Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:39

Т. Сарпашев: Эл арасында тил маселеси көп көтөрүлүүдө


Тайырбек Сарпашев "Азаттыктын" студиясында, 2010-жылдын 27-апрели.
Тайырбек Сарпашев "Азаттыктын" студиясында, 2010-жылдын 27-апрели.

Конституциялык кеңешменин мүчөсү Тайырбек Сарпашев референдумга коюлчу баш мыйзамдын долбоорун коомчулук кандай кабыл алып жатканы тууралуу "Азаттыктын" таңкы түз обосунда кеп салып берди.

- Азыр сиздер жер-жерлерде Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатпайсыздарбы. Айтсаңыз, элди кандай маселелер кызыктырып, талкуу жаратып атат?

- Биз Таласта болуп келдик үч күн мурда, азыр Жалал-Абадды көздөй бет алып, ошол жакты кыдырып жүрөбүз. Эң башында айта кетээрим, бул Конституция туура эмес болду, кереги жок деген бир дагы ой айтылган жок. Орчундуу маселелердин бирден-бири болгон бул - тил маселеси көп көтөрүлүп атат, айрыкча айыл жерлеринде. Эки тилге силер расмий макам берип койдуңар деген суроолор бар. Экинчиден, силер альтернативдик экинчи долбоорду да койсоңор болмок дегендер да бар. Биздин өлкөгө күчтүү бийлик, күчтүү президент керек болчу дегендер да көп. Андан сырткары көпчүлүк жерлерде мыйзамдарга да киргизиле турган нерселерди Конституциядан көргүсү келишет. Биз түшүндүрүп атабыз, келгенден кийин парламент мыйзам чегинде мыйзамдарды бекитет деп.

- Сиз Конституциялык кеңешменин жыйынынын жүрүшүндө айттыңыз эле, мурун Баш мыйзам менен бир үй-бүлөнүн башкаруусуна шарт түзүлүп калса, эми бир нече үй-бүлөнүн бийлиги орноп калуу коркунучу бар деп. Азыркы Баш мыйзамдын долбоорунда бир нече үй-бүлөнүн башкаруусуна жол бербөө үчүн тыюу ыкмалары жетиштүү эле болдубу?

- Жетиштүү эле. Партиялык диктат болуп калышы мүмкүн деген кооптонуу да айтылып атат. Негизинен бул механизм кандай ишке ашышы мүмкүн. Бул биринчи жолу биздин өлкөдө болуп аткандыктан кандай болоорун турумуш өзү далилдейт. Бирок мен ишенем, парламенттин ичинде өз ара көзөмөлдөө механизми пайда болот. Анткени 3-4, же 5 партия келсе, 1-2 партия коалициялык өкмөттү түзсө, коалициялык өкмөт түзгөнгө кирбей калган партиялардын бардыгы тең оппозициялык болот. Бул парламенттин ичин ич ара көзөмөлдөө механизми болот.

Ал эми экинчиси, бизде президент дагы эл тарабынан шайлангандан кийин, парламенттин мүчөлөрү кандайдын бир топ болуп, же кылмыш жолуна түшүп, коррупция жолуна түшө баштаса, Башкы прокуратура аркылуу иликтөө, ошондой эле аны ордуна коюп коюу механизми дагы каралган. Үчүнчүсү, партиянын өзүнүн арасында дагы коррупцияга берилген, же туура эмес депутаттарды өздөрү иргей турган механизм бар. Ушул үч механизм айкалышса биздин парламент жакшы эле болот деген үмүттөмүн.

- Конституциянын жаңы долбоору боюнча рефрендум өтө электе эле парламенттик шайлоо тууралуу кеңири эле сөз козголуп баштады. Шайлоо мурда белгиленгендей октябрда эмес, август айында да өтүшү мүмкүн деп айтылып атат. Эгерде августка белгиленип калса, бул убакыттын аралыгында саясий партиялар даярданып үлгүрө алабы?

-“Акырын бассаң аксак, катуу бассаң таскак” дегендей болуп атпайбы. Көп жерлерде айтылып атат, октябрга эмне үчүн эмне үчүн коюп алган, абдан эле кеч деген топтор бар. Баардыгы нормалдуу өтүп, андан эрте жүргүзсө болот деген да сөздөр болгон. Мен ойлойм, октябрь айында, белгиленген убагында эле өтөт болуш керек. Анын арасында кээ бир чуу салган кандайдыр бир топтор болушу мүмкүн.
- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG