Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:15

Р. Отунбаеванын АКШдагы сапарынын саясий мааниси


Президент Роза Отунбаева Бириккен Улуттар Уюмунун жыйынында сүйлөп жатат. 23-сентябрь 2010-жыл
Президент Роза Отунбаева Бириккен Улуттар Уюмунун жыйынында сүйлөп жатат. 23-сентябрь 2010-жыл

Кыргызстандын президенти Роза Отунбаеванын АКШдагы сапары ири мамлекеттердин башчылары жана эл аралык коомчулуктун башка өкүлдөрү менен жолугушууларга жыш болду. Талдоочулар Роза Отунбаева үчүн постконфликтик Кыргызстандын маселелерине эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурууга мүмкүнчүлүк болгондугун белгилешти


Президент Р. Отунбаева Дүйнөлүк Банктын президенти Роберт Зелик менен
Кыргызстандын Мамлекет башчысы Роза Отунбаева Бириккен Улуттар Уюмунун саммиттине катышуу учурунда Дүйнөлүк Банктын президенти Роберт Зелик, Германиянын Канцлери Ангела Меркель, Австриянын Президенти Хайнц Фишер жана Словениянын Президенти Данил Түрк менен жолугушту.

Ошондой эле ал БУУнун, Еврокомиссиянын жетекчилиги, бир катар эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Мамлекет башчысы Роза Отунбаеванын АКШнын Президенти Барак Обама менен жолугушуусу да күтүлүүдө.


Саясат таануучу Орозбек Молдалиев аталган жолугушуунун саясий мааниси чоң деп эсептейт:

- Бул биздин азыркы абалыбызга, 7-апрелден кийинки өзгөрүүлөргө АКШнын саясий жетекчилигинин көңүл буруп жаткандыгынын белгиси. Бул жолугушуунун эң чоң саясий мааниси бар. Анткени муну Кыргызстанга карата ачык колдоо катары түшүнсө болот. Биздин саясий туура багыт алгандыгыбыздын белгиси катары бааласа болот. Жолугушалы, ушул маселелерди чогуу талкуулайлы деп Барак Обаманын ниеттенип жаткандыгынын өзү көп нерседен кабар берет.

Муктаждык мукуратат

Президент Роза Отунбаева Бириккен Улуттар Уюмунун саммитинде сүйлөгөн сөзүндө демократия менен коопсуздуктун тутумдаш экендигин айтып, башкаруу органдарын тамырлашкан жемкордуктан арылтууга кадам ташталгандыгына басым жасады. Муну менен Президент айым Кыргызстан БУУнун “Миң жылдыктын чакырыктары” программасы боюнча алган милдеттемелерин аткарууга ынтызар экендигин белгиледи. Ошондой эле ал июндагы кандуу окуялардан кийин өлкөнүн бүлүнгөн экономикасы эл аралык колдоого муктаж экендигин эске салды. Буга чейин эл аралык донор уюмдар жана өнүккөн өлкөлөр Кыргызстанга бир миллиард АКШ долларынан ашуун каражат бөлүүгө ниеттенишип, бирок маселени кароо кийинкиге калтырылган болчу.

Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов каражаттын өз учурунда келишине АКШнын таасири бар деп эсептейт:

- АКШнын өкмөттүнүн тиешелүү каржылык уюмдарга таасир этүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Анткени Дүйнөлүк банк, Эл аралык Валюта кору сыяктуу каржылык уюмдардын негиздөөчүлөрдүн бири АКШ болуп саналат. Ошондуктан алардын айткан сөзү жана пикири толук кабыл алынат. Эгерде Б. Обама менен сүйлөшүүдө бул маселе оң жагына чечилсе, анда убада кылынган каражат толук келет деп ишенсе болот.

Убада кылынган каражат убагында келеби?

Бирок эл аралык донорлор убада кылган каражат айтылган суммада жана өз учурунда Кыргызстанга келишинен күмөн санагандар аз эмес. Алардын айтымында Кыргызстандын өкмөтү келген каражаттын максаттуу пайдаланышына ишеним жана жоопкерчилик болгон шартта гана эл аралык каржылык жардам көрсөтүлүшү ыктымал.

Коомдук ишмер Осмонакун Ибраимов мындан сырткары Кыргызстан эл аралык уюмдардын алдында өзүнө алган милдеттемелерин так аткарышы керек экендигине басым жасады:

-БУУнун, ЕККУнун толук кандуу мүчөсү болгондон кийин ошолордун алдындагы милдеттерибизди аткарып, жүзүбүз жарык болушу керек да. Бирок, тилекке каршы, алардын айткан сунуштарын кабыл ала албай жатабыз. ЕККУнун полиция кеңешчилер тобун киргизүүгө каршы болгондор чыгып жатат. Кыргыз менен өзбекти жараштыруу маселеси дагы ойдогудай жүрбөй, ар кандай ушак-айыңдарды таркатып жатышат. Ушуларды эске алганда убада кылынган каражаттын биздин эсептерге түшүшү бир топ оор маселе.

Тышкы карызды кечип койгула!

Мамлекет башчысы Роза Отунбаева Бириккен Улуттар Уюмунун жыйынындагы баяндамасында Кыргызстандын тышкы карызын кечүү маселесин көтөрдү. Анын бүгүнкү күнгө карата өлчөмү эки миллиард АКШ долларынан ашуун. 2006-жылы Париж клубу аркылуу ХИПК программасынын алкагында тышкы карызды бөлүп-бөлүп кечүү маселеси коюлуп, бирок анын шарттары Кыргызстан үчүн маскарачылыкка барабар деген коомчулук өкүлдөрүнүн каршылыгына кабылган эле. Ошондон бери бул маселе көтөрүлө элек болчу. Жыйналышта Роза Отунбаева тышкы карызы кечирилсе, анын ордуна катары экологиялык коопсуздук чаралары күчөтүлө тургандыгын айткан.

Талдоочу Аскар Бешимов мындан башка да, тышкы карызды кечүү үчүн бир катар шарттар аткарылышы керек экендигин белгиледи:

-Тышкы карызды кечип жатканда анын шарттары аныкталат. Жөн эле кечирип койгула десе, ошондой болуп калат. Айтылган жалпы шарттардан сырткары конкреттүү түрдө мынча акча каражаты кечирилет, анын ордуна Кыргызстан кандай кадамдарды жасайт деген суроолор коюлат. Бул коомду демократиялаштыруу, адам укугун сактоо, жемкордуктун санын кыскартуу жана экологиялык коопсуздукту өлкө өзүнүн эсебинен чыңдоо сыяктуу маселелер болушу мүмкүн. Мындай мүмкүнчүлүк 2006-жылы HIPC программасынын негизинде келип, бирок түшүнбөстүктөн улам курулай патриот болуп жатып ал учурду колдон чыгарган болчубуз.

Роза Отунбаеванын жума күнү АКШнын Президенти Барак Обама менен жолугушуусунда Кыргызстандагы демократиялык кадамдарды колдоо, экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзүү жана коопсуздукту чыңдоо маселелери көтөрүлө тургандыгы айтылууда.

XS
SM
MD
LG