Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:02

Жаңы Конституция жазуу ышкысы


Кыргызстандагы айрым саясий күчтөр жаңы Конституция долбоорун сунуш кыла тургандыктарын билдирүүдө. «Эркин Кыргызстан» партиясы өз жыйынында ушундай чечим кабыл алганын Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Т. Бакир уулу ырастады.

Эмнеликтен “Эркин Кыргызстан” – ЭрК партиясы Убактылуу өкмөт менен соттошууга даярдык көрүп жатышынын чоо-жайын партия төрагасы Шайырбек Жусуев Борбордук шайлоо комиссия мүчөлүгүнө катарынан сунуш кылган талапкердин өтпөй калышына байланыштырып түшүндүрдү. Убактылуу өкмөт өкүлдөрү БШК мүчөлүгүнө парламенттик шайлоодо алдыңкы орундарды ээлеген партия катарынан киргизиле тургандыгын билдиришкен.

- “Ак жолду” айтпаганда СДПК алдыңкы орунда болчу. “Ата Мекендики” 228 миң добуш, анан “Ар-намыс” – 44 миң добуш. Коммунисттердики 145 миң. СДПКныкы 188 миң. “Туран” 55 миң. “Ар-намыс” 44 миң. Биздин партияныкы 28 миң, 6-орунду ээлегенбиз. Анан “Эркиндик”, “Жаңы күч”. Көрүп атасыздар “Ак шумкар” партиясы жок.

Шайырбек Жусуев парламенттик шайлоого катышпаган “Ак шумкар” партиясы менен арткы орундагы “Эркиндик” партиясынын өкүлдөрү кайсы негизде Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө кирип калганын сот аркылуу айкындоого аракет кылып жатышканын ырастады.

Азырынча ортодогу талашты Убактылуу өкмөт менен тынч чечип алууга мүмкүнчүлүк бардыгын Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Турсунбай Бакир (Турсунбай Бакир уулу ЭрК партиясын түптөп, анын башында турган -ред) маалымдады. Анын пикиринде, жаңыланчу Конституцияга өкмөт башкаруу укугун президентке берүү зарыл. Эгер аткаруу бийлиги жакшы иштей албаса анын жетекчиси президент кызматынан кетиши керек.

Т.Бакир уулу парламенттик башкаруунун буга чейинки системадан анчалык деле айырмасы жоктугун белгилеп, анын себеп-жөнүн минтип ырастады.

- Парламенттик республика боюнча. Бир баштуу ажыдаардын ордуна үч баштуу ажыдаарды жаратып жатабыз. Жеңген партия өкмөттү түзөт экен. Андан тышкары премьер-министрди да өздөрү дайындайт экен. Президенттин ыйгарым укуктарын алып коебуз, ошону эле премьер-министрге беребиз деп жатат. Айырмасы эмнеде? Мурда президент жеке адам эле, эми деле жеке адамдын колуна ошол укуктар чогулуп жатат. Айырмасын сезип атасыңарбы? Эгерде президент буякта туугандары менен жесе, буякта премьер-министр партиялаштары менен жейт. Ошол айырмасы.

Жаңыланчу Конституцияда “кыргыз эли” деген түшүнүгүн “Кыргызстан элине” өткөрүүнү жаштар уюмдарынын өкүлдөрү билдиришүүдө. Жаштар парламент менен президентке шайланчу жаш курак чегин дагы төмөндөтүү, Жогорку Кеңешке депутатка 25 жашынан эмес, 21 жаштан, ал эми президенттикке 28 жаштан тарта шайлануу укугун киргизүүнү сунушташууда.

Жаштар уюмдарынын координатору Арсен Закиров жаштардын иш билги, азыноолок тажрыйба топтоп калгандарын коркпой эле жооптуу кызматтарга көтөрүү керек, деген пикирде.

- Тажрыйбасы жок жаш балдарды, тууган-туушкандарын коюп коюшат. Андайга биз барбашыбыз керек. Жаштарды жумушка алуу, кадрларды тандоо механизми болушу керек. Ошого биз аракет жасашыбыз абзел.

Убактылуу өкмөт башчысынын орунбасары Өмүрбек Текебаев жаңы Конституцияда бийлик атаандаштарына экономикалык, коопсуздук маселелерин көзөмөлдөө милдети тагыларын белгилеп, бийликтин бир колго топтолушуна жол берилбешин белгилеп келатат.

- Тараза ташы ушул бир жакка ообогондой тең салмак система түзгүбүз келет.

Азырынча жаңы Конституция долбоору боюнча келип түшкөн пикир-сунуштарды талкуулап, өлкөнүн мындан аркы өнүгүшүн аныктоочу негизги документтин такталган вариантын иштеп чыгучу конституциялык кеңешме түзүлө элек. Бул ишке катышууга кызыкдар саясий күчтөрдөн 200дөн ашуун сунуш келип түшкөн.

XS
SM
MD
LG