Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:10

Парламенттик шайлоо кайра октябрда өткөнү калды


Кыргызстанда парламенттик шайлоо акыркы жолу 2007-жылдын 16-декабрында өткөн.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо акыркы жолу 2007-жылдын 16-декабрында өткөн.

Шаршембиде Убактылуу өкмөт 30 чакты партия өкүлдөрү менен алдыдагы парламенттик шайлоого байланышкан маселелерди талкуулады. Анда шайлоону октябрда өткөрүү сунуштары эске алынып, Убактылуу өкмөт бул боюнча чечимин жакын арада билдире турган болду.

Апрель окуясына чейин Кыргызстанда жүздөн ашык партиялар катталган болсо, ыңкылаптан кийин алардын саны алда канча өстү. Муну менен катар мамлекет парламенттик башкарууга бет алды. Өлкөнү башкарууга аралашууна каалаган партиялар болсо учурда ишин жандантып, курултайларын өткөрүп жатышат.

Саясий уюмдардын мындай активдүүлүгү алдыдагы парламенттик шайлоого байланыштуу. Бул арада партиялар арасында парламенттик шайлоонун мөөнөтү боюнча талаш-тартыш чыкты. Анткени Убактылуу өкмөт башында шайлоону октябрь айына белгилеп, бирок кийин Убактылуу өкмөт башчынын орун басары Өмүрбек Текебаев парламенттик шайлоо сентябрга жылдырылганын билдирген.

"Ооган согушунун ардагерлери" партиясынын лидери Акбөкөн Таштанбеков алдыдагы шайлоону тез арада өткөрүү зарылдыгы чоң экенин айтат:

- 7-апрелдеги революциядан кийин партиялардын баардыгы шайлоо болоорун билишкен. Алар ошол күндөн бери даярдык көрүшүүдө. Партиялардын ат салышуусун декабрь айына белгилесек деле даяр эмеспиз деген пикирлер айтылат. Ошондуктан жаңы шайлоо жакын арада болушу керек.

27-июндагы референдумдун жыйынтыкталышы менен жаңы Конституция күчүнө кирди. Бирок жаңы баш мыйзамдагы беренелер Шайлоо кодексиндеги айрым бөлүктөргө дал келбеген мисаалдар бар.

Мындай карама-каршылыкта бир пикирге келүүнү көздөгөн Убактылуу өкмөт отуз чакты партиянын өкүлдөрүн чогултуп жыйын курду.
Анда парламенттик шайлоонунун күнү, партиялардын каржылык фонду, шайлоочуларды кошумча тизмеге киргизүү маселеси көтөрүлдү. Мыйзамдагы дал келбестиктер негизинен депуттаттык орун маселесинде чыгып, Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизүү зарылдыгы талкууланды.

"Ата Журт" партиясынын лидерлеринин бири Садыр Жапаров бул маселелер боюнча мындай пикирде:

- Бул шайлоодо жаңы түзүлгөн партияларга жана ага мүчө жаштарга мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Буга чейин референдумду токтото туралы, түштүктө кырдаал кыйын болуп жатат дегенде мөөнөтү жылдырылган эмес. Эми шайлоону жакындатсаңар эл туура эмес түшүнөт. Тизме боюнча да пикирим бар. Маселен каттоосу башка райондо болуп, өзү көп жылдан бери Бишкекте жашаган мекендештерибиз да көп. Алар жергиликтүү бийликтин тастыктоосу менен кошумча тизмеге кирип, шайлоого катышышына каршы эмеспиз.

Жыйынга катышкан партия өкүлөрүнүн көпчүлүгү парламенттик шайлоо 10-июлда жарыяланып, 10-октябрда өтсө деген пикирди карманышты. Ошондой эле партиялардын каржылык фондун 100 миллион сомдон 50 миллионго чейин кыскартуу, буга чейинки Шайлоо кодексиндеги 90 депутаттык орунду жаңы Конституциядагы 120 орунга тууралоо боюнча негизинен бир пикирге келишти. Бирок каттосу жокторду кошумча тизме аркылуу шайлоо маселеси ар кыл ойлорду жаратып, бул боюнча түшкөн сунуштар эске алынуу менен иштелип чыга турган болду.

Убактылуу өкмөт башчынын орун басары Өмүрбек Текебаев негизинен бул жыйында көтөрүлгөн маселелерде көпчүлүктүн ою эске алынганын белгилейт:

- Парламенттик ат салышуу 10-октябрда өтүшүнө баарыбыз макулдук бердик. Бул жерде шайлоо датасын жарыялоону эртелетсек деген ойлор айтылды. Мындай мүмкүнчүлүктү шайлоо кодексине ылайыктап анын убактысын 90-100 күнгө узартуу боюнча бир пикирге келдик. Көпчүлүк шайлоо фондун азайтууну колдоп 30-50 миллион сомдун тегерегинде болсо деген оюн билдиришти. Ошондой эле биз шайлоого мүмкүн болушунча көп партиялардын катышуусун камсыз кылышыбыз зарыл.

Жыйында кабыл алынган чечимдер Убактылуу өкмөттүн атайын декрети менен бекитилип, жакын арада коомчулукка жарыялана турган болду.

XS
SM
MD
LG