Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:02

Д. Ошуракунова: Системаны өзгөртүү – БШКны ачык-айкын түзүүдөн башталат


“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошуракунова кандай режим болсо да шайлоо системасынан башталат, ошондуктан БШКны калыс, акыйкат түзүү керек деп эсептейт.

-Убактылуу өкмөт Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы жарандык уюмдардан дайындалыш керек деп, “Жарандар коррупцияга каршы” уюмунун башчысы Төлөйкан Исмаилованы бекитишти эле. Бирок Исмаилова 23-апрелде бир топ жүйөөлөрдү айтып кызматтан баш тартты. Муну айрым талдоочулар БШКны жетектөө оңой эмес, Исмаилова бейөкмөт уюмду жетектеп жүргөндөй мамиле кылды дешүүдө, буга сиздин көз карашыңыз кандай?

- Чындап эле Төлөйкан Исмаилова туура эле кылды. Эгерде БШК курамы ачык-айкын куралбаса кандай калыс төрага же төрайым келсе деле иш оңолбойт. Анткени башында эле процедуранын бары ачык болгон жок.

- БШК мүчөлүгүнө талапкер көрсөтүүдө жарандык коом убактысында көрсөтө алган жок деген пикирлер айтылып жатат. Эми дагы убакыт берилди буга бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышабы?

- Бул жерде мындай болуп жатпайбы эң башында биз жарандык коом өкүлдөрү Өмүрбек Текебаев менен жолукканда курамдын үчтөн бир бөлүгү коомдук уюмдардан болоорун атйкн. Биз бул боюнча атайын бир өкүл коюлуп, ошого сунуштарыбызды беребиз, анан ачык протокол менен чыгарылып ушунча адам көрсөтүлдү, арасынан биз ушуларды тандадык деп жарыяланат деп күткөнбүз. Бирок андай болгон жок.

- Сиздер ушундай сунуш киргиздиңиздерби?

- Биз киргиздик, Төлөйкан Исмаилова кызматтан баш тарткандан кийин өзүбүздүн сунушту бердик. Жок дегенде ошол жарандык коомдун атынан киргизилип аткан талапкерлерге ачык-айкын жол менен кайрадан караштырыш керек десек, тилекке каршы убактылуу өкмөт кайра силер өзүңөрдүн төрайымыңарды же төраганы барыңар чогулуп туруп шайлагыла деп айтты. Бирок БШК курамы жөнүндө эч нерсе айтылган жок. Кечээ күнү биз убактылуу өкмөт өкүлдөрү менен жолугушалы десек башкалардын убактысы жок экен жалгыз Текебаев менен кечке талкуу жүргүздүк.

Бирок эми кайрадан эле маселе калып калып атат. Анткени алар “БШКнын баягы эле эски мүчөлөрү келип атканына нааразылык чыгып атат, бирок биз билебиз алар парламенттик шайлоодо чынында эле оппозиция болуп бул туура эмес, таза эмес деп айтышкан”, -деп жатышат. Бирок булардын баары 2007-жылдагы референдумда БШКга мүчө болчу. Биз айтып атабыз, кандай режим, кандай система болсо да шайлоо системасынан башталат. Шайлоо системасы ачык-айкын түзүлүп, өткөрүлсө анда режим же система дагы өзгөрүлөт. Ошол шайлоо системасы - аны уюштурган БШКдан башталат. Убактылуу өкмөт чынында эле ачык айкын шайлоо өткөзөбүз десе анда БШК курамын дагы адилеттүү калыпка салыш керек.

- Сиздердин ушул сунуштар убактылуу өкмөттөн колдоо таптыбы?

- Аларга сунуштарыбызды бердик, эми күтөбүз дагы убакыт бар. Бизге айтып атышат, революция болду, убакыт жок деп. Мына андан бери үч жума өттү. Үч жумадан бери ушунун бардыгына убактылуу өкмөт даяр болсо ушул процедуралардын баарын жасап койсо болмок.

- БШК качан түзүлүп бүтүш керек?


- 1-майга, же 5-майга чейинби баары тең түзүлүп бүтүш керек. Анткени талкуу жүргүзүп баштаса ал үчүн иш чараларды уюштуруш керек. Бирок анын эч кандай шашылышы деле жок, эгерде биз чынында эле системаны өзгөртөбүз демократиялык система түзөбүз десек, анда БШКнын түзүлүшүнө көп көңүл бурушубуз керек.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG