Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:29

Ө. Абдуллаева: Ишти калабадан жапа чеккендерге жардам берүүдөн баштайбыз


Өктөмхан Абдуллаева, вице-премьер-министр, 14-июль.
Өктөмхан Абдуллаева, вице-премьер-министр, 14-июль.

Бүгүн жаңы өкмөттөгү вице-премьер-министрлик кызматка дайындалган Өктөмхан Абдуллаева “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

-Ишиңизди эмнеден баштайсыз?

-Биринчиден түштүктөгү калабадан жапа чеккендерге социалдык жактан кандай жардам берүү керектигинен башташыбыз керек. Бул боюнча азыр анализ, маалыматтар жок болуп атат. Канча үй жапа чегип, канча үй-бүлө жабыркаганын тактап, ошолорго жардам берүүдөн баштайбыз ишти. Мына кыш да келе жатат, жаңы окуу жылына азыртан даярдык көрүш керек.

- Сизге бул кызмат качан сунушталды жана сиз эмне үчүн макул болдуңуз?

- Эми кыйын заман болуп атпайбы азыр. Билген, колумдан келе турган ишти ушундай учурда жасабасам анан качан жасайм? Элимдин патриоту катары ушундай учурда иштеп берейин дедим. Бул кызмат мага бүгүн эртең менен сунушталды.

- Сизди мурдагы бийлик менен дагы иштешип келген деген сындар болуп жатат, ага кандай жооп берет элеңиз?

- Эми кайсы бийлик болсо да мен дайыма өзүмдүн ишимди жасап жүргөм. Социалдык проблемаларды чечүү үчүн мыйзам даярдаганбыз соцзаказ боюнча. Эми ошолордун бардыгын биз алдыга жылдырышыбыз керек. Мен өзүмдүн ишимди дайыма так аткарып келгем.

- Мындан аркы саясий көз карашыңыз кандай болот?

- Бардык нерсенин орду, эсеби болуш керек. Жаш кадрларды чыгарышыбыз керек. Эң негизгиси өлкөдө стабилдүүлүк болуш керек. мындан ары жакшылыктар болушун, түштүктө болгон жамандыктар эч качан кайталанбашын каалайт элем.

- Рахмат, ишиңизге ийгилик.

XS
SM
MD
LG