Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Ж. Турдукожоев: Тышкы саясат бийликтегилердин жеке кызыкчылыгына жараша жүрүүдө


Саясат таануучу Жыргалбек Турдукожоев Кыргызстандын тышкы саясаты тууралуу “Азаттыктын” таңкы түз обосунда ой бөлүштү.

- Аксакалдар кеңеши кечээ “Манастагы” АКШнын транзиттик борборун чыгарып кетүү талабы менен чыгышты. Дегеле Кыргызстандан АКШнын “Манастагы” транзиттик борборун чыгарып жиберсе Кыргызстан утулабы, же утабы?

- Бул жерде маселени мен кичине башкача өңүттө койгум келет. Бул чет өлкөлүк аскер базаларын биздин өлкөдө жайгаштыруунун зарылдыгы барбы, же жокпу деген маселе, менимче экинчи маселе болуп эсептелинет. Биринчиси, жайгаштырууда биз эл аралык өзүбүздүн ордубузду, чет мамлекеттер менен мамилебизде өзүбүздүн аброюбузду кантип сактап калабыз, тышкы саясатыбыз туура болуп атабы деген маселелердин тегерегинде сөз жүргүзүп, андан кийин ошол конкретүү чет өлкөлүк аскер базалары жөнүндө сөз кылуу керек деп ойлойм. Ал эми биздин бийлик жүргүзүп аткан тышкы саясатты тышкы саясат деп атоого болбойт. Бул жөн гана эч кандай саясатты билбеген, жеке фирманын иши катары баалайт элем да. Себеби биз тышкы саясатта белгилүү ориентирлерди белгилебей, өнөктөштөрүбүз менен тийиштүү туруктуу саясат жүргүзбөй эле, өзүбүздүн жеке кызыкчылыгыбызга, башкача айтканда азыркы бийликтегилердин жеке кызыкчылыктарына кайсы багыт туура келсе, ошону тандап алып туруп эле чет өлкөлүктөр менен саясат жүргүзүп атабыз.

- Жыргалбек мырза, айрым бир талдоочулар айтып атат, “Манаста” АКШнын транзиттик борборун калтыруусу менен орус-кыргыз мамилесинде мамиле жакшы болбой атат деген сыяктуу. Ушуга сиз кандай дейсиз?

- Албетте, эгерде туруктуу саясат жүргүзбөсөк, эл аралык мамилелерибизди оңдобосок, анда жеке эле Орусия эмес, башка мамлекеттер менен дагы мамилебиз бузулушу мүмкүн. Орусия менен албетте маимлебиз бузулду. Себеби бир жыл мурда Орусияга барганда мамлекет башчысы Американын аскер базасын чыгарабыз деп айтып келбеди беле. Ал эми иш жүзүндө чыгармак тургай калды дагы кайра күчөтүлдү. Андан тышкары түштүктө дагы, Баткенде дагы бир борбор ачабыз деп мактанып атышат. Мунун баары тең албетте Орусиянын жетекчилигинин кыжырын келтирет. Эмне себептен биз менен жүргүзгөн, убадалашкан, макулдашылган милдеттемелерин аткарбай атат деп.

- Жеке сиздин көз карашыңызда ушул “Манастагы” АКШнын транзиттик борборун турушу Кыргызстандын коопсуздугуна канчалык пайда келтирет?

- Кыргызстандын коопсуздугуна ушул кезге чейин канча пайда келтиргенин эч ким айта албайт. АКШнын аскер базасы бул жака жайгашканына канча жылдын жүзү болду, бирок эч ким айта албайт кандай пайда келтирди деп, зыян жагы көбүрөк болуп атат. Биз “эчки тууй албай койго арачы болот” дегендей өзүбүздүн ички саясатты жүргүзө албай, ички иштерибизди оңдой албай жатып, анан Ооганстандын, чет өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишип, ортомчу болгонго аракет кылганыбыз бул албетте биздин тышкы саясаттагы өксүктөрүбүздүн бири болуп эсептелет.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG