогазын ыңкылабынын кечинде толкуган элдин агымын бир нукка салып, көзөмөлдөө кыйынга турган. Ал кезде бир эле милдет – талап-тоноочулук үйлөргө, жеке адамдарга өтүп кетүүсүнө жол бербөө болуп калган эле.

Ошол кездеги баш аламандыкты басандатуу аракетинин башында турган «Ар намыс» партиясынын лидери Феликс Кулов 23-мартта жаңы китебинин бет ачарында ушундай пикирин «Азаттыкка» айтты. Куловдун «Ашууда» деген китебине 24-марттагы окуялар «Жоогазын ыңкылабы» деген атайын бөлүккө киргизилген.

Мурдагы бийликтин тушунда саясий туткун атыккан Феликс Кулов өзүнүн “Ашууда” деген аталыштагы жаңы китебинин бет ачарында, 2005-жылдын 24-мартынын түнүндөгү кырдаалды, элдин жоон агымынын талап-тоноочулукка барганын мындайча эскерет:

- Ошол түнү элди токтотуп болбой калды. Жаштар эле эмес, а түгүл кары-картаңдар да урдоого өтүшкөн болчу. Анан кантип ошолорду кармап жазалоо жөнүндө сөз болсун. Биз тоноолордун башында тургандарды, тигил же бул соода борборлорду тоноого чакырык жасагандарды кармоо аракетин жүргүзө баштадык. Ошол эле учурда юридикалык жактан моюнга кою жагы да кыйынга туруп жатты, күбөлөр жоктугу жолтоо болуп жатты. Эң негизгиси - бизде буюмдар уурдалса да элдер бири бири менен чатакка түшүп, киши өлүмү болуп кетпесин деген башкы милдет турду. Талап тоноолор жеке үйлөргө өтүп кетпесин деп кабатырландык. Ошол милдетти биз түнү менен кармандык. Толук бойдон талап-тоноону токтото албадык, эмне үчүн дегенде бизге киши жетишпей жаты. Милиция иштебей калган болчу. Ал эми Улуттук Гвардиянын командири болсо кызмат өтөгөндөрдүн шаабайы сууп калганын айтты.

Канткен менен эртеси күнү кырдаал калыбына келе баштаган. “24-мартта жапа чеккен ишкерлер” коомунун жетекчсиси Бурул Усубакунова да чыны менен ыңкылаптан эртеси, 25-марттын түнүндө Бишкектин көчөлөрүндөгү тартиптин калыбына келишине бир чети Феликс Куловдун аскердик тажрыйбасы жардам берди деген пикирде:

- Куловдун бул аскердик ыкмасы болсо керек. Ал киши эми аскерий адам да. Мен ал түнү кыдырып жүрдүм. Айтып кетүү керек, 25и түнү 24үндөгү кырдаал кайталанбай, абалдан чыгып кетүүгө Куловдун таасири чоң болду.

Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, ыңкылап түнүндө талап тоноочулуктан жапа чеккендердин чыгашасын акчага айландырганда бир жарым миллиард сомго чукулдаган.

"Ыңкылаптын жаштары" эмнеге таарынат?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:04 0:00

XS
SM
MD
LG